Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Эркиндиктин жүгү, Аалы акындын бугу


31-август, 2020-жыл.

Кыргызстандыктар Эгемендик күнүн майрамдап жатышат. Бул жылы майрам коронавирус пандемиясынан улам ашыкча шаан-шөкөтсүз өттү.

Пандемия жана эгемендик

Адатта Эгемендик майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында эл көп катышкан иш-чаралар менен өтчү. Быйыл COVID-19 вирусунан улам облустардын борборлорунда саналуу адамдардын катышуусунда гана концерттик программалар уюштурулду.

Негизги иш-чара соттук иштерден жана карыздан улам ачылбай турган Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан Улуттук тарых музейинин алдында болду. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Андан тышкары коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлери, күч органдарынын кызматкерлери жана ыктыярчылар барды. Президент өз куттуктоосунда дүйнөнү каптаган илдет жана анын кесепеттери тууралуу көбүрөөк сөз кылды:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Бул апааттан кутулуу мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк. Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү. Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү. Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык. Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык. Биздин элде «алам» дегенден, «жардам берейин» дегендер көп экенин көрдүк. Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук».

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия Кыргызстан үчүн чоң сыноо болгонун кошумчалап, илдет жугуп каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле күзүндө өтчү парламенттик шайлоого да кыскача токтоло кетти:

«Кудай буюрса, азыркы күндө бул илдетти толук жеңбесек да, басаңдады. Бирок кырдаал кооптуу бойдон калууда. Кайгылуу күндөрдү артка калтырып, кадимки жай турмушту калыбына келтириш үчүн болгон күрөштү тынымсыз улантып жатабыз. Ынтымакта болсок, бул апаатты, аны коштогон экономикалык кыйынчылыктарды сөзсүз жеңебиз. Жакынкы беш жылга иштей турган парламентке депутаттарды шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз».

Бишкекте белгиленген Эгемендик майрамы. 31-август, 2020-жыл.
Бишкекте белгиленген Эгемендик майрамы. 31-август, 2020-жыл.

Акын коррупцияны ырга салды

Кыргызстанда коронавирус күчөгөн июль айында ондогон демилгелүү топтор коронавирус менен күрөшүүгө салым кошту. Алар ооруканаларда орун калбай калганда күндүзгү стационарларды уюштуруп, дарыгерлерди медициналык жабдык, дары-дармек менен камсыз кылууга жардам беришти.

Айрымдары 24 саат бою «Тез жардамдын» кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптардын үйүн кыдырып жүрүштү. Ондогон ыктыярчылар кайрымдуулукка каражат чогултуп, турмушу начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратышты.

Коомчулукта COVID-19 илдети Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы, экономикадагы, тышкы саясаттагы, башкаруу чөйрөсүндөгү, дегеле бардык тармактардагы кыйынчылыктарды ачыкка чыгарганы талкууланып жатат.

Эгемендик майрамына карата Бишкекте өткөн иш-чарада төкмө акын Аалы Туткучев Кыргызстандагы көйгөлөрдү ырга салды.

«Эл байлыгын тымызын,
Тоноп жаткан чоңдор көп.
Сол чөнтөккө байкатпай,
Солоп жаткан чоңдор көп.

Чоң деген аты болбосо,
Чоң уурдаган «ворлор» көп.

Болбосо тагдыр менен ойногон,
Таанышы жокту кордогон,
Таш жүрөктүү соттор көп.

Чалмакейди чалышкан,
Чакалап акча алышкан,
Таможня-посттор көп.

Урнаны ээлеп алышкан,
Уурдап добуш салышкан,
Шайлоочу дүжүр достор көп.


Чала сабат чачтан көп,
Таанышы барлар таштан көп.
Көмүскө далай иштерди,
Көрсөтпөй жасап жаткан көп», - деген акын жамагын өлкө башчы өзү көп жолу кайталаган санариптештирүү саясаты менен улантты. Ал коррупцияга баткан мекемелердин ишин онлайнга өткөрүп, элдик көзөмөл болсо деген оюн ыр менен жеткирди.

Жоопкерчиликтин жүгү

Пандемия Кыргызстандын эгемен өлкө катары чыныгы дарамети кандай экенин сынаганын бийлик башындагылар деле моюнга алышты. Көбү аны «30 жылга чукул убактан бери топтолгон маселе» деп, «аз убакытта чечүү мүмкүн эмес» экенин айтышты. Буга каяша айткандар мындай жагдай аткаминерлерди жоопкерчиликтен куткарбай турганын эске салышууда.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылдан бери ээлеген кызматтарын алсак, ал 2010-жылдан 2015-жылга чейин Оштун жетекчиси болуп турду. 2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматынын директору, 2016-жылы президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, кийин премьер-министр болуп иштеди. 2017-жылдан бери президент. Андыктан бир катар эксперттер өлкөнүн соңку жылдардагы абалына президенттин да тиешеси бар экенин айтышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев бул маселе боюнча «Азаттык» менен ой бөлүштү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Премьер-министр болуп турганда (ред: Сооронбай Жээнбеков) бул иштерди жасоо анын түздөн-түз милдети болчу. Губернатор кезинде да бул маселелерге өзү башкарган облуста көз салышы керек эле. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер болгондон кийин эгемендик жылдарда кетирген кемчиликтер үчүн бардыгыбыздын тиешебиз бар».

Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда тышкы саясатка да кайрылды. Ал Чыгыш жана Батыш өлкөлөрү менен тең дипломатиялык алака жакшырарын билдирди. Тышкы саясат демекчи, Кыргызстандын эгемендик майрамы менен коңшу өлкөлөр Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын президенттери куттуктады. Андан тышкары Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Украинанын, АКШнын, Франциянын, Германиянын, Түркиянын лидерлери да куттуктоо катын жиберишти. Мындан башка да өлкөлөрдөн куттуктоолор келди.

Кыргызстандагы маселелерге кайра кайтып келсек, президент өзү басым кылган коронавирус жана анын кесепеттери тууралуу жарандык активист Максат Чакиев мындай деди:

«Пандемия - Кыргызстан эгемендик алгандан бери сырттан келген биринчи жоо, апаат. Буга чейин өлкөнүн ичинде митинг-пикеттер, революция болгон. Тилекке каршы, Кыргызстан сырттан келген биринчи сыноого даяр эмес экен. Өкмөттүн антикризистик планын ушул күнгө чейин көрө элекпиз. Бийликтин бир гана стратегиясы бар экен – ал сырттан карыз алмай. Ошол карыздын эсебинен мамлекеттик мекемеде иштегендердин айлыгын берип, пенсия, жөлөкпулду төлөө».

Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынчалыгын жарыялаганына быйыл 29 жыл толду.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Майрамдык иш-чара онлайн форматында өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG