Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

"#Reакция 3.0": Интернетти чектеген мыйзамды четке кагуу талабы жаңырды


Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы "#Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясына чогулушту.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары "Эркиндик" сейил багына топтолушту. Акцияга жүздөгөн киши келди. Уюштуруучулар ага миңден ашык адам катышканын айтышты.

“#Rеакция 3.0” "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылды
“#Rеакция 3.0” "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылды

Алар "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат", "Вето!" деген жазууларды көтөрүп турду. Ошондой эле "Баш кесмек бар, тил кесмей жок", "Эркин сөз - эркин эл", "Гүлшат - фейк депутат, мандат тапшыр!", "Кворум жок - мыйзам жок", "Элге каршы мыйзам жок!", "Сөз эркиндиги - адам эркиндиги" деген ураан чакырышты.

Алар аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш менен барышты.

Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

“#Rеакция 3.0” митингинде президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырган кайрылуу кабыл алынды.

Акцияга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Кыргызстанда Интернет эркин жана чектелбеши керектигин айтып, президентти ага кол койбоого чакырды.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Коомдук пикир элди көзөмөлдөө институтуна айланган, ал эми Интернет коомдун пикирин билдире турган көп кырдуу аянт. Коомчулук маалыматтын 80 пайызын Интернеттен алат. Сөз эркиндигисиз саясий атаандаштык болбойт, атаандаштык болмоюнча коомдун өнүгүшү мүмкүн эмес. Ошондуктан “президент бул мыйзамга кол койбошу керек. Жаңы кабыл алынган мыйзам фейк маалыматтарды тыя албайт", - деди Текебаев.

Акциянын уюштуруучулары, модераторлор пандемияга байланыштуу социалдык аралыкты сактоого үндөштү. Келгендердин баары беткап тагынышкан. Тынч жүрүшкө милиция көз салды.

Жарандык активист Улан Үсөйүн "#Reакция 3.0" акциясына катышуу үчүн атайын айылдан келгенин билдирди. Улан Үсөйүн депутат Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбоору адамдарды Интернеттеги жалган маалыматтардан, ушак-жалаадан сактайт деген жүйөсү орунсуз деп эсептейт:

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

“Ушул тапта Интернеттеги фейктерге эч ким ишенбей калды. Интернет дээрлик ар бир адамдын колунда болуп, фейк аккаунт менен фейк маалыматты эл кадимкидей айырмалап калды. Ошондуктан азыр мындай мыйзамдын кереги жок”.

Улан Үсөйүн бул мыйзам Кыргызстанда сөз эркиндигин ооздуктоодо бийликтин куралына айланышы ыктымалдыгын айтып, мамлекет башчыны бул мыйзамды колдобоого үндөдү.

Акциянын айрым катышуучулары жана уюштуруучулары белгисиз адамдар жүрүшкө барбоону айтып коркутуп, телефон чалганын билдиришти.

Бишкектеги акция. 29-июнь,2020-жыл.
Бишкектеги акция. 29-июнь,2020-жыл.

Буга чейин Бишкек мэриясы акция өтөрү тууралуу маалымат жарыялангандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүчү көчөлөрдүн арасында "Эркиндик" сейил багы дагы бар экенин маалымдаган.

Акцияга чыккандардын плакаттары. 29-июнь, 2020-жыл.
Акцияга чыккандардын плакаттары. 29-июнь, 2020-жыл.

Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 25-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары, жарандык коом, бир катар саясатчылар бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

"Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
"Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG