Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Исаков: Эч бир бийлик сынды токтото албайт


Жарандык активист Гүлжигит Исаков
Жарандык активист Гүлжигит Исаков

Президент өзүнө карата айтылган сындардан коргоого муктаж эмес экенин билдирди. Ошол эле маалда ар бир жаранды жоопкерчиликке чакырды.

Президентке сын айтууда эмнелерге көңүл буруш керек? Бардык айтылган сынга реакция кылууга мүмкүнбү? «Азаттыктын» суроолоруна жарандык активист Гүлжигит Исаков жооп берди.

- Президент өзүн сындагандардан коргоого муктаж эместигин айтты. Ошол эле маалда саясий жоопкерчилик да болушу керектигин белгиледи. Бул сөз эркиндигине жол ача турган жагдайбы же тескерисинче, «сындоого болбойт» деген эскертүүбү?

Гүлжигит Исаков: - Эки жагдайга өзгөчө көңүл буруш керек. Биринчиси - президенттик инстутут жана мамлекет. Президенттик институт менен мамлекетти өзгөчө карап, ар дайым сыйлоо зарыл.

Экинчи жагдай - бул айтылган жактарда кесипкөй эмес, компетенттүү болбогон адамдарды сындаганга акыбыз бар. Бир да жаран жогорку кызматка мыйзамсыз жолдор менен жетип алып, түрдүү статустарга жамынганга укугу жок. Ээлеген ордуна татыктуу эмес, кесипкөй болбой, бирок кызматка тырмышып, былтыйып отура берсе, албетте эл мындай кызматкерлерди сындоого толук укуктуу.

«Биздин мамлекеттик институттардын аброюна шек келтирип жатасыңар» деп айтканга эмнеге болбосун? Азыркыдай шайлоо шарттары менен жогорку бийликке баарын эле алып барып отургузуп койсо болот. Бирок бардык эле адамдардын ошол такты ээлеп, таажыны кийип отурганга кесиптик дарамети жетпейт.

Президент «коргоого муктаж эмесмин» дегенин жалпак тил менен мындайча түшүндүрсөк болот: «каалаган сөзүңөрдү айта бергиле, мен билгенимди кылам, мага карата айтылган сөздөр көбөйүп кетти. Эч кимиңерди тоготпойм, кечирим суратам», - деген таризде түшүнүп жатам.

- Бирок азыркы учурда социалдык медиада президентти, жогорку кызматтагы адамдарды шылдыңдап, мазактаган видеолор чыгып, аларды териштирген учурлар көп болуп жатпайбы. Адамдын ар-намысына шек келтирүү канчалык этикага жатат?

Гүлжигит Исаков: - Ким гана болбосун адамдын жекелигине өтпөстөн, ишмердигин каалагандай сындай бериши керек. «Боюң узун экен, же кыска, ырайың суук, кемпирге окшошсуң» деген сыяктуу адамды келекелеген сөздөргө жол бербей, кайсы бир мамлекеттик кызматкердин кылган ишин гана талдоону туура деп ойлойм. Негизи азыр бизде кишинин өздүк сапаттарына жетпей туруп деле ишмердигине, дараметине байланышкан толтура сындар бар да.

- АКШда президент Дональд Трампты өтө катуу сындашат, карикатураларды тартышат, жада калса сүрөтүн даарат кагазга чыгарган учурлары да болгон. Кыргызстанда тамаша иретинде да видеолор чыгып, бирок анын авторлору УКМКга суракка чакырылган учур болду. Бул көрүнүштү кандай бааласа болот?

Гүлжигит Исаков: - Муну коркконго кош көрүнгөндүк деп бааласак болот. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) карай турган мындан башка стратегиялык абдан көп маселелер бар. Маселен идеологиялык, экономикалык коопсуздук бар.

Тоо-кен тармагын алсак, биздин кен байлыктар жашыруун сыртка чыгарылып кетип жатат. Ошол маселени карашсын.

Бирок азыр Ганс Христиан Андерсендин жомогундагыдай «Падыша жылаңач» десе, УКМК дароо ошону баса калып жатат. Андан көрө ошол жылаңач падышаны кийинтип коюшпайбы? Бир чоң мамлекеттик кызматты «падыша жылаңач» деп бакырган адамдарга жумшагандан көрө, болгон элдин ресурсун болбогон кеп сөздөргө короткуча, тескерисинче, элдин ресурсун коргошсо туура болмок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG