Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

АI: Cавченконун иши кайра каралышы керек


Надежда Савченко.
Надежда Савченко.

Адам укуктары боюнча эл аралык Amnesty International уюму украиналык учкуч Надежда Савченконун иши кайрадан, адилеттүү таризде иликтениши керектигин билдирди. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Жон Дальхузен Савченконун ишин “саясатташкан сот” деп сыпаттап:

- Мындай обу жок, саясатташкан сот ишинен кийин Надежда Савченкону абакка кесүүгө жөн эле карап турган болбойт, - деди Дальхузен.

21-март күнү Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченконун үстүнөн өкүмдү окуй баштады. Жараян бүгүн да уланат. Прокурорлор аны 23 жылга кесүүнү сураган. Савченко күнөөсүн моюнуна албай келет. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери анын саясий туткун экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG