Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Талаштуу мыйзамдын тагдыры жана келечеги


“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясынын катышуучулары. 29-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирин билдирип, долбоорду кайра даярдоону өкмөткө тапшырды.

Мамлекет башчысынын каршы чыгуусуна укуктук маселелер жүйө болдубу же коомчулуктун реакциясы таасир бердиби? Аталган мыйзамдын тагдыры кандай болот, толуктоолорду киргизүү керекпи же токтотуу зарылбы? Бул суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга саясат таануучу Алмаз Тажибай, “Саясий репрессияга каршы” комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов жана юрист Замир Жоошев катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирин билдирип, кайра артка жөнөткөнүн вето катары кабыл алсак болобу деген суроолор болууда. Саясий-укуктук жактан алганда каршы чыгуу менен ветонун айырмасы эмнеде, чечмелеп бере аласызбы?

Алмаз Тажибай: Мамлекет башчынын вето коюшунун түрлөрү болот. Абсолюттук вето деген бар. Ветону кандайдыр бир чечимдерге тыюу салуу деп эле түшүнсөк болот. Президент Конституциянын 69-беренеси боюнча вето коюуга укуктуу. Азыркы мыйзамга байланыштуу президент вето койгон жок. Президент бул мыйзамды негизинен колдой турганын ачык эле билдирип жатат. Ошондуктан долбоорду кайра иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө жөнөттү. Биздин мамлекет башчы бул мыйзамга байланыштуу ошол укугун колдонду. Бул долбоор кайра иштелип чыккандан кийин ал боюнча президенттин аппараты менен Жогорку Кеңеш бир чечимге келиши керек деген сөз.

“Азаттык”: Адил мырза, президенттин мыйзамга каршы пикир билдирүүсүнө айрым укуктук маселелер жүйө болдубу же коомчулуктун катуу реакциясы, акция-митингдер, эл аралык уюмдардын тынчсыздануулары таасир бердиби?

Бул мыйзамды азыркы парламент карабайт, анын тагдырын келерки жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш чече турган болуп калды.
Адил Турдукулов.

Адил Турдукулов: Кыргызстандын соңку тарыхында президенттик шайлоо, парламенттик шайлоо же референдум болордун алдында ушундай окуялар болуп келет. Анын негизги максаты – жарандык коомдун аракеттерин тизгиндөө, маалымат каражаттарынын оозун басуу.

Анын алдында жарандык коомдун жигердүү активисттерин, журналисттерди күч органдарына чакырып, коркутуу-үркүтүү, сабап кетүү иштери уланууда. Мунун баарын бир процесс катары карасак болот. Бул мыйзамдын демилгечиси бир депутат же депутаттардын тобу эмес, чыныгы демилге президенттин аппаратынан түшкөн десек туура болот. Алардын максаты ушул мыйзам менен шайлоого байланыштуу бийликке сын айткан адамдарды тизгиндөө болгон.

Аны сезген жарандык коом пандемияга карабай жапырт каршы турду, реакцияларын ар кандай формада билгизишти. Кыргыз коому эң баалуу жетишкендиги – сөз эркиндигин жөн эле берип койбосун көргөздү. Ошондой протесттик кырдаалды көргөн президент мыйзамга каршы пикирин билдирүүдө. Албетте, бул мыйзамды азыркы парламент карабайт, анын тагдырын келерки жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш чече турган болуп калды. Анын кабыл алынышы же алынбашы биз шайлай турган депутаттардын сапаттык курамына байланыштуу.

“Азаттык”: Замир мырза, президент “мамлекетибиздин негизги мыйзамы жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоону милдеттендирет” дейт бул мыйзамга байланышкан билдирүүсүндө. Адамдардын ар-намыс, аброюн башка мыйзамдар менен коргоого болот беле?

Замир Жоошев: Бул мыйзам бийлик тарабынан жарандардын оозун жапканга багытталган. Акыркы учурларда элдин башкаруучуларга нааразылыгы күч. Албетте, кээде адамдардын айткандарынын баары эле расмий бийликтин маалыматтары менен дал келбейт, бирок, айтылгандарда, жазылгандарда чындыктын үлүшү бар. Бийлик өзүнө каршы маанай күчөгөнүн сезип жатат.

Бул мыйзам ушул турушунда кабыл алынып калса, анда Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетет.
Алмаз Тажыбай.

Алмаз Тажыбай: Кыргызстан сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы, жалпы эле демократиянын рейтинги боюнча дүйнөдө жарым авторитардык шартта турат. Жарым авторитардык дегенге бүгүнкүдөй абал тескери таасирин тийгизет. Эгер бул мыйзам ушул турушунда кабыл алынып калса, анда Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетет. Мыйзамдын сабаттуу жазылышы боюнча да көп суроолор жаралууда. Мисалы, “маалыматтын жалган же чын экенин ким аныктайт?” деген маселе бар. Ушундай чийки жактары көп экенин президент да сезди окшойт, ошондон улам кайра иштеп чыгууну туура деп тапты.

Адил Турдукулов: Бийликтегилер бул мыйзамдын кабыл алынышын улуттук коопсуздук менен байланыштырып жатканы туура эмес. Адистер мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктап чыгышты. Анткени аларда бул мыйзам иштеп жатат.

Орусияда оппозициялык маанайдагы бир нече интернет сайттары ошол мыйзамга байланыштуу жабылган. Биз, “фейк” же жалган маалыматтар жок, деп айтпайбыз. Ал көйгөй бар. Аны журналисттер коомчулугу мыйзам жүзүндө чечүүгө кызыкдар. Аларга талкуулап, талдап чечүүгө, сунуш айтууга шарт түзүлүшү керек, коомчулуктун медиа сабаттуулугун көтөрөлү, бийлик тарабынан таңууланбасын, эл өзү чечсин деп жатабыз. Ага убакыт керек.

Мыйзам бийлик тарабынан жарандардын оозун жапканга багытталган.
Замир Жоошев.

Замир Жоошев: Бизде улуттук коопсуздукка зыян келтиргендерге, улуттук араздашууга, адамдар ортосундагы кастыкты козутууга, экстремизмге, терроризмге каршы турууга, жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилигин караган мыйзамдар көп.

Ар бир жарандын адамдык ар-намысына шек келсе сот аркылуу аны далилдөөгө, моралдык чыгымдарды, кенемте төлөтүп алууга толук укугу бар. Башка мыйзамдардын кереги жок.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Талаштуу мыйзамдын тагдыры жана келечеги (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:33 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG