Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Адвокат: Мурдагы элчи Кылычбек Султан бийликти күч менен басып алуу тууралуу иш боюнча суралууда


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан бийликти күч менен басып алуу тууралуу козголгон иш боюнча суралууда. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Султан бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) алгач 24-июлда чакырылган. Адвокатсыз сурак берүүдөн баш тарткандыктан, тергөөчү менен жолугушуу 27-июлга которулган.

Токтакунова билдиргендей, 27-июлда алар атайын кызматтын имаратында үч сааттай болушту. Султан Жазык кодексинин 309-беренесинин («Бийликти күч менен басып алуу») негизинде сотко чейинки териштирүүнүн алкагында күбө катары сурак берди. Бул иш 17-июлда факт боюнча козголгону белгилүү болду.

Адвокат Токтакунова Кылычбек Султанды суракка алуу негизсиз деп эсептейт.

«Кылычбек Султандын ар бир сөзүндө «мыйзамдын негизинде импичмент жарыялоо керек» деп айтылган. Көчөгө чыгып, «биз бийликти алабыз» деген чакырык болгон эмес», - деди ал.

Токтакунова 23-июлда Султан 2018-жылы анын элчилик кызматына байланыштуу катталган кылмыш иши боюнча да күбө катары сурак берип чыкканын билдирди.

«Азаттыктын» бул маалыматка байланыштуу УКМКдан комментарий алуу аракетинен майнап чыга элек.

Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта нааразылык акциясы болору тууралуу жазган. Ошондой эле пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтери, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин Интернетте жазып келген.

2018-жылдын декабрында ал Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экендиги тууралуу пикирин коомчулукка жарыялаган. Терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогону үчүн президентке ачык кайрылганын билдирген. Ушундай жагдайдан кийин Кылычбек Султан да, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да кызматтан кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG