Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Журналисттин тагдыры жана Бишкектин аброю


Журналист Бобомурод Абдуллаев.
Журналист Бобомурод Абдуллаев.

Кыргызстан Өзбекстандын өтүнүчү менен өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаевди камакка алды.

Кыргыз бийлиги былтыр казакстандык активистти да өз мекенине өткөрүп берген. Авторитардык мамлекеттердин жарандарын бере салуу Кыргызстандын демократиялык аброюна көлөкө түшүрбөйбү? Маселени чечүүдө эл аралык конвенцияларбы же саясий таасир үстөмдүк кылабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна акыйкатчы Токон Мамытов, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана «Журналисттер» коомдук уюмунун жетекчиси Марс Тулегенов катышты.

«Азаттык»: - Токон мырза, кечээ Кыргызстандын соту өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаевди бир айга камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Акыйкатчы институту бул окуяны кандай кабыл алды, ага сиздердин мамилеңиздер кандай болууда?

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Токон Мамытов: - Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү өзбек журналистинин сотуна барып катышууга аракет кылышты. Бирок прокуратура соттук отурумду жабык өткөрүү сунушун келтирип, аны сот канааттандыргандыктан биздин өкүлдөр залдан чыгарылган. Прокуратура мындай сунушун жабык-жашыруун документтер карала тургандыгы менен түшүндүрдү. Биз ага карабай өз милдетибизди аткарууну улантабыз.

Акыйкатчы институту Кыргызстандын жарандарын эле эмес, биздин өлкөнүн аймагындагы чет элдиктердин укуктарын коргоого да милдеттүү.

Өзбек жараны учурда СИЗОго жеткирилди. Эрежеге ылайык, бир жумадай карантин болот. Ал мөөнөт өткөндөн кийин аталган жаран менен жолугуп, кармалган шарты, абалы менен таанышып, ден соолугуна байланыштуу дарылануу мүмкүнчүлүгү өңдүү көп суроолор боюнча өзүнөн маалымат алабыз.


«Азаттык»: - Динара айым, Кыргызстандын коопсуздук кызматы «өзбек журналисти Минск конвенциясынын негизинде кармалды» деп билдирүүдө. Ошол эле учурда «бул окуяда кошуна мамлекеттин саясий басымы, таасири күчтүү болууда» деген пикирлер бар. Сиздин көз караш кандай?

Динара Ошурахунова: - Мен да кошуна мамлекеттин басымы болуп жатат деп ойлойм. Абдулллаев журналист, ал бир нече жолу өзбек бийлигин сынга алып жазып келген. Ал үчүн мекенинде кармалып, кыйноого, куугунтукка алынганы чын. Ошондон улам Кыргызстанга баш калка издеп келсе керек. Анткени биздин кошуналар – Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда «Кыргызстан – күчтүү жарандык коому бар демократиялуу, эркин өлкө, сөз эркиндиги бар мамлекет» деп билишет. Эл аралык коомчулук да «Кыргызстан – Борбор Азиядагы эркин мамлекет» деп эсептешет.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Кошуна мамлекеттерде репрессиялык куугунтуктоолор болсо жарандык активисттер, журналисттер болобу, эркиндигин сактап калуу максатында, кандайдыр бир үмүт менен Кыргызстанга качышат. Бул жерде укугу сакталып калышына ишеним артышат. Тилекке каршы, андай үмүттөрдү өчүрүшүп, кол койгон эл аралык башка конвенциялардын талаптарына карабай Кыргызстандын бийлиги, өкмөтү кошуна мамлекеттер сураган жарандарды өткөрүп беришүүдө.

Мындан эки жыл мурда өткөрүп жиберген казак жараны азыр түрмөдө отурат. Бүгүн ошондой эле окуя өзбек журналисти менен болууда. Ал Кыргызстанга биротоло келген эмес. Эл аралык укуктук норма боюнча журналист биздин өлкөдө бир аз убакыт болуп, анан үчүнчү өлкөгө чыгып кетмек. Эң негизгиси «өзбек журналисти Кыргызстандын Конституциясын, мыйзамдарын бузбаса эмне үчүн камап койду?» деген суроо коюлууда.

Журналист Абдуллаев 8-сентябрга чейин камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00


«Азаттык»: - Марс мырза, 2018-жылы казак жарандык активистинин өткөрүлүп берилиши, бул жолу өзбек журналистинин камакка алынышы, «Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократиянын аралы», сөз эркиндиги бар мамлекет деген аброюна кандай таасири бериши мүмкүн?

Марс Тулегенов: - Ооба, эл аралык уюмдардын баалоосунда, биздин өзүбүздүн иликтөөлөрдө да Кыргызстандагы адам укугунун корголушу, сөз эркиндиги кошуналарга караганда эркин, жогорку деңгээлде деп билишет. Бирок чыныгы турмушта чоң айырма бар экендигин көрүп жатабыз. Айтылып жаткан өзбек журналисти Кыргызстанга төрт айлык окууга келип, пандемияга байланыштуу кайра чыга албай калган.

Марс Тулегенов
Марс Тулегенов

«Журналисттер» коомдук бирикмеси бир нече эл аралык уюмдарга мүчөбүз, кызматташып келебиз, журналисттердин абалына дайыма көз салып турабыз. Биздин уюм журналисттик стандарттар менен адилет, акыйкаттык үчүн иштеген кесиптештерибиздин укук бузууларга кабылгандары боюнча иштеп келебиз.

Эгер өзбекстандык кесиптешибиз башка кылмыштарга аралашпай, башка жаман көрүнүштөргө тиешеси жок болсо, жазган макалалары үчүн, журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтук жеп жатса, анын ишин биз да көзөмөлгө алабыз.

Жалпы жонунан айтсак, эгер Кыргызстан өзбек журналистин өткөрүп бере турган болсо, анда биздин мамлекеттин бул убакка чейинки рейтинги дагы түшүп кетиши мүмкүн.

Токон Мамытов: - Кыргызстан өзү кол койгон эл аралык документтерге таянып, ошонун негизинде иштеп келет. Минск эл аралык конвенциясынын негизинде Кыргызстан башка чет өлкөлөрдө ар кандай кылмыштарга шектелип, кармалып турган 100дөн ашык жарандарын алып келди. «Минск конвенциясынан чыгып кетели» дегендер туура эмес. Өзгөчө миграция күчөп турган шартта бул келишимдин пайдасы тийип жатат.

Сөз болуп жаткан өзбек журналисти тууралуу иш боюнча да бир жактуу пикир айтуу азыр эрте. Бизде жетиштүү маалымат жок. «Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы аракет жасаган» деген маалыматты окудук. Бирок ал кандай кылмыш кылбасын Аыйкатчы институту бул журналисттин укугун коргогонго бардык аракетибизди жумшайбыз...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG