Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Өзбекстанда укук коргоочу эркиндикке чыкты


Абактан бошонгон Азам Фармонов, 3.10.2017
Абактан бошонгон Азам Фармонов, 3.10.2017

3-октябрда өзбек бийлиги он жылдан ашуун абакта отурган cаясий туткун Азам Фармоновду эркиндикке чыгарды.

Азам Фармоновдун жаза мөөнөтү төрт жылдан кийин соңуна чыкмак.

Фармонов Каракалпакстандагы шартынын катаалдыгы менен таанылган "Жаштык" колониясынан чыкты.

"Абалымды сөз менен айтып, чечмелөөгө мүмкүн эмес. "Жаштык" абагында дүйнөдөгү башка түрмөлөрдө жок режим бар. Темир тор артынан чыгып, эркиндикте жүргөн адамдарды көрүү башкача таасир калтырды" деген укук коргоочу чындап эле азаттыкка чыкканына ишенбей турганын айтты. "Түшүм эмеспи деген дагы ой келип жатат”, - деди Фармонов аны тосуп алган укук коргоочуларга.

Ден соолугу начарлап кеткенин айтып, “11 жыл бою түрмөнүн муздак камерасында отуруу кимдин болбосун саламаттыгын бузат экен”, – дейт.

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги укук коргоочунун эркиндикке чыгарылышын кубаттады. Элчилик 3-октябрда тараткан билдирүүдө “Кошмо Штаттар Мухаммад Бекжанов, Мурат Жураев, Эркин Мусаев, Жамшид Каримов сыяктуу узак мөөнөткө эркинен ажыратылган абайир туткундарына улай Азам Фармоновдун абактан бошотулушун кубаттайт” деп айтылат. “Мындай позитивдүү кадамдар башка дагы саясий туткундардын бошотулушунан жана жарандык коомго ачык мамиле жасалып жатканынан кабар берет” деп айтылат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары 2006-жылы Фармонов күмөн туудурган айып менен узак мөөнөткө кесилгенин айтып келишкен. Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комиссиясы 2013-жылы өзбек бийликтерин укук коргоочуну абактан бошотууга чакырган.

Фармонов Ташкентке Улуттар Уюмунун дин эркиндиги жана ынанымы боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид келип кеткендин эртеси күнү эркиндикке чыкты.

Өткөн жылы Берлинде жайгашкан “Өзбек-немис форуму” деп аталган укук коргоочу уюм Фармонов тууралуу тасма тарткан. Анда аялы Озода Якубова кандай кыйынчылыктар менен абактагы күйөөсүнө барып жолугарын, анын темир тор артында көргөн азап-тозогун айтып, каттарын окуп ыйлаган.

39 жаштагы Азам Фармонов акча талап кылган деп айыпталган. 2006-жылы сот тогуз жарым жылга кескен. Өткөн жылы жаза мөөнөтү аяктап калганда дагы беш жыл абакта калтыруу чечими чыккан.

2000-2006-жылдары Фармонов Өзбекстандын адам укуктары коомунун Сырдарыя облустук бөлүмүн жетектеген. Үч баланын атасы.

Өзбекстандын эгемендик тарыхында ондогон белгилүү саясатчылар, акын-жазуучу, укук коргоочу жана башка интеллигенция өкүлдөрү өлкөдөн чыгып кетишкен. Ал эми чыга албай калгандары узак жылдар абакка салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG