Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Өзбекстанда оппозициячыл активист эркиндикке чыкты


Мухаммадали Корабаев эркиндикке чыккандан кийин тартылган сүрөт.
Мухаммадали Корабаев эркиндикке чыккандан кийин тартылган сүрөт.

Өзбекстанда тыюу салынган оппозициячыл "Бирлик" партиясынын мүчөсү, 11 жыл камакта отурган Мухаммадали Корабаев эркиндикке чыкты. Алгач опузалап акча өндүргөн деп айыпталган Корабаев беш жарым жылга эркинен ажыратылып, кийин жаза мөөнөтү эки жолу узартылган.

Өзбекстанда тыюу салынган "Бирлик" партиясынын Наманган облустук бөлүмүнүн мурдагы төрагасы Мухаммадали Корабаев 11 жыл темир тор артында отурган соң 19-октябрда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо уюму өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

70 жаштагы Корабаев уюм бийликке жазган кепилдик каттан кийин бошотулган. Ал жаза мөөнөтүнүн акыркы жылдарын №64/47 абагында өткөргөн.

Мухаммадали Корабаев 2006-жылы опузалап акча өндүргөн деп айыпталып, беш жарым жылга эркинен ажыратылган. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына курган маегинде Корабаев анын жаза мөөнөтү эки жолу узартылганын билдирди.

- Кийин мага каршы атайлап жасалма кылмыш иштерди козгошту. Түрмөдө мени 221-берене боюнча Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилигине баш ийбеди деп айыпташкан. Ошентип жаза мөөнөтүмдү дагы узартышты. Бул берене негизинен саясий же диний жүйөлөр менен камалгандарга колдонулат экен. Башында мени 5,5 жылга кесишсе, жалпысынан темир тор артында 11 жыл, эки ай отурдум.

Активисттин пикиринде, анын бошотулушу Өзбекстанда демократиялык жылыштардын башталышын айгинелейт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

2006-жылга чейин эле активист бир нече жолу кыска мөөнөткө камакка алынган.

Мухаммадали Корабаев өлкө башына Шавкат Мирзиёев келген бир жыл ичинде абактан бошотулган он төртүнчү саясий туткун. Буга чейин Мухаммад Бекжон, Азам Фармонов, Солиджон Абдурахманов, Бобомурод Раззаков, Ганихон Маматхонов, Агзам Тургунов жана башка көз карандысыз журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициячыл активисттер эркиндикке чыккан.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сидиктин айтымында, саясий туткундарды бошотуу эл аралык уюмдардын тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө:

- Чындыгында өлкө башына Шавкат Мирзиёев келгени мурдагы режимдин маалында камалган саясий туткундарды бошотуу өнөкөтү байкалууда. Human Rights Watch жана Евробиримдик жарыялаган тизме боюнча Өзбекстанда камакта 33 саясий туткун бар эле. Ушул эле тизме Мирзиёевдин өзүндө да болсо керек. Анткени бийлик алардын баарын акырындан ушул тизмеге ылайык эркиндикке чыгарып жатат. Бирок Мирзиёев кийин өз душмандарын да ушинтип куугунтукташы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Анткени ал бийликке келген бир жыл ичинде эле төрт активист, анын ичинде журналисттер жана оппозициячыл активисттер камакка алынды. Ал эми мурдагы президент, маркум Ислам Каримов бийликке келгенден кийин сегиз жылдан кийин биринчи саясий туткун камалган.

Учурда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Өзбекстандын абактарында дагы 12 укук коргоочу жана көз карандысыз журналист бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG