Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Азербайжан: активисттер абактан бошотулду


NIDA кыймылынын мүчөлөcү Омар Мамедов,
NIDA кыймылынын мүчөлөcү Омар Мамедов,

Азербайжанда соттолгон бир катар жарандык активисттер бошотулду. Президент Илхам Алиевдин АКШга сапары алдында кабыл алынган чечимдердин себеби эмнеде деген суроолор жаралууда?

Азербайжан президенти 17-мартта мунапыс жөнүндө чечимин чыгарды. Ага ылайык 148 киши абактан чыгарылды. Алардын катарында укук коргоочу Расул Жафаров, NIDA кыймылынын мүчөлөрү Рашад Гасанов, Рашадат Ахундов, Мамед Азизов, Омар Мамедов, Шайлоолорго байкоо жүргүзүү жана демократияга үйрөтүү борборунун башчысы Анар Мамедли, "Мусават" партиясынын активисттери Парвиз Гашимов жана Хилал Мамедов боштондук алды.

Азербайжан маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, мына ушундай боштондукка чыгаруулардан кийин Азербайжандын Башкы прокуратурасы укук коргоочу, юрист Интигам Алиевге коюлган айыптар өтө эле катаал деп, Жогорку Сотко кайрылган. Анын негизинде Жогорку Сот Интигам Алиевди шарттуу түрдө абактан бошотуу чечимин кабыл алып, ал 28-мартта чыгарылды.

Интигам Алиев
Интигам Алиев

Укук коргоочу Интигам Алиев өткөн жылы апрель айында 7,5 жылга кесилген. Алиев Европадагы адам укуктары боюнча сотко 200дөй арыз жолдоп, анда Азербайжан бийлиги Европа биримдигинин алдында алган милдеттенмелерин жана адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларды аткарбай жатканын билдирген. Интигам Алиевдин мына ушундай арыздарынын негизинде Европа Биримдиги Азербайжан өкмөтү менен 2014-жылга биргелешип иштөө боюнча планды бекитпей койгон. Азербайжан бийлиги ошондуктан аны камакка алып жазалоону чечкенин Интигам Алиев белгилеп келет.

АКШнын мамлекеттик департаменти жана ЕККУ Интигам Алиевдин боштондукка чыгарылышын кубаттоого алды.

Журналист Хадижа Исмаилова.
Журналист Хадижа Исмаилова.

Бирок Азербайжан абактарында дагы эле саясий туткундар кала бергени айтылууда. Алардын бири “Азаттыктын” Азербайжан кызматынын кабарчысы Хадиджа Исмаилова. Ал Азербайжандын жогорку бийлиги аралашкан коррупцияны иликтегени үчүн камалганы маалым. Исмаилова 2014-жылы журналист Турал Мустафаевдин арызынын негизинде камакка алынган. Бирок ал арызын кайра чакыртып алган. Бирок кылмыш иши кыскартылбай, 2015-жылы Исмаиловага мыйзамсыз ишкерлик кылуу, салык төлөөдөн качуу сыяктуу айыптар коюлган жана сот 7,5 жылга кескен.

Хадиджа Исмаилова камалганга чейин 2014-жылы оффшордук компаниялар аркылуу Илхам Алиевдин кызы өлкөдөгү эң башкы Azercell телефон компаниясын көзөмөлдөөрүн, Бакуда кеминде эң мыкты алты мейманканасы жана башка жерлерде ченемсиз мүлктөрү бар экенин жазган.

Илхам Алиев
Илхам Алиев

“Азаттыктын” кабарчысы Илхам Насибли Интигам Алиевге соттун чечимдери жумшаргандан кийин Хадиджа Исмаилованын да боштондукка чыгарына үмүт пайда болду дейт. Азербайжан бийлигинин саясий туткундарды бошото баштоо чечимин Илхам Насибли өлкөдө түзүлүп жаткан экономикалык абал менен байланыштырат:

- Мунайга баанын арзандашы менен Азербайжанга мунай сатуудан түшүп жаткан киреше азайды. Экономикалык кырдаал оор болуп калды. Ошондуктан Азербайжан батышты угууга аргасыз. Анткени финансылык жардам батыштан гана келет. Ошондуктан Азербайжанда боштондукка чыгарууларды көпчүлүк экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырууда.

Британиялык “Экономист” журналынын жазышынча, президент Илхам Алиев 31-мартта Кошмо Штаттарга “Ядролук коопсуздук” боюнча сапарга барат. Мына ошонун алдында Азербайжанда саясий жана абийир туткундары бошотула баштаганын белгилейт.

Азербайжандык укук коргоочулар камактагы айрым саясий туткундар бошотулган менен, абактарда дагы эле жарандык активисттер калып жатканын белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG