Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Бишкек Ташкенттин өтүнүчүн аткарабы?


Өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаев.
Өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаев.

Укук коргоочулар кыргыз бийлигин Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөгө чакырышты.

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айынан бери Кыргызстанда жүргөн. Ал Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген.

Журналист коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. 9-августта УКМК кызматкерлери Бобомурод Абдуллаевди калаадагы кафелердин биринен кармап кеткен.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалганын ырастады.

«1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында Өзбекстандын жараны кармалды. Ал бир катар кылмыштар боюнча өз өлкөсүндө издөөдө жүргөнү аныкталган. Учурда аны Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселеси каралып жатат».

"Бишкек Абдуллаевди Ташкентке бербеши керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:50 0:00
Түз линк

Журналисттин адвокаттарынын бири Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары аны Жазык кодексинин «Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү» жана «Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү» беренелеринин негизинде айыптап жатканын билдирди.

Бобомурод Абдуллаев атайын кызматтын өкүлдөрүнүн коштоосунда Биринчи май райондук сотунун имаратына кирип бара жатып кыска кайрылуу жасаганга үлгүрдү.

«Мени Өзбекстандын суранычы менен кармашты. Документте “Кора мерган” деген тергеме ат менен макала жаза турганым айтылган. Мени сыртыман эле айыптап жатышат, 23-июлда Ташкентте сот дагы өткөрүшкөн. Менин кармалышым жана маг коюлуп жаткан айыптарды мыйзамсыз деп эсептейм».

Журналист Абдуллаев 8-сентябрга чейин камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Абдуллаев айтып жаткан “Кора мерган” социалдык баракчалар жана 2700 катталуучусу бар "Telegram" канал аркылуу Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевди сындап келет.

Коңшу өлкөнүн күч органдары “Кора мергандын” артында Бобомурод Абдуллаев турат деп эсептет. Бирок анын жакындары Абдуллаев кармалгандан кийин, 10-августта “Кора мерган” аттуу автордун кезектеги макаласы чыкканын айтып жатышат. Жактоочулардын бири Абдуллаевдин камалышы боюнча мындай деди:

«Биз адвокаттар соттун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Анткени Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулду. Ошондуктан, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз».

Бобомурод Абдуллаев буга чейин 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген.

Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган.

2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова өз өлкөсүндө оппозициялык журналист катары саналган Абдуллаевди кыргыз тараптын кармап беришин сынга алды. Ал мындай көрүнүш демократияга доо кетирет деген пикирде.

«Башка өлкөнүн жарандары Кыргызстанга чындык издеп, Орто Азиядагы демократия орногон өлкө катары келип жатышат. Алар өз укугун биздин өлкөдөн коргоп алгысы келет. Биздин бийлик алардын ишенимин тебелеп, куугунтук жасап, басмырлап жаткандардын колуна салып берүүдө. Адам укуктары, эл аралык декларациялар жөнүндө сүйлөгөндү жакшы көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги, УКМК, сот принциптерге каршы иштерди жасап жатат».

2018-жылы казакстандык активист Муратбек Тунгышбаев менен дагы ушундай окуя катталган. Анда УКМК Кыргызстанда бир нече жылдан бери жашап жүргөн Тунгышбаевди кошуна өлкөнүн суранычы менен кармаган. Ошол эле жылы 25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин чыгарып, ал Казакстанга 26-июнда жөнөтүлгөн.

Бобомурод Абдуллаев 8-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Эми журналистти Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселеси карала баштайт.

Ошондой эле Бобомурод Абдуллаев Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Бишкектеги офисине кайрылып, башпаанек сураганы белгилүү болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG