Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Өзбекстан: журналисттин айыбы жеңилдеди


Журналист Бобомурод Абдуллаев.
Журналист Бобомурод Абдуллаев.

Өзбекстанда прокурорлор журналист Бобомурод Абдуллаевди беш жылга түрмөгө кесүүнү, аны менен кошо иши каралып жаткан башка үч айыпталуучуну актоону суранды. Журналист Бобомурод Абдуллаев "Интернетте «Усман Хакназаров» деген тергеме ат менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деп былтыр кармалган.

2-майда Ташкент шаардык сотунда "конституциялык түзүмгө каршы чыккан" деп айыпталып жаткан журналист Бобомурад Абдуллаевдин, блогер Хаётхан Насреддиновдун, жергиликтүү ишкерлер Шавкат Оллоёров менен Равшан Салаевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Прокурор сотто Бобомурод Абдуллаевди беш жылга абакка кесүүнү, ал эми калган айыптоочуларды актоону сурады. Бул тууралуу "Азаттыкка" сотко байкоочу катары катышкан ташкенттик журналист Абдурахман Ташанов билдирди:

- 2-майдагы сотто Шавкат Оллоёровдон башка айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтты. Мамлекеттик айыптоочу блогер Хаётхан Насреддиновду, ишкерлер Шавкат Оллоёровду жана Равшан Салаевди актаган өкүм чыгарууну, ал эми кылмыштуу топтун башчысы катары каралып жаткан Бобомурад Абдуллаевди беш жылга кесүүнү сурады.

Ташановдун айтымында, прокурорлор Кылмыш-жаза кодексинин “бийликти басып алуу жана Конституциялык түзүмдү өзгөртүү максатында кутум уюштуруу” деген беренеси боюнча мурда коюлуп келген айыптоодон баш тарткан. Бул берене менен айыпталгандар өзбек мыйзамдары боюнча 10 жылдан 20 жылга чейинки жазага тартылат.

Абдурахман Ташанов.
Абдурахман Ташанов.

- Эң башкысы - Абдуллаевден ушул айыптоо алынып, ал “уюшкан топтун же анын кызыкчылыгын” көздөгөн дегенге алмаштырылган. Бул айып менен 5 жылдан 10 жылга чейин соттолот.

Ташанов белгилегендей, тергөөдө Бобомурод Абдуллаевдин "Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү максатында түзүлгөн" деген долбоорго киргени аныкталбагандыктан оор айып таккан берене алынган. Абдуллаев соттогу акыркы сөзүндө Өзбекстандын азыркы жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатты абдан колдой турганын айтып, актала турганына ишенимин билдирген. Анын адвокаттары да сотто журналистти актоону өтүнгөн.

Эркин журналист Бобомурод Абдуллаев "Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө багытталган жана бийликти кулатууга чакырган макалаларды жарыялаган" деп, былтыр 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын колуна тийген соттун аны камакка алуу тууралуу ошондогу чечиминде “Абдуллаев "Өзбекстан элдик кыймылынын” мүчөсү катары бул уюмдун жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери Интернетте Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү кулатууга багытталган макалаларды жайылткан" деп жазылган.

“Өзбекстан элдик кыймылынын” жетекчиси, акын, Каримовду сындап жүргөндөрдүн ана башы, чет жерде жашап келе жаткан Мухаммад Салих Бобомурод Абдуллаев 14 жыл бою Каримовдун режими менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын бетин ачкан макалаларды “Усман Хакназаров” деген ысым менен жазып жүргөнүн билдирген:

Мухаммад Салих.
Мухаммад Салих.

- Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров) өз эли үчүн 14 жыл Каримовго, кийин Каримовдон калган саркындыларга каршы күрөштү. Улуттук коопсуздук кызматы Мирзиёев баштаган иштерге, либералдык чечимдерге чоң тоскоолдук жаратууда. Мирзиёевдин бүтүндөй өзгөрүүлөргө умтулууларына Иноятов саботаж кылып жатат. Муну Мирзиёев билиши керек. Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров) ошол саботажга каршы күрөшкөн адам. Мирзиёев аны боштондукка чыгарышы керек.

Мухаммад Салих өз сөзүндө белгилеген Иноятов Мирзиёевдин чечими менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгынан быйыл январда бошотулган.

Журналист Бобомурод Абдуллаевдин жана аны менен кошо айыпталган үч кишинин иши эми 5-майда каралат. Анда Шавкат Оллоёров акыркы сөзүн айтат жана ошондон кийин сот өкүмү чыгышы керек.

Абдуллаевдин адвокаты Сергей Майоров буга чейин журналист Улуттук коопсуздук комитети кармагандан кийин бир нече жолу кыйноого кабылганын билдирген.

Өзбекстандын азыркы президенти, 2016-жылы сентябрда бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин авторитардык көзөмөлдү акырындык менен азайтуудай көрүнгөн саясатынын алкагында саясий айыпкерлер, журналисттер жана укук коргоочулар абактан чыгарылууда.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун басма сөз эркиндигин талдаган жаңы баяндамасында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстандын позициясы жакшырып, төрт баскычка көтөрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG