Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Президент: Аскаров боюнча соттун чечимдерине комментарий бергеним туура эмес


Азимжан Аскаров сот залында.
Азимжан Аскаров сот залында.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта "Биринчи радиодого” курган маегинде абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталды деп эсептейт.

“Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма да сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Менин сот чечимдерине комментарий бергеним туура эмес болуп калат”, - деди президент.

Мамлекет башчы пандемияда көптөгөн жарандар каза болгонун белгилеп, “ким болбосун, дагы бир жолу, баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилди. 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Укук коргоочу көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайын уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG