Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

ИИМ: Акматов улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча суракка алынды


Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен тергелип жаткан иште күбө катары суракка алынганын кабарлады.

Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин басма сөз катчысы Ырысгүл Жайлообекова билдирди. Ал ua.kg деген порталга парламенттик шайлоого байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө туура эмес маалымат чыкканын жана ал боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтты:

«Ал факт Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул маалыматты Интернетке Айданбек Акматов салганы белгилүү болду. Аталган факт боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ушул жылдын 11-августунда Акматов ИИМде суракка алынды. Азыр сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат жана юридикалык баа берилет».

Айданбек Акматов 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Ал ИИМде сурак берип чыккандан кийин муну саясий көз карашы менен байланыштырган. Азыркы бийликтин ишмердигин сындап келе жаткан Акматов быйылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бара турганын билдирген.

Кыргызстанда адамдар социалдык тармакка жазган билдирүүлөрү үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакырылган окуялар көп. Жакында эле «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы милицияга сурак берип чыгышкан.

Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу «Doublicat» тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG