Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

«Качып жүргөн байлары көп, ханы көп»


Адабиятчы, философ Калык Ибраимовдун ыр түрүндөгү ой толгоосу.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 29-августта «Биринчи радиого» маек куруп, кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендик майрамы менен куттуктады.

Президент Кыргызстан буга чейин башынан апрель, июнь окуяларын эскерип, бул окуялар тынчтыктын, биримдиктин, эгемендиктин баасын сездирип, мамлекеттүүлүк деген эмне экенин эске салганын айта кетти.

(«Азаттыктын» кабарынан)

«Кайың калбай кыргыз балта чаппаган,

жайың калбай кыргыз сөөгү жатпаган»,

эл-жер үчүн кастар менен кармашып,

канча кыргыз канын төгүп какшаган.

*** *** ***

Байыртада Барсбектей хан өткөн,

эр Манастай эчен баатыр жан өткөн.

Кыргыз мүлдө кырыларда аттанып –

мына ошолор кан майданга жөнөшкөн.

*** *** ***

Кой терисин кийип алып жашынган,

өздөн чыгып жаттан жаман ашынган.

Бир туу тутуп бириге албай кайран эл,

таруу болуп, туш тарапка чачылган.

*** *** ***

Өз алдынча өлкө болуу тилеги –

орундалбай миң жыл бою, жүрөгү –

ооруганын кыргызымдын бүгүңкү -

урпактары унуттубу, билеби?...

*** *** ***

Эгер билсе, анда неге бөлүнөт,

өлкөсүнө өгөй болуп телинет?

эмнегедир эгемендик аларга –

бекер келген белек өңдүү көрүнөт...

*** *** ***

Бийлик үчүн, байлык үчүн жан үрөп,

Элди алдаган шылууну көп, заңы көп.

Кастан бетер калкын тоноп, бу күндө -

качып жүргөн байлары көп, ханы көп.

*** *** ***

Бул жоруктар качан эми токтолот,

качан элим ага каршы октолот?

Кыргызстан өссүн десек өркүндөп,

жемкорлукту жоюш керек ноктолоп.

*** *** ***

Шыктандырып ары жоктун баарысын,

аңдаш керек азаттыктын маңызын.

Жете албасаң анын ыйык баркына,

анда кайда кыргыз деген намысың?

Калык Ибраимов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG