Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Улуттук коопсуздук тармагын реформалоо зарыл


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын коопсуздук тармагын реформалоонун сабактары жана COVID-19 пандемиясынын контекстиндеги чакырыктар.

Учурда Кыргызстанда саясий партиялардын шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Адаттагыдай эле көп сөз жана убадалар айтылууда. Бирок азыркы жана болочок саясатчылар жакынкы жылдары пайда болчу чакырыктар канчалык олуттуу экенин толук түшүнүп турабы деген суроо туулат. Анткени COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын системалуу маселелеринин баарын бир топ тереңдетти.

Шайлоо алдында коопсуздук тармагындагы реформалардын тагдыры тууралуу маселе курчуду. Мындай абал 4-октябрда, кийинки беш жылда турмушубузга таасир эткен мыйзамдарды кабыл алган мыйзам чыгаруучуларга добуш бергенибизге гана байланыштуу эмес.

Коопсуздук тармагын реформалоо маселеси COVID-19 пандемиясынан кийинки дүйнөдөгү глобалдык контекстте өзгөчө жана өтө курчуду. Пандемия убагында дүйнөдөгү укук коргоо уюмдары парламенттик жана жарандык көзөмөлү начар көп өлкөлөрдө коопсуздук тармагынын субъектилери өз ыйгарым укуктарын кеңейтип жатканына тынчсызданарын билдиришти. Алардын пикиринде, бул авторитардык тенденцияларды күчөтүүгө, бийликтин кыянаттыгына, фундаменталдуу адам укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн.

Пандемия коопсуздук тармагынын талуу жерлерин эмитен эле көрсөтүп, аны башкаруу, парламенттик жана жарандык көзөмөл, адам укуктарын сактоо жана сот калыстыгын камсыз кылуу маселелерин кайрадан жакшылап карап чыгуунун зарылдыгын күн тартибине койду. Пандемия Кыргызстандын азыркы бийлигинин өзгөчө акыбалдардагы легитимдүүк жагдайларын, коопсуздук менен калыс сотту камсыз кылуу субъектилерине жана жалпы эле бийлик институттарына карата жарандардын ишеними жетишсиз экенин ашкереледи.

Жакында изилдөөчүлөр тобу бүтүргөн иштин натыйжасында Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы (1991-2019) коопсуздук тармагындагы реформалардын контекстуалдык анализи жана сектордогу реформалар менен негизги окуяларынын хронологиясы пайда болду.[1]

Бул изилдөө Кыргызстан эгемендик алган 30 жылдан бери коопсуздук тармагында чыныгы реформалар ишке ашпаганын көрсөтүп турат. Чектелген чаралар менен демилгелер жалпы абалды өзгөртө алган эмес. Анткени коопсуздук тармагында комплекстүүлүккө жетүү, интеграциялануу, натыйжалуулук жана коопсуздук менен калыс сотту камсыз кылган субъектилердин отчёттуулугу сыяктуу негизги максаттар ишке ашкан эмес.

Коопсуздук тармагын реформалоо – бул демократиялык жарандык көзөмөл, укуктун үстөмдүгү жана адам укуктарын сактоонун алкагында коопсуздукту камсыз кылуу, башкаруу жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугу менен отчёттуулугун арттыруу.

Изилдөөдө постсоветтик доордогу коопсуздук тармагында көрүлгөн чараларга сереп салынат. Коопсуздук тармагынын институтташуусу изилдөөчүлөр тарабынан шарттуу иретте төрт этапка бөлүнүп, жалпы тенденциялар менен айрым институттардын деңгелинде киргизилген жаңылыктар талданган. Мезгилдештирүүнүн негизинде, макро деңгээлдеги жана коопсуздук тармагынын айрым институттарынын деңгээлиндеги алгылыктуу өзгөрүүлөргө түрткү болгон, чечүүчү тарыхый жана саясий окуяларды аныктоо ыкмасы жатат.

Биринчи мезгил (1991-1998-жж.) эгемен Кыргызстандын негизделүү жана өнүгүү шарттарындагы коопсуздук тармагынын улуттук системасынын түптөлүшү менен мүнөздөлөт. Бул демократиялык өнүгүү жолун жар салуунун жана тоталитаризм менен коммунисттик идеологиядан баш тартуунун убагы, конституциялык курулуштун тарыхый маанилүүлүгү жагынан эбегейсиз заман болгон. Эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясын кабыл алуу – бийликти бөлүү, аларды тизгиндөө жана өз ара тең салмактуулук механизмдерин калыптоо системасына өтүү дегендик болчу. Бирок 1994, 1996 жана 1998-жылдары кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын барган сайын бекемдөө менен бирге бийлик бутактарынын тең салмагын бузуп кете берген.

Чындап караганда, алгачкы убакта коопсуздук тармагында реформа жүргөн эмес. Ал үчүн республиканын каражаты да, тажрыйбасы да жок болгон. СССР урагандан кийин экономика толугу менен катып калгандыктан, республика менен коомдун алдында жан сактап кетүү маселеси турган. Бул, көбүнчө советтик доордон калган коопсуздук институттарын эгемен мамлекеттин институттарына айлантуу доору болгон. Нормативдик-укуктук базаны түзүү жана Куралдуу күчтөрдү, милицияны, улуттук коопсуздук органдарын жана башка институттарды уюштуруу, укуктук жактан калыптандыруу бул мезгилдин олуттуу натыйжасы болуп калган. Бирок 1990-жылдары бул институттардын баары толугу менен советтик институттук үлгүлөрдүн негизинде курулган.

Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары, армия каражаттын жетишсиздигинен жана кадрлардын кетишинен улам өтө оор абалда болчу. Кыргызстан өз чектерин коргой албаган абалда калып, 1999-жылга чейин тышкы чектерди күзөтүү, эки тараптуу келишимдин негизинде, Орусия Федерациясынын (ОФ) Чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Улуттук коопсуздук органдарынын Орусия Федерациясындагы кесиптештеринен көз карандылыгы өтө жогору болуп, кадрдык саясат, кызматкерлердин кесипкөйлүк критерийлери эмес, өлкөнүн жетекчилигине жакындыгына жараша кабыл алуу деген бузуку практика боюнча жүргүзүлгөн.

1998-жылы кабыл алынган Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ) өнүгүү концепциясы улуттук коопсуздук органдарына аткезчилик жана паракорлук, уюшкан кесипкөй кылмыштуулук жана баңгизаттардын мыйзамсыз айланышы менен күрөшүү сыяктуу жаңы функцияларды ыйгарган. Ошентип, жаш эгемен мамлекетке каршы коркунучтарга негизделген, УКМдин укук коргоо функцияларын кеңейтүү тенденциясынын нугун ушул концепция чаап берген.

Экинчи мезгил (1999-2004-жж.) – бул гибриддик саясий режим шартында коопсуздук тармагын реформалоодогу алгачкы жетишкендиктердин мезгили. Аталган учур өлкөнүн ичиндеги, ошондой эле сырткы факторлордун таасирине байланыштуу маанилүү окуялар менен коштолгон. Бул кезде авторитардык тенденциялар күчөп, акыры ал бийликтин системдүү кризисине жана биринчи 2005-жылдын мартындагы «ыңкылапка» алып келет.

Бул мезгилдин олуттуу окуялары 1999 жана 2000-жылдары Баткен районунун аймагына эл аралык террорчулардын басып кириши жана алгач ирет күч органдары менен жарандардын тиреши, куралсыз манифестанттардын атылышы менен аяктаган 2002-жылдагы Аксы окуясы болуп калган. Эл аралык күн тартибин олуттуу өзгөртүп, коопсуздук тармагындагы реформалардын мүнөзү менен динамикасына таасир эткен, 2001-жылы башталган террорчулукка жана экстремизмге каршы кеңири жана глобалдуу согуш да ушул мезгилге туш келет.

Баткен окуялары өлкөнүн жетекчилигинин Куралдуу күчтөргө карата айла-амалдарын өзгөртүп, армиянын согуш жөндөмүн өркүндөтүү тууралуу ойлонууга мажбурлады. 1999-жылы Түштүк аскер бөлүгү түзүлүп, жаңы Баткен облусу негизделип, Авиация окуу жайынын негизинде Бишкекте Жогорку аскердик окуу жайы түптөлгөн. Ошол эле 1999-жылы эки компоненттүү Чек ара кызматы түзүлүп, анын курамына 1) Коргоо министрлигинин курамында чек араларды кайтаруу милдети жүктөлгөн Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы; жана 2) Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) алдында, өткөрүү пунктарында чек аралык көзөмөл жүргүзгөн, Чек ара көзөмөлүнүн башкы башкармалыгы кирген. 2002-жылы бирдиктүү Чек ара кызматы түзүлүп, ал кийинки жылдары бир нече институционалдык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. 2005-жылы Чек ара кызматы УККга баш ийип, бир жылдан кийин бул түзүмдүн карамагынан кайра чыгарылган.

2002-жылы 2010-жылга чейинки өткөөл мезгил эл аралык террорчулук коркунучунун күчөшүн чагылдырган жана эгемендик менен аймактык бүтүндүктү коргоо маселесин койгон. Аскердик доктрина кабыл алынган. Концепция бийик тоолуу шарттарда согуш аракеттерин жүргүзө алган, заманбап курал, аскердик техника жана материалдык каражаттар менен камсыздалган чакан, компакттуу, ыкчам Куралдуу күчтөрдү түзүү аркылуу армияны реструктуризация кылуу маселелерин козгогон. Жакынкы он жыл ичинде кесипкөй армияга өтүү милдети коюлган.

Экинчи баскычта ЖККУнун алкагында жана эки тараптуу форматта Орусия менен кызматташуу бир топ ыкчамдаган. 2000-жылы Орусияда бийлик алмашып, Владимир Путин президенттик макамга келген. Ошондон тартып Борбор Азия мамлекеттерине карата Орусиянын айла-амалдары кескин өзгөргөн. Ошол эле убакта 2001-жылдын декабрында Жогорку Кеңеш АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялаган. Ал боюнча Кыргызстан террорго каршы коалициянын (ТКК) күчтөрүн жайгаштыруу үчүн «Манас» аба майданын берген. Бул факт орус-кыргыз мамилелеринде белгилүү деңгээлде ыңгайсыздык жаратып, алар Кант шаарында ЖККУнун Куралдуу аба күчтөрүнүн Аскердик базасын түзүү менен (2003-жыл) тең салмактандырылган.

Экинчи мезгилде Кыргызстан эл аралык оюнчулар менен кызматташуусун диверсификациялаган. Өлкө күч түзүмдөрүнүн кадрларын окутуу боюнча эл аралык долборлорго жана программаларына катышууга мүмкүнчүлүк алган, сырттан акчалай жана техникалык жардам ала баштаган. Экинчи жагынан глобалдык оюнчулардын карама-каршы кызыкчылыктары Кыргызстандын жетекчилигин ийкемдүү болуп компромисстерди издөөгө мажбурлаган. Террорчулук менен согуш коопсуздук тармагына эки анжы таасир берген. Антитеррордук күн тартиби мамлекеттин негизги маселесине айланып, коопсуздук тармагын демократиялаштыруу боюнча реалдуу реформаларды ишке ашырууну солгундаткан.

Коопсуздук кызматтары тармагында алгылыктуу жылыш болгон эмес. Баары тиешелүү органдын атын өзгөртүү менен чектелген. 2000-жылы Улуттук коопсуздук министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет болуп өзгөртүлгөн.

Ички иштер органдарында, КР ИИМ системасын 1998-2005-жылдары өнүктүрүү концепциясында каралган, чектүү реформалар ишке ашкан. Алар эң биринчи кезекте уюштуруу-штаттык курамды жакшыртууга, мекеменин ичиндеги бир нече кызматты кайра уюштурууга, ИИМдин кээ бир бул тармакка мүнөздүү болбогон функцияларын башка адистешкен мекемелерге берүүгө тиешелүү болгон. 2002 жана 2003-жылдары ИИМден Өрт коопсуздук мамлекеттик кызматы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы чыгарылып, өзүнчө негизделген.

Экинчи мезгилде коопсуздук тармагында демократиялык көзөмөлдү өнүктүрүү боюнча да көзгө көрүнөрлүк натыйжа байкалган эмес. Жалтаң, саясий топторго жиктешкен жана күчтүү оппозициясы жок парламент өзүнүн көзөмөл функциясын таптакыр ишке ашырган эмес десе болот. Омбудсмен (Акыйкатчы) институтунун түзүлүшү мезгилдин алгылыктуу окуясы болгон. Анын милдетине жарандар менен мамлекеттик бийлик органдарынын мамилесинде адам укуктарын карманууга парламенттик көзөмөлдү орнотуу кирген. Жарандык коом менен оппозициянын басымы астында бийлик жарандык көзөмөлдүн белгилүү бир элементтерине чектөө киргизе баштаган. Ошентип, 2004-жылы КР ИИМдин алдында, коомдук негизде иш алып барган, жарандык коомдун өкүлдөрү, депутаттар, коомдук ишмерлер, диниятчылар, ЖМК өкүлдөрүнөн турган Коомдук көзөмөл кеңеши негизделген.

Үчүнчү мезгил (2005-2010-жж.): 2005-жылы бийлик күч менен алмашып, Курманбек Бакиевдин келиши өлкөнү авторитардык башкаруунун жаңы циклине түрткөн. Бакиев өз бийлигин тез түптөп, укук-тартип органдарынын координациясына жооп берген Коргоо жана коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңешчи макамын түзүү аркылуу, президенттик институтту мурункудан да күчтөп борборлоштурган. Мындан сырткары экономикалык блок үчүн жооп берген жаңы мекеме – Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ЦАРИИ) түзүлүп, Курманбек Бакиев өз уулу Максим Бакиевди анын жетекчилигине дайындаган. Башкача айтканда Бакиевдердин кланы күч блогун гана эмес, ага кошуп тышкы саясат менен экономикалык тармакты да көзөмөлдөгөн. Конституцияда каралбаган органдарды түзүү менен Бакиев өз бийлигин консервация кылгысы келген.

Бакиевдин президенттигинин доорунда бийликтин криминалдашуусу эбегейсиз масштабдарга жеткен. Уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү саясий дымагы тууралуу ачык айта башташкан. Саясий элита менен криминалдык топтор өз ара кызматташуусунан пайда көрүп турушкан. Бийлик өз оппоненттерин коркутуп жана жок кылууга криминалды тартчу. Укук коргоо органдарынын жетекчилери криминалдын көмүскө бизнесин, анын ичинде баңгизат трафигин колдоп калган.

Жалпысынан алганда, Курманбек Бакиевдин президенттик башкаруу убагында коопсуздук сектору ого бетер саясий режимдин куралына айланып, биринчи кезекте башкаруучу кландын кызыкчылыгын камсыз кылган. Бир гана армия саясатташуудан кутулган. Бирок бийлик 2010-жылга чейинки Аскердик доктринаны ишке ашырууга ашыккан эмес. Жетекчилик каржынын жоктугун шылтоо кылган. Армияны согуштук техника менен камсыздоо маселесинде Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн көз карандылыгын азайтуу маселеси ошентип ишке ашпай калган. Кыргыз армиясы биринчи кезекте аскердик техника менен камсыздоодо Борбор Азияда акыркы орунда калган. Өзүнүн Куралдуу күчтөрүнүн алсыздыгынын ордун толтуруш үчүн Кыргызстандын жетекчилиги Орусия менен ЖККУнун алкагында жана эки тараптуу негизде тыгыз кызматташууну көздөгөн.

Эгемендик убагында ички иштер органдарында системалуу өзгөрүүлөр болгон жок. Март ыңкылабына бир нече күн калганда – 2005-жылдын 18-мартында президент Акаевдин токтому менен КРнын ички иштер органдарын 2010-жылга чейин реформалоо концепциясы бекитилген. Бирок бул документ декларативдүү мүнөздө болуп, эл аралык коомчулукка демократиялык багыт уланарын көрсөтүп, донорлук жардамды ыкчамдатууну көздөгөн сыяктуу көрүнөт.

Ички иштер органдарынын ичинде реформаларга каршылык болгонун баса белгилей кетүү керек. Күч органдарынын жетекчилери калыптанып калган системаны бузгусу келген эмес, анткени өздөрү катышкан коррупциялык схемаларга макул болушкан. Жетекчилик макамга келүүнүн негизги критерийи президентке моюн сунуу болгон. Башкача айтканда, патримониалдык режимдерге мүнөздүү кадрдык практика үстөмдүк кылган.

2005-2010-жылдары ички иштер органдарынын (ИИО) стратегиялары менен концепциялары жарандык коомду кеңири тартпастан иштелип чыккан. Бир гана ИИО эмес, коопсуздук тармагынын башка институттарында да демократиялык көзөмөл жок болгон.

Укук-тартип менен коопсуздук системасын өзгөртүүнүн ордуна Бакиев 2009-жылы баңгизат бизнеси менен күрөшкөн өз алдынча түзүмдү – Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикти жойгон. Адистердин баамында бул түзүмдү жоюу өлкөдөгү баңгизаттарга тиешелүү абалдын начарлашына алып келген.

Коопсуздук тармагын реформалоо УКМКга эң аз таасир тийгизген. «Аткаруу бийлигинин түзүмү жөнүндө» мыйзамга ылайык 2007-жылы УКМК аткаруу бийлигинин курамына киргизилген, бирок 2009-жылы ал аткаруу бийлигинин курамынан кайра чыгарылып, түздөн-түз президентке отчёт берген түзүмгө айланган. Ошол эле 2009-жылы УКМКнын чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердигинен сырткары, ИИМдин да ишмердигине кирген, экстремизм, анын ичинде диний экстремизм менен күрөшүү багыты да пайда болгон.

Бирок жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө караганда, экстремизм жана террорчулук менен күрөшүүдө УКМКнын иш-чаралары өлкөнүн эл аралык укук алдында алган милдеттенмелерине шайкеш болгон эмес[2].

Террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү убагында атайын кызматтар жарандардын көптөгөн укуктарын бузганы, зомбулук менен мыйзамсыздыкка жол берилгени белгиленген.

Төртүнчү мезгил (2010-2019-жж.): 2010-жылдын апрель окуяларынын убагында Бакиевдин режими кыйраган. Бакиев өлкөдөн качууга мажбур болгон. Апрелден кийинки бийлик алмашууда реформаларды жүргүзүүгө «мүмкүнчүлүк терезеси» ачылган. 2010-жылы кабыл алынган жаңы Конституция боюнча парламенттин орду жогорулаганы парламент тарабынан демократиялык көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзгөн сыяктанган. Реформа кылууга коомчулуктун талабы эбегейсиз болгон. Укук коргоо органдарынын калыптанып калган, коомдун жана ар бир жарандын кызыкчылыгына кызмат кылбастан, бийликтеги төбөлдөрдүн кызыкчылыгын камсыз кылган абалын коомчулук кабыл албаганы буга түрткү болгон. Коомчулуктун талабына жооп катары Убактылуу Өкмөт реформаларды колдоого убада берген.

2011-2012-жылдары жаңы бийлик ИИМ менен өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (ЭККМК) реформалоо боюнча ачык дискуссиялык аянттарды негиздөөгө жан дили менен катышып турган. Мындай ачык аянтчаларды пайдаланган жарандык коом өкүлдөрү укук-тартип органдарында косметикалык эмес, Грузиянын үлгүсүдөй, олуттуу өзгөртүлөргө барууга үндөп жатышты. Өкүнүчтүүсү, «мүмкүнчүлүк терезеси» чыныгы реформаларды жүргүзүүгө колдонулбай калган. Реформанын негизги моменттери боюнча коомдук консенсуска жетилбей, андан сырткары, ИИМдин ичиндеги институционалдык каршылык да кесепетин тийгизген. 2010-жылдын апрелинен кийинки алгачкы жылдары ИИМден, мекеме аралык топтон жана «Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмеси тарабынан милицияны реформалоо боюнча үч башка долбоор даярдалган. Бирок макулдашылган вариант иштелип чыкпай, бул аракет аягына жетпей калган.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бардык министрликтер менен мамагенттиктердин алдында Коомдук көзөмөл кеңештерин (ККК) түзүү аркылуу күч тармагынын үстүнөн жарандык көзөмөлдү күчөтүүгө аракеттенген. Ошентип 2011-жылы анын демилгеси менен ИИМде, УКМКда, ЭККМКда жана ЖАМКта КККлар түзүлгөн. Бирок УКМКнын жетекчилиги жабыгыраак болуп, ККК (Коомдук көзөмөл кеңеши) менен кызматташууга барбай койгон. Мындай мамиле бир жылдан кийин УКМКнын КККсынын өзүн-өзү жоюшуна түрткү берген. Коопсуздук тармагындагы башка мекемелерде КККлар белгилүү натыйжаларга жеткени менен, алардын ишмердигине 10 жыл толгондо, коопсуздукту камсыздоо субъектилерине жарандык демократиялык көзөмөлдүн бекемдөөсү өңүтүндө КККларынын олуттуу таасир бере албаганын моюнга алууга мажбурбуз.

Роза Отунбаеваны президенттик макамда 2011-жылы президенттик шайлоодо утуп чыккан Алмазбек Атамбаев алмаштырды. Башында Атамбаев реформаларды, коррупция менен күрөшүүнү жана жарандык коом менен кызматташууну колдой турганын айтып жүрдү. 2012-жылы Улуттук коопсуздук концепциясын жана жаңы Аскердик доктринаны кабыл алуу анын башкаруусунун алгачкы жылдарынын натыйжасы болуп калды. Аскердик доктрина боюнча, Куралдуу күчтөрдү (КК) башкаруунун курамы өзгөрдү. Эки башкаруу органы пайда болду. Генштаб ККнын аскердик жана ыкчам башкаруусунун борбордук жана эң жогорку органы болду, Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитет (КИМК) Генштабдын аскердик максат менен милдеттерин ишке ашырууга жана материалдык, техникалык жана каржылык камсыздоосуна, ошондой эле кадрларды даярдоого жардамдашкан көмөкчү курамы болуп калды. Жаңы аскердик доктринага ылайык функцияларды мындай бөлүштүрүү, башка максаттардын ичинде, КИМК тарабынан Куралдуу күчтөрдүн үстүнөн жарандык көзөмөлдү камсыздоого багытталган[3]. Бирок ККнын үстүнөн жарандык көзөмөлдү күчөтүү иш жүзүнө ашкан жок.

2013-жылы КР өкмөтү «Ички иштер органдарын 2017-жылга чейин реформалоо чаралары» аттуу башка документти бекиткен. Милиция менен коомдун өз ара аракетин бекемдөө зарылчылыгы, ИИОну инсандын укугу менен эркиндиктерин коргоого кайра багыттоо, коомдук тартипти колдоо, сапаттуу укук коргоо кызматын сунуш кылуу декларацияланганы бул документтин жакшы тараптары болчу. Бирок декларациялар декларация бойдон калды.

2015-жылы ИИОнун ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын өзгөртүү аракети да бул мезгилде ИИОну реформалоо тарыхынын дагы бир жагымдуу окуясы болду[4]. Сунушталган өзгөрүүнүн маңызы милициянын ишин баалоого коомдук пикирди өлчөө индикаторлорун киргизүү болгон. Эки жыл (2016-2017-жж.) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) каржылык жардамы менен коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүлүп, бирок кийин каражаттын жоктугунан улам токтотулган.

2016-жылы Атамбаевдин «Укук коргоо органдарынын реформалоо чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык, биринчи иретте укук коргоо органдарын реформалоодо бирдиктүү ык колдонуу аракети болгондой көрүнгөн. Ал боюнча, араларындагы кайталанган функцияларды жоюш үчүн, ИИМ, УКМК, ЭККМК жана Башкы прокуратуранын функциялары менен жоопкерчилик зоналарын так ажыратуу каралган[5]. Бирок бул токтомду ишке ашыруу убагында президенттин негизги максаты саясий режимге карата оппозициялык маанайдагы саясатчыларга, жарандык демилгечилерге, сынчыл журналисттерге ыдык көрсөтүш үчүн Башкы прокуратура менен УКМКнын ролун күчөтүү экени билинди. Демократиялык башкаруунун айкындык, отчёттуулук жана жарандык коом менен кызматташуу деген принциптерин күчөтүү каралган эмес. Башкача айтканда, коопсуздук тармагындагы реформалардын маңызы башкаруучу төбөлдөрдүн кызыкчылыгына ылайык бурмаланган.

Учурдагы президент С.Жээнбеков үч жылдык башкаруусунун убагында, ички жана тышкы саясатка тиешелүү көпчүлүк маселеде, анын ичинде коопсуздук тармагын реформалоодо ал өзүн көбүнчө статус-квону карманган саясатчы катары көрсөткөнүн айта кетиш керек. Андан мурунку президенттин убагындай эле, Кыргызстанда саясий мейкиндик, түрдүү пикир айтуу мүмкүнчүлүгү тарыганы, эркин журналисттер, талдоочулар, жарандык демилгечилер куугунтукталып жатканы көрүнүп турат. Сот менен укук коргоо органдары ого бетер саясатташты. УКМК аткезчилик, баңгизат бизнеси, экстремизм менен күрөшүүдө, массалык башаламандыктын алдын алуу жана токтотуу сыяктуу багыттарда ИИМге атаандаштыгын улантып, мурункусундай эле кеңири полициялык ыйгарым укуктарга ээлик кылып жатат. Мындай көрүнүштүн баары, андан сырткары, президенттин коопсуздук тармагындагы жараксыз кадрдык саясаты, жогорку макамдарга тааныш-билиштик принцибине жараша дайындоо, бардык мамлекеттик органдардагы непотизм менен коррупция учурда жарандардын нааразылыгынын негизги себептери болуп турат.

Президент Жээнбековдун эң «эр жүрөк» демилгеси жол кыймыл коопсуздугу тармагындагы өзгөрүүлөргө («Коопсуз шаар») жана кайгуул милициясын негиздөөгө багытталган. Бул демилгенин натыйжалары тууралуу сөз кылууга эрте. Эгер натыйжалар ийгиликтүү болсо, анысы жалпы коопсуздук тармагындагы кандайдыр бир алгылыктуу реформалар боюнча, учурдагы президенттин «капчыгындагы» жалгыз плюс болуп калышы мүмкүн.

Изилдөөдөн чыгарылган кыскача корутундулар:

- Бардык президенттердин демократиялык жана укуктук мамлекетти куруу жөнүндө токтобой айтылып келген сөздөрүнө карабастан, эгемендик алгандан берки жылдар ичинде Кыргызстанда коопсуздук тармагын реформалоо ишке ашкан эмес. Учурда Кыргызстан парламент менен жарандардын алд ында жооп берген натыйжалуу коопсуздукту камсыз кылуу органдарын түзүү максатына жете алган жок. Бул өлкөнүн жогорку жетекчилигинин чыныгы саясий эркинин жоктугунун натыйжасы.

- Коопсуздук тармагындагы реформалардын ишке ашпаганынын эң маанилүү себептеринин бири - реформаларга карата бирдиктүү жана системалуу усулдун жоктугу. Реформаларга карата бирдиктүү көз карашты иштеп чыгыш үчүн коопсуздук тармагы менен калыс сот тармагынын түрдүү компоненттеринин өз ара байланышын түшүнүү зарыл. Айрым институттардагы чачыранды жана синхрондошпогон реформалар сот системасын жалпы реформалоодо эч кандай натыйжа бермек эмес.

- Башкаруучу кландардын кызыкчылыктарына олуттуу тиешеси жок багыттарда гана бир аз өзгөрүүлөр болду. Ал эле эмес, укук коргоо жана сот органдары бардык президенттердин убагында алардын жеке бийлигин бекемдөө куралына айлантылды. Коопсуздук тармагынын дээрлик бардыгы, балким, армиядан башкасы, ашкере саясатташты жана бүгүн да ошол бойдон турат.

- Коопсуздук тармагындагы кадрдык саясат кесипкөйлүк принцибине эмес, жетекчиликке жагынуу принцибине негизделген. Патримониалдык саясий режимдердин адаты болгон, жетекчилик макамдарга «өз» кишилерди дайындоо практикасы, коопсуздукту камсыздоо органдарынын кадрдык курамынын кесипкөйлүгүн начарлатты. Бул болсо, өз кезегинде, реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ого бетер төмөндөттү.

- Күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык каналдар аркылуу, «кошумча кирешеге» жетүүнүн бузуку практикасы реформаларга институционалдык каршылык көрсөтүүгө шарт түзүүдө.

Шайлоого аттанган саясий партияларга COVID-19 пандемиясынын таасирине байланыштуу чакырыктардагы ойлондурчу маселелер:

- Коопсуздук тармагындагы субъектилердин легитимдүүлүк маселеси ого бетер актуалдуу болуп калды. Укук-тартип менен коопсуздукту камсыздоочу субъектилердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, кризис учурунда адам укуктары менен эркиндигин бузуу коркунучу жаралууда.

- Аткезчилик менен киргизилген медициналык препараттарды сатуу, алдоо жана шылуундуктун жаңы схемалары, киберкылмыштуулук ж.б. ушул сыяктуу кылмыштарды укук коргоо органдары тарабынан алдын алуу актуалдуу боло баштады. Мындан сырткары үй-бүлөлүк зомбулук өзгөчө күч алды. Адамдык жана каржылык ресурстардын таңкыстыгынан улам, эң приоритеттүү маселелерди чечүүдө натыйжалуу мерчемдөө жана ресурстарды колдонуу да өзүнчө чакырыкка айланды. Бул чакырык коопсуздук тармагынын каржылоосун кыскартуу коркунучунан улам оорлошуусу мүмкүн. Анткени мамлекеттин жетекчилигинин алдында пандемиянын айынан олуттуу жабыркаган өлкө экономикасын калыбына келтирүү жана мамлекеттин минималдык социалдык милдеттерин аткаруу маселеси турат.

- Буга чейин айтылган чакырыкка мамлекеттик бюджеттен коопсуздук тармагынын муктаждыктарына жумшалган каражаттарды мерчемдөө жана колдонууда ачыктык менен отчёттуулукту арттыруу чакырыгы да байланыштуу. Балким, каржылоонун приоритеттерин кайра карап чыгуу зарыл болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды башкарууга тиешелүү түзүмдөрүн окуттуу жана мүмкүнчүлүгүн арттыруу айрыкча маанилүү болуп калат.

- Айрыкча жабык чек аралардын шарттарында адам укуктарын бузуу менен коррупцияны алдын алуу максатында чек ара, бажы органдарынын жана атайын кызматтарынын отчёттуулугунун маселеси курчуйт.

- Толуп калган пенитенциардык система COVIDдин жайылуу коопсуздугун арттырууда. Пандемия учурундагы соттук жараяндар да түрдүү мыйзам бузуу жана кош стандарттарды колдонуу менен коштолду. Пандемиянын мүмкүн болуп калчу толкундары каптаса мындай кыйынчылыктар кайталанабы?

- Парламенттин адекваттуу иштегени демократиялык тартипти сактоо жана диктатураны көздөй ооп кетүүнүн алдын алуу үчүн өтө маанилүү. Парламент фундаменталдык адам укуктары сакталышы керек экенин бийликке эскертип туруш үчүн жооптуу. Өкмөттүн кризис убагындагы аракеттери менен чараларынын «тез кароо» жана «мыйзамдуулук» (укук ченемдүүлүк) маселелеринин ортосундагы эки анжылыгын чечүүдө парламенттик көзөмөл негизги курал катары кызмат кылышы керек.

- Кризис абалдары көпчүлүк учурда авторитардык өкмөттөр тарабынан жарандык эркиндикке чабуул койгонго, эркин ЖМКларды жана жарандык коом уюмдарын муунтууга пайдаланылат. Жарандардын бийлик органдарынан отчёттуулукту талап кылышы мүмкүн болбой калганы, натыйжада коопсуздук жана калыс сот субъектилери менен бирге жалпы эле бийлик институттарына карата жарандардын ишенимин биротоло жоготуу коркунучун жаратарын эстен чыгарбоо маанилүү.

Анар Мусабаева

2020-жылдын 17-сентябры

[1] Изилдөөнү А. Алымбаева, А. Мусабаева жана Г. Алиева жүргүзгөн.
[3] 2013-жылы кабыл алынган Аскердик доктрина. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/900232
[4] Өкмөттүн 2015-жылдагы «ИИОнун ишмердигин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобосу».
[5] КР Президентинин «Укук коргоо органдарынын реформалоо чаралары жөнүндө» 2016-жылкы токтому.

XS
SM
MD
LG