Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:20

Өзбекстан: тыңчылыкка айыпталган Мусаев бошоду


Өзбекстанда тыңчылык кылган деген айып менен он жылдан ашык убактан бери түрмөдө отурган Коргоо министрлигинин мурунку кызматкери Эркин Мусаев боштондукка чыкты.

Аталган министрликте Тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы башкармалыктын мурунку жетекчиси, подполковник Мусаев 2006-жылы камакка алынган эле. Бир катар укук коргоочулар мурунку аскер кызматкери түрмөдө тынымсыз кыйноого кабылганын, жөн жерден соттолуп кеткенин айтып чыгышкан.

Өзбекстанда 2005-2010-жылдар аралыгында тыңчылык кылган деген айып менен Коргоо министрлигиндеги бир катар жооптуу кызматкерлер, генералдар камакка алынган болчу.

Эркин Мусаевдин түрмөдөн чыкканын Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" укук коргоо уюмунун жетекчиси Надежда Атаева "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Анын ырасташынча, Мусаев абактан 11-августта күтүүсүз чыкты:

- Биз Эркин Мусаевдин эркиндикке чыкканын анын туугандарынан уктук. Алар түрмөдө тынымсыз зордук-зомбулук көргөн Мусаев 11-августта Бекабаддагы түрмөдөн чыкканын айтып беришти. Биз ушундай жагымдуу жаңылыктар көп эле болуп турса экен деп тилеп жатабыз. Анткени өзбек түрмөлөрүндө жөн жерден соттолуп кеткен, күнөөсүз адамдар көп.

Эркин Мусаев 2006-жылы Өзбекстандын атынан Бириккен улуттар уюмунда иштеп жүргөндө камакка алынган. Ага тыңчылык кылган деген айып менен кошо бул уюмдун каражатын максатыз пайдаланган деген да күнөө коюлган.

Мусаев күнөөсүз камакка алынганын айтып келген. Анын туугандары журналисттерге жана укук коргоочуларга Мусаевди бир канча ай бою тынымсыз ур-токмокко алып кыйнашканын, эгер күнөөнү мойнуна албаса, үй-бүлөсүнө тынчтык берилбейт деп коркутушканын, мындан улам тагылган айыпты мойнуна алууга аргасыз болгонун айтып беришкен.

Мусаев камакка алынганда айрым маалымат каражаттары ал Өзбекстан менен Орусиядагы аскердик сырды АКШнын Коргоо министрлигине саткан деп жазып чыгышкан. Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Мусаев жашыруун маалыматтарды чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарына акчага сатып жүргөн деп билдирген.

БУУ өз убагында Эркин Мусаевдин соту акыйткатсыз өткөн деп билдирүү тараткан.

"Азаттыктын" өзбек кызматы ушул жылдын апрель айында мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталган дагы бир офицер Александр Мокеев эркиндикке чыкканын жазган.

Өзбекстанда 2005-2010-жылдар аралыгында Коргоо министрлигинин аттуу-баштуу бир катар кызматкерлери, генералдар камакка алынган. Алардын баарына мамлекетке чыккынчылык, тыңчылык кылган деген айып тагылган. Ошол учурда мурунку коргоо министри Кадыр Гулямовго кылмыш иши козголгону, сот жабык өтүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Өзбек бийлиги муну төгүнгө чыгарып же бышыктаган да эмес.

Өзбекстанда Ислам Каримовдун тушунда камакка алынган аттуу-баштуу адамдарды эркиндикке чыгышы, акталышы уланууда. Мунун алдында мурунку президент Ислам Каримовдун мамлекеттик кеңешчиси Мавлон Умурзаков толук акталганы маалым болду. Өлкөнүн Жогорку Соту 8-августта 67 жаштагы Умурзаковду толук актады жана материалдык, моралдык чыгымы төлөнүп берилсин деген өкүм чыгарды.

Умурзаков 1994-жылдын аягында камакка алынган. Ага ири өлчөмдө пара алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген өңдүү бир катар айып тагылган. Сот аны алты жылга абакка кескен, Умурзаков түрмөдө жалпысынан 2,5 жыл отуруп чыккан.

Умурзаков "Азаттыктын" өзбек кызматына комментарий берип толук акталышын 21 жыл күткөнүн айтып берди. Анын пикиринде, президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери өлкө түп-тамырынан бери өзгөрүп жатат:

- Менин түрмөдөн чыкканыма 9-августта туура 21 жыл толду. Менин азыр күчүм ашып-ташып турат, эгер өлкө жетекчилиги мага ишеним артса, өкмөттөн кызмат сунуш кыла турган болсо, иштегенге даярмын. Ар бир иште система керек. Жаңы өкмөттүн азыркы кадамдары ошол системанын пайдубалы болуп саналат.

"Дүйнө өзбектери" сайтынын негиздөөчүсү Исмат Хушев Умурзаков менен чогуу камакка алынган. Кийинчерээк ал кыйноонун жана басымдын негизинде мурунку мамлекеттик кеңешчиге каршы көрсөтмө берүүгө аргасыз болгонун билдирген. Мавлон Умурзаков камакка алынгандан кийин анын жубайы, өлкөгө аты чыккан акын Халима Худойбердиева дагы бийликтин каарына калганы белгилүү. Ошондон бери анын бир дагы китеби басылып чыккан эмес жана экөөнө тең мамлекеттик органда иштегенге тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG