Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүн сындаган активисттерди жоопкерчиликке чакырды


Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 1-август.
Сооронбай Жээнбеков. 2020-жыл, 1-август.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта «Биринчи радиодогу» кезектеги маегинде Кыргызстанда мамлекет башчыга сын айткандан кийин суракка чакырылган блогерлер жана жарандык активисттер тууралуу позициясын айтты.

Бул жөнүндө кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө «күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги болушу керек экенин, бул мамлекеттин өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна пайдубал» болуп бере турганын белгиледи.

«Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарышыбыз керек. Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция да өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да. Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш», - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков «милиция сындаган активисттерди суракка чакырып жатса бул да алардын иши экенин, бирок өзү президент катары мындай коргоого муктаж эмес» экенин айтты.

Мунун алдында журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка алынган. Акматов 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Мурдараак «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы милицияга сурак берип чыгышкан.

Бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу «Doublicat» тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн.

Июлда болсо Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга сурак берип чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG