Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Аскаровдун байбичеси Жогорку сотко кайрылат


Хадича Аскарова жолдошу Азимжан Аскаровдун сүрөтү менен. Август, 2020-жыл.
Хадича Аскарова жолдошу Азимжан Аскаровдун сүрөтү менен. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанда абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы үйүн өз наамына өткөрө албай жатат.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Базар-Коргон районунун борборундагы үйүндө ал камакка алынган 2010-жылдан бери байбичеси Хадича Аскарова жалгыз жашап келет.

Аскаров абакка кесилгенден кийин соттун чечими менен үй да камакка алынган. Хадича Аскарованын доо арызынын негизинде турак жайдын камактан чыгарылганына жарым жыл болгону менен кызыл китеп 9-сентябрда гана кайтарылып берилди.

Азимжан Аскаровдун укугун сотто коргоп жүргөн адвокат Валерьян Вахитов кызыл китептин өз убагында берилбегенин "мыйзам бузуу" деп сыпаттады. Анын айтымында, мыйзам боюнча үй камактан чыгарылгандан кийин маселе он күн ичинде чечилиши керек эле.

Адвокат Валерьян Вахитов
Адвокат Валерьян Вахитов

«Камактан чыгарылганына 4-5 айдын жүзү болду. Аскаровдун байбичесине жабырлануучу тарапка 175 миң сом моралдык зыян төлөө тууралуу милдеттеме коюлуп, аны төлөп берди. Көзү тирүү кезинде Азимжан Аскаров үйдү уулунун наамына каттатып коюуну айткан экен. Хадича Аскарова Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнө жумалап-айлап, тынбай каттады. Эртең-бүрсүгүнү деп атып абдан чуркатышты. Бюрократия болду. Андан кийин Аскаровдун көзү өтүп кетти. "Жок бербейбиз" деп да айтышпайт. Антип айтышса да түңүлүп, сотко кайрылат элек».

2010-жылы Азимжан Аскаров камалып, соттолгондо анын үйү камакка коюлуп, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен камактан чыгарылган. 2019-жылы үй кайрадан камакка коюлган.

Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова экинчи жолу үйдүн камакка коюлганы тууралуу өз убагында кабардар болбогонун билдирди.

Хадича Аскарова.
Хадича Аскарова.

«2019-жылдын февралында документти алайын деп жүрүп капысынан ооруп калып , Ташкентке кетсем, үйдү кайра камакка коюп коюшуптур. Азыр ошол үйдө жашап атам. Мени эч ким "чык" дей элек. Бирок үйдү өзүмдүн атыма каттап беришкен жок. Кызыл китепти убарагерчилик тартып жүрүп алаң алдым».

«Азаттык» Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Султаналиевге байланышканда кызыл китеп үйдүн камактан чыгарылганы тууралуу документтин жоктугуна байланыштуу берилбей келген деп түшүндүрдү.

« Байбичеси келип эле бизден документти талап кылып жатат. Же өзү камактан чыгарылган деген документ алып келбеди. Соттун чечими менен камакта болгондуктан үйдүн документин бере албай жүргөнбүз. Сот аткаруучулар эми токтом чыгарып беришти».

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча турак жай ээсинин көзү өткөндөн алты айдан кийин жакындарына катталууга тийиш.

2010-жылдагы июнь окуяларында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду.

Анын байбичеси Хадича Аскарова учурда Бишкек шаардык сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимине каршы Жогорку сотко кайрылууга камданып жатат.

«Азимжан күнөө кылбай эле күнөөкөр болуп калды. Анын күнөөсүз, ак экенин далилдөө үчүн колубуз жеткен жерге чейин барып, болгон аракетибизди көрөбүз. Ысымын акташ үчүн күрөшөбүз. Күнөө кылгандар четте калып, Азимжан ак жеринен күйүп кетти».

Бишкек шаардык соту быйыл 20-августта Аскаровдун тирүү кезинде өкмөткө каршы жазган апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ага дейре, 12-июнда Бишкектин административдик соту «иштин алкагындагы талашта өкмөт жооптуу эмес» деген жүйө менен Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан.

Азимжан Аскаровдун өлүмү эл аралык коомчулуктун, укук коргоо уюмдарынын кыргыз бийлигин олуттуу сынга алышына жем таштады.

Бирок бийлик укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталды деп эсептейт. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта КТРКнын "Биринчи радиосуна” берген маегинде билдирип, ошол эле убакта сот чечимдерине комментарий берүү туура эмес экенин айткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма да сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Менин сот чечимдерине комментарий бергеним туура эмес болуп калат», - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилген. Кыргызстандын укук коргоо органдары башынан бери эле Аскаровдун күнөөсү далилденгенин кайталап келген.

Укук коргоочу көзү тирүү кезинде бир нече жолу кайрылуу таратып, милиция бул ишти кесиптик ишмердиги үчүн өч алуу максатында атайын уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG