Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:23

Свердлов: Азырынча Кыргызстанда эле жылыш бар


Стив Свердлов Human Rights Watch эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү.

Борбор Азияда адам укуктары жаатындагы абал жалпысынан оор. Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Стив Свердлов "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда өткөн шайлоого да токтолду.

"Азаттык": Стив мырза, Борбор Азия аймагындагы адам укуктары боюнча кырдаалга такай көз салып келесиз. Бул жаатта Борбор Азияда соңку кездери кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп жатабы? Сиз кандай тенденцияларды байкай алдыңыз?

Стив Свердлов: Билесизби, Борбор Азияда, Кыргызстанды айтпаганда, адам укуктарын бузуп жаткан режимдерге басым жасай ала турган институттардын, механизмдердин жана атайын мекемелердин жоктугу чоң көйгөй болуп келген. Маселен, Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа соту же Европа кеңеши сыяктуу атайын институттар жок. Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн баарында биз абдан начар абалга күбө болуп келдик. Маселен, сөз эркиндиги, пикир жана дин тутуу эркиндиги жок экенине, эркин жыйынга чогулуу укугунда маселелер барына күбө болдук. Кыйноолор уланууда. Бул жааттан алганда Кыргызстанда абал жакшыраак. Көңүл жубатарлык өзгөрүүлөргө учурда Өзбекстанда болуп жаткан реформаларды да кошот элем. Анткен менен жалпысынан Борбор Азияда адам укуктары жаатында абал өтө оор деп айтсак болот.

"Азаттык": Силердин уюм Борбор Азиядагы мурдагы совет мамлекеттеринин баарында эле иш алып барып жатабы же айрымдарында дагы эле тыюу салынганбы?

Шайлоо өнөктүгүнүн маалында административдик ресурстун колдонулушу байкалды. Атамбаевдин командасы менен Бабановдун командасынын ортосунда баланс жок болду.

Стив Свердлов: Түркмөнстан көп жылдардан бери дээрлик бардык эл аралык уюмдарга жана журналисттерге жабык. Бирок биз ал жактагы окуяларды сыртынан, биздин Бишкектеги кеңседен чагылдырганга аракет кылып келебиз. Биздин уюм Борбор Азияда кеңсеси бар бирден бир эл аралык уюм. Биз жеринен туруп, колубуздан келишинче жалпы кырдаалга көз салып турууга аракет кылабыз.

"Азаттык": Жакында эле Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Бул добуш берүүгө байкоо салганыңарды билебиз. Силердин көз карашыңар боюнча шайлоо кандай өттү?

Стив Свердлов: Укук коргоо уюму катары биздин роль - келечекке кароо. Тактап айтканда, биз ЕККУнун байкоочу миссиясы берген жыйынтыктарды кабыл алабыз. Алар шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен, бирок атаандашуу шартында өткөнүн белгилешти. Бул шайлоо өнөктүгүнүн маалында административдик ресурстун колдонулушу байкалды. Биз башка байкоочулар менен бирге түштүктө эмне болуп кетет деп кооптонуп турдук. Бактыга жараша эч кандай башаламандыктар катталган жок. Ошентсе да Атамбаевдин командасы менен Бабановдун командасынын ортосунда баланс жок болду. Мына ошол себептен биз шайлоонун мындан да жакшыраак өтүшүн каалайт элек.

"Азаттык": Түркмөнстанды алсак, өлкөдө экономикалык кризис күчөп, буга чейинки жеңилдиктер алынып, жакырчылык тереңдеп баратат. Ал эми саясий туткундардын дайын-дареги беймаалым. Бул өлкөдө абал өзгөрөт деген үмүт барбы?

2002-жылдары Түркмөнстандын түрмөлөрүндө көптөгөн адамдар дайынсыз жоголгон. Биз алардын тирүү экенин да билбейбиз.

Стив Свердлов: Билесизби, активисттерден турган уникалдуу топ саясий туткундар тууралуу маалымат талап кылып, атайын кампания башташты. Кампания "Алар тирүү экенин далилдегиле" деп аталат. 15 жылдай мурда, болжол менен 2002-жылдары Түркмөнстандын түрмөлөрүндө көптөгөн адамдар дайынсыз жоголгон. Биз алардын кайда экенин, деги эле алардын тирүү экенин да билбейбиз. Биз катышкан бул өнөктүк бир катар жыйынтыкка жетишти. Улуттар уюмунун алдындагы Адам укуктары боюнча комитетте укугу бузулду деп бир адамдын окуясы таанылды.

Ушунча жылдардан бери күрөшүп, толук жабык шартта маалымат алуу аракетин көрүп жаткан активисттердин иши кандайдыр бир үмүт берет. Биз ошондой эле ЕККУнун механизмдерин колдонгонго аракет кылып келебиз. Бул жаатта таасир тийгизе алчу рычагдар бар, болгону аларды активдүү колдонуу зарыл.

"Азаттык": Аймакта соңку кездери Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев новатор жана реформатор лидер катары өзүн көрсөтүп жатат. Бир катар реформаларды өткөрүп, саясий туткундарды бошотуп, интернет аркылуу жайкын тургундардын кайрылууларын кабыл алууда, анткен менен Өзбекстанда дагы эле укук коргоочулар, активисттер жана журналисттер камакта кала берүүдө, жаңы кылмыш иштери козголууда. Президент кайсы бир күнү реформаларды токтотуп коюшу мүмкүнбү? Же коом алардын уланышын талап кылууга даярбы?

Стив Свердлов: Мен коом көп нерсеге даяр деп ойлойм. Азырынча президенттин мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтуу кыйын. Бирок менин оюмча, элитанын айрым бөлүгү жана көчөдөгү жай тургундар деле жаңы фазага, жаңы доорго өтүүнү каалайт.

Каримовдун маалында, дээрлик 27 жыл ичиндеги чектөөлөрдөн элдин жадаганы сезилет. Менин пикиримде, коомдун кеңири бөлүгү өзгөрүүлөрдүн жана абалдын жакшырышын каалайт. Укук коргоочулардын милдети - ал жакта болуп бул реформалардын ишке ашуусуна байкоо жүргүзүү жана алардын өнүгүшүнө таасир этүү.

Жакында эле Human Rights Watch Өзбекстандагы соңку жыл ичиндеги кырдаал тууралуу баяндама чыгарды. Биз бул жараянды "кооптонуу прогресси" деп атайбыз. Анткени биз реформалар жүрүп жаткан тармактарды көрүп жатканыбыз менен, бул реформалар канчалык саясий системанын өзөгүн өзгөртүп жатканын, алар чындап эле негиздүү экенин билбейбиз. Бобомурод Абдуллаевдин иши олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Анткени түрмөнүн бир эшигинен бирөөлөр чыгып, экинчилер кирип жатат. Мен жакында ал жакка барып, бул маселени дагы көтөрөм.

"Азаттык": Human Rights Watch уюмуна көп жылдар бою Өзбекстанда иштөөгө тыюу салынып келген. Жакында эле бул мүмкүнчүлүк кайра жаралды. Сиз биринчилерден болуп коңшу мамлекетке барганыңыз маалым. Кандай таасир алдыңыз?

Өзбекстанга баруу чоң бакыт болду. Баарынан да түрмөдөн жаңы чыккан адамдар менен жолугуп, баарлашуу өзгөчө таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Стив Свердлов: Мен үчүн ал жакка баруу чоң бакыт болду. Баарынан да түрмөдөн жаңы чыккан адамдар менен жолугуп, баарлашуу өзгөчө таасир калтырды десем жаңылышпайм. Мен алар тууралуу көп жылдардан бери угуп жүрүп, жакшы билем.

18 жыл камакта отуруп чыккан журналист Мухаммад Бекжановго жолуктум. Абакта 21 жыл отурган Мурод Жураев менен кездештим. Алар жаңы эле эркиндикке чыкса да өлкөнү жакшыртуу үчүн прагматикалык жана реалдуу сунуштарын берүүгө даярдыгы таң калтырды. Жалпысынан позитивдүү таасирлерди алдым десем болот. Мен өкмөт өкүлдөрү менен жолукканда да Өзбекстанда иштөөгө уруксат алуу үчүн биздин ички эрежелерибизди талап кылышкан жок. Ушул нерсе кубандырды. Ошол эле маалда биз бийлик менен бир топ суроолор боюнча макул эмеспиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG