Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

АКШ: Дүйнөдө укук бузуулар эсепсиз көбөйдү


Адам укуктарына арналган жылдык баяндаманы 13-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жасады.
Адам укуктарына арналган жылдык баяндаманы 13-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жасады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жасады. Анда мурдагы СССР өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан катуу сынга алынган.

Укук коргоочулар АКШ аталган өлкөлөр менен баяндаманын негизинде кызматташуусу керектигин белгилешүүдө.

Адам укуктарына арналган жылдык баяндаманы 13-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жасады. Анда өткөн жылы өкмөттөр да, экстремисттик топтор тарабынан да адамзаттын фундаменталдык укуктарын бузган көптөгөн жоруктар болгону белгиленет.

Өкмөттөр көз карандысыз маалымат каражаттарын, интернет эркиндигин чектөөгө аракет кылып, оппозициянын үнүн басууга, алтургай үй-жайынан кууп, өлтүрүүгө чейин барганы айтылат.

Элге бүлүк салган экстремисттик уюмдар

Экстремисттик "Боко Харам" жана “Ислам мамлекети” тобу өткөн жылы адамзатка каршы кылмыш, геноцид жасаганы баяндалат. Чөлкөмдө туруктуу жана бекем мамлекеттик институттардын жоктугу ушуга алып келгенин айткан АКШ мамкатчысы Жон Керри буга токтолду:

- Адам укуктары боюнча баяндамада ар бир континент боюнча камтамачылыгыбыз бар. Айрыкча 2015-жылы Жакынкы Чыгыштагы терроризм менен Сириядагы жаңжалдын айкалышы - кеңири кулач жайган зордук-зомбулукту жаратты.

Баяндамада мурдагы союздук өлкөлөрдүн өкмөтү сөз эркиндигин чектеп, саясий куугунтукка, саясатчыларды өлтүрүүгө, сексуалдык жана диний азчылыктарды кодулоого жол бергени айтылат. Репрессивдик мыйзамдар кабыл алынып, ал аркылуу бийликти сындаган бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз маалымат каражаттары, блогерлер жана оппозиция өкүлдөрүн айыпка жыккандан камаганга чейин барган мисалдар келтирилет.

Орусияда азыркы Украина өкмөтүн колдогон, же орус бийлигинин ал өлкөдөгү ишмердигин сындагандар өзгөчө куугунтукка алынган. Крымды көзөмөлдөгөн орус бийлиги андагы украиндер менен крым татарларын такай кодулаганы белгиленет.

Борбор Азияга берилген баа

Баяндамада Керри Борбор Азияга да терең көңүл бөлдү.

- Өткөн жылы биздин дипломатиянын көңүл чордонунда турган, адам укуктары жана демократия принциптерине умтулган бир катар өлкөлөргө барып келдим. Ал өлкөлөрдүн катарында жарандык коом активдүүлүгүн көрсөткөн Борбор Азия мамлекеттери бар.

Жон Керри, Бишкек
Жон Керри, Бишкек

Борбор Азиядан Кыргызстандын укук коргоо органдарын кыйноо, негизсиз каралоо жана опузалоо боюнча айыптады. 2015-жылы Кыргызстандын бийликтери соттук жараяндын эрежелерин такай бузганы белгиленет. Ошондой эле документте Кыргызстанда жыныстык жана этностук азчылыктар милициянын кодулоосуна алынганы жазылган. Ооруканалардынабалынын начардыгы, активисттер менен журналисттерге басым күчөп баратканы да айтылат.

Ал эми Тажикстан 2015-жылы саясий оппозицияны жоюу аракетин көргөнү баса белгиленет.

Ошондой эле Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан өткөн жылы жарандык коомдун ишмердигин чектеген бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамдарды кабыл алышканы айтылат. Түркмөнстанда мындай мыйзам буга чейин эле бар болчу.

Азербайжандагы саясий туткундар

Азербайжан бийлиги акыркы жылдары эркин журналисттер жана оппоненттери менен күрөшүү ыкмасы үчүн эл аралык укук коргоочу уюмдар менен батыш саясатчыларынын кескин сынына кабылган. Азербайжан мартта саясий туткун делген 16 оппозиционер, журналисттер жана укук коргоочуларды бошотконун эске алган Керри:

- Азербайжан соңку айларда бир катар саясий туткундарын бошотконун кубаттаганбыз. Эми мындай иштер дагы көбүрөөк аткарыларына үмүттөнөбүз. Сөз эркиндиктери менен саясий эркиндиктердин кенен жайылышы биздин мамилелерди чыңдайт.

Азербайжанда саясий туткундар тизмесиндеги дагы 12 укук коргоочу жана журналисттер абакта кала берүүдө. Арасында “Азаттыктын” азербайжан кызматынын журналисти, бийликтеги жемкорлук тууралуу такай жазып келген Хадижа Исмаилова да бар.

Ошондой эле Беларус президенти Лукашенконун авторитардык режими, Украинадагы жогорку аткаминерлердин мыйзамсыз жоруктарынын жазасыз калышы да баяндамада камтылат.

Бирок бул жыйынтыктарды көп учурда АКШ өкмөттү өзү да эске албай келерин Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму эскертти. Уюм баяндамада айтылгандар АКШ саясаты үчүн багыт болушу керектигин айтат.

XS
SM
MD
LG