Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

«Эгемендикке шек келтирүүгө акыбыз жок»


2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болгон Раимкул Аттокуров.
2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болгон Раимкул Аттокуров.

2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусияда толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон Раимкул Аттокуров орус басылмаларынын бири менен болгон маегинде «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айткан.

Коомчулукта экс-элчинин мындай сөзүн «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык жана чагымчылык» деп сындап жатышат. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «Аттокуров - орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деген билдирүү таратты. «Азаттык» Раимкул Аттокуровдун өзүнө бир нече суроо менен кайрылды.

- Раимкул мырза, орусиялык «Правда. Ру» басылмасындагы маегиңиз кыргыз коомунда катуу талаш-талкуу жаратты. Анда сиз «кыргыздардын басымдуу бөлүгү Орусияга кайрылып, Орусиянын курамына республика катары кирүү жөнүндө ойлойт» деп айтыпсыз. Эмнеге таянып минтип айттыңыз?

- Августтун орто ченинде «Правда. Ру» порталынын журналисти кайрылган. Анда Орусиядагы кыргызстандык мигранттар жана коронавирус пандемиясынын алардын жашоо-турмушу, абалына тийгизген таасири тууралуу маектешүүнү макулдашканбыз. Ал жакта эки жарым сааттык видеомаек болгон. Жыйынтыгында Интернетке жарым сааттык маекти чыгарып, социалдык тармактарга айткандарымды кескилеп, үзүндү-үзүндү кылып таркатышыптыр.

Элдин «Кыргызстандын Орусиянын курамына кириши» тууралуу айтканым боюнча мага суроо берип жатканын түшүнүп турам. Бизге Орусия, Москва жергесиндеги кыргыз коомчулугунан мекендештер ар кандай маселелер менен кайрылышат. Анын ичинде бул маселе да көтөрүлөт.

Албетте, Кыргызстан – эгемен мамлекет. Эгемендик - биздин жалгыз жетишкендик. Биз муну адамдарга түшүндүрөбүз. Коомчулукта ар кандай топтор, агымдар болот эмеспи. Мындай маселе диаспоранын деңгээлинде чечилбей турганын, бул чоң саясий маселе экенин түшүндүрөбүз.

- Маекте «Москвадагы кыргыз диаспорасында да мындай кеп айтылып жүрөт» депсиз. Диаспора дегенде кимдерди айтып жатасыз?

- Диаспораны түзгөн коомчулук – бул сөзсүз эле коомдук уюмдар же алардын башчылары эмес. Бул көчө шыпыргандардан баштап академик, генералдарга чейин. Мындай сөздөр чынында айтылып, кээде көтөрүлүп келет. Бирок биз ага жол бербейбиз. Мындай кептердин өнүгүшүнө түрткү болбойбуз. Мен алардын аттарын атай албайм. Көбүнчө кайрылгандар Советтер Союзунда Орусияга келгендер, бул жакта отурукташып калган мекендештер. Арасында Орусияга жаңы келгендер да бар.

- Кыргыз мамлекетинин эгемендигине шек келтирген маселени көтөрүп чыгуу менен упай топтоону максат кылдыңыз беле? Кимдир-бирөөнүн атайын тапшырмасын аткарып жаткан жоксузбу?

- Кайрылгандар жөнөкөй эле жарандар. Ар кандай улуттардын өкүлдөрү. Көптөн бери Орусияда жүргөндөр же жаңы келгендер. Мен алардан: «Эмне себептен мындай ойлор жаралып жатат?» деп сурайм. Көбү «кыйналдык, жүдөдүк, же ал жакта жумуш менен камсыз боло албайбыз, же бул жакта оңдуу жашай албайбыз» деп жооп берет. Мен, албетте, «бул маселени көтөрүүгө укугубуз жок, биздин компетенцияда эмес» деп жооп берем.

- Сиз үч жыл Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп турдуңуз. Ошондо да ушундай мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген оюңуз бар беле? Ошол кезде азыр сиз айткан сөз башка бирөөнүн оозунан чыкса кандай аракет көрөт элеңиз?

- Албетте, «мындай маселени көтөрүүгө акыбыз жок» деп жооп бермекмин. Биз мамлекет катары өнүгүшүбүз керек, өсүшүбүз керек.

- Сиздин Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси деген наамыңыз азыр да барбы же алынды беле?

- Ооба, андай мандат түбөлүккө берилет да.

- Анда «Правда» басылмасына айткан сөзүңүз жогорку деңгээлдеги дипломаттын наамына туура келеби?

- Албетте, туура келбейт. Бирок коомчулук деңгээлинде бизге кайрылган маселелерди көтөрүүгө милдеттүүбүз. Баса белгилеп кетерим, ал жерде мен журналисттин суроолоруна жооп бердим. Биз маектешкен көптөгөн маселелер жарыкка чыкпай калганына мен таң калып жатам. Мүмкүн алардын кызыкчылыгы же максаты бардыр...

- Элчилик кызматка кимдин сунушу менен келгенсиз?

- Президенттин сунушу менен дайындалгам. 2007-2010-жылдары ал кызматты аркаладым.

- Мурдагы президент Бакиевдин учурунда элчи болгонсуз. Ал адам менен азыр да байланышыңыз барбы?

- Азыр байланыш жок.

- Азыр кыргыз диаспорасында жалпы коомдук уюмдарды жетектеген Координациялык кеңештин төрагалык кызматынан тышкары «Орус-кыргыз стратегиялык демилгелери» деген коомдук уюмду жетектейт экенсиз. Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык деп Кыргызстандын Орусияга кошулушун көрөсүзбү?

- Жок, андай максат жок. Ал тема каралбайт. Ал коомчулук деңгээлинде түзүлгөн уюм. Дагы белгилеп кетем, орусиялык басылмадагы маекте ойго келбеген суроолор болгон, анын ичинен өздөрү каалаганды гана көрсөтүп коюшуптур.

- Москвадагы кыргыз элчилиги сиздин билдирүүңүз боюнча «ал Орусиянын жараны, бул жеке адамдын айтканы» деп маалымат таратты. Сиз качан Орусиянын жарандыгын алгансыз? Кыргыз жарандыгынан баш тарттыңыз беле?

- Орус жарандыгы Советтер Союзу тараганда эле сакталып калган. Кыргыз жарандыгын кийин президентке кат жазып, анан алгам. Азыр эки өлкөнүн тең жаранымын. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандык келишими жок. Бирок эки паспорт алып жүрүүгө тыюу салынган эмес.

Редакциядан: 15-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Райымкул Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды. Элчиликтин билдирүүсүндө:

«Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун «Правда.ру» порталындагы маегинде айткан сөздөрүндө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген», деп жазылган.

Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан – көз каранды эмес, эгемен мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук укуктуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспораларынын уюмдарын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG