Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Эки күчтүн эрегиши ачыкка чыкты


Аравандагы мушташ учуру. 20-сентябрь, 2020-жыл. (Сүрөт видеодон алынды).

Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты милиция иликтеп жатат.

20-сентябрда Араванда болгон калайман мушташ парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп, бийликчил эки партиянын ортосундагы тирешти ачыкка чыгарганы айтылууда.

ИИМ: «Эки талапкер тең бир улуттун өкүлдөрү»

Шайлоо үгүтү жүрүп жатканда Ош облусунун Араван районунда чыккан калайман мушташ коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. 21-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты тез арада иликтөөнү ички иштер министрине тапшырды. Ички иштер министрлиги окуядан соң аймакта тартипти сактоодо кетирген кемчилиги үчүн деген жүйө менен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сактан Исмаилов кызматтан алынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Аравандагы мушташты улут аралык мамилеге байланыштырууну туура көргөн жок:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Бул окуяны айрым адамдар соцтармактарда улут аралык мамилеге доо кетирүү аракети катары баалап жатышат. Андай эмес, жолугушуу өткөн аймакта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары эки партияга кирген эки адам бир улуттун өкүлдөрү. Ошондуктан Аравандагы окуяны улут аралык кастыкты козутуу же башка ушул сыяктуу маселелерге байлоонун кереги жок».

Бакыт Сеитовдун айтымында, учурда бул окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, ага себеп болгон адамдар жоопкерчиликке тартылат.

«Кландардын тиреши»

Калайман мушташ болгон жерде - Араван районунун Юсупова атындагы айыл аймагында негизинен өзбек улутундагы шайлоочулар жашайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бекиткен талапкерлердин тизмесинен белгилүү болгондой, «Биримдик» партиясынан депутаттыкка Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрулло Файзуллаев өз талапкерлигин койгон. Ал тизмеде 74-орунда турат. Файзулаев бул айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоого үндөп, БШКдан эскертүү алган.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов катардагы участкалык милициядан баштап Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон.

Серепчи Улан Турдалиев Аравандагы калайман мушташка катышкан эки тарап тең бийликчил партия экенин белгилеп, алардын ортосундагы тиреш ошол мушташ менен ачыкка чыкты деген пикирин айтты:

Улан Турдалиев.
Улан Турдалиев.

«Жогорку Кеңешке баруу, ээлөө, мандатты көбүрөөк алуу максаты бүгүнкү партиялардын бийлик үчүн күрөшү катуу кетип жатканын көрсөтүп турат. Аравандагы окуяда жаңжалдашкан эки партия тең бийликчил партиялар. Буларга учурда реалдуу тең келе турган саясий оппозиция жок экенин сезип, эми ичинен жарыла башташты. Бийликтин табияты ушундай. Жээнбековдор менен Матраимовдордун кландарынын карама-каршылыгы кечээ ачык эле көрүндү. Булар бийлик үчүн бири-бири менен эмнеге чейин барышарын көрсөтүп алышты».

Уланбек Турдалиев бул окуяга бийлик, ИИМ, БШК да кайдыгер мамиле кылышканын айтып, ал органдарды сындады:

«Бул окуяга өкмөт, милиция катуу реакция кылып, мушташка катышып калгандарды эмес, ага түрткү бергендерди, өзүн «жазасыз» сезген чоң муштумдарды, аларды тизмеге кошкон партиянын өзүн жазалашы керек эле. БШК укук коргоо органдарына шылтабай, партиялардын жоопкерчилигин кароого тийиш болчу. Бүгүн минтип бийлик үчүн, депутаттык мандат, Жогорку Кеңештеги орун үчүн мушташка, атышууга жана башка жаман жолдорго барып, бардыгына кайыл болуп жаткан адамдар эртең парламентке келип, бизге кантип жашоону үйрөтөбү? Мыйзам жазып, өлкөнүн беш жылдык тагдырын ушулар чечеби? Мамлекет башчы, өкмөт башчы мына ушуну көз жаздымдан чыгарып жатат».

Араванда эки партиянын тарапкерлери мушташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00


Кыргызстандагы электоратта саны жагынан кыргыздардан кийинки орунда өзбек улутундагы шайлоочулар турат. Эксперттер учурда саясий партиялар арасында алардын добушун талашуу аракети жүрүп жатканын белгилешүүдө. Мына ушундай ойду билдирген медиа-эксперт, БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов Аравандагы мушташка чейин жеткен талаш Боршайкомдун, күч кызматтарынын унчукпас, көз жумду аракетинин натыйжасы экенин билдирди:

Абдымомун Мамараимов.
Абдымомун Мамараимов.

«Бул биринчи жолку окуя эмес, күтүүсүз деп айтууга болбойт. Буга чейинки шайлоолордо Кербен, Кара-Суу шаарларында мындай окуялар болгон. Бирок ал окуялардан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан мен бул жерде биринчи орунга БШКнын аракетсиздигин белгилегим келет. Азыр да алар «укук коргоо органдары карап, күнөөлүүлөрдү тапса жыйынтык чыгарабыз» деп четке чыга берип, «мыйзам бузса боло берет, прецедент түзсө боло берет» деген бүтүмдөрдүн келип чыгышына жол берип жатышат. Мына ушундан улам кээ бир партиялардын өкүлдөрүндө «бизге боло берет» дегендей пикир жаралды. Аравандагы окуя кырдаал тынч сезилгени менен, күтүүсүздөн терс жакка өзгөрүп кетиши толук мүмкүн экенин көрсөтүп койду».

БШК Араван районунда үгүт маалында чыккан чатакты териштирүүгө аралашпай турганын жарыялаган. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуяны милиция иликтей баштагандыктан, БШК кийлигишпей турганын билдирди:

«Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдары бузулганын аныктаса, ошол бүтүмдүн негизинде карап чыгышыбыз мүмкүн».

«Идеологиянын эмес, кара күчтүн атаандаштыгы»

Ошол эле кезде БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова үгүт ишин бирөө бузган болсо, ал маселени Боршайком кароого тийиш экенин айтып жатат.

Аравандагы окуя бүгүн эле жаралып жаткан күтүүсүз окуя эмес экенин дагы бир серепчи, журналист Абдувахаб Мониев да ырастады. Ал 2010-жылкы парламенттик шайлоодо Араван районунда «Ата Мекен» партиясынын шайлоо штабын жетектеген.

«Шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын тарапкерлеринин мушташы - бул эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп эле келе жаткан, кадимки көрүнүш, - деди ал. - Мындай атаандаштык идеологиянын эмес, акчанын, бийликтин, экөөнүн тең күчү жетпей калган жерде - кара күчтүн атаандаштыгы! Аравандын эли - саясатка аралаша бербеген, пассивдүү, момун эл. Мындай элге кара күчтүн таасири күч. Дагы белгилей кетүүчү нерсе - мурдагы шайлоолордо көбүнчө бийликтин партиясы акчасы, бийлиги жана башка ресурсу менен негизги басымга ээ партия болуп келсе, бул жолку шайлоодо андан акчасы да, ресурсу жагынан да ашып түшкөн партиялар пайда болду. Бул эки партиянын Аравандагы тиреши да муну ачык көрсөттү».

Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Алардын катарында мурдагы, учурдагы депутаттардан тартып, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, ал түгүл мурда кылмыш дүйнөсүнө тиешеси болуп жүргөн деген талапкерлер да бар экени айтылууда. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев шайлоого бара жаткан саясий партиялардын тизмесине бир идеяны, максатты көздөгөн адамдар эмес, эптеп бийликке жетүүнү көздөгөн адамдар топтолуп жатканы Аравандагыдай окуяларга алып келип жатканын белгиледи:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Партиялар талапкерлеринин тизмесин кандай жол менен түзгөнүн коомчулук көрүп турат. Тизмеге бир идеянын, максаттын айланасына чогулган адамдар эмес, эптеп бийликке жетүүнү көздөгөн адамдар кирген. Аларды партиянын аты, идеясы же программасы кызыктырбайт. Алар кандай гана жол менен болбосун жеңишке жетүүгө аракет кылат. Тизме түзүүдөгү талаптар - башка улуттун өкүлдөрүн кошууда да алардын кызыкчылыгы эмес, ошол улуттагы шайлоочулардын добушун алуу максатын партиялар биринчи орунга чыгарышат».

20-сентябрдагы Аравандагы мушташка себепкер болгону айтылып жаткан эки партия тең билдирүү таратышты. Эки тарап тең жаңжалдын чыгышына себепкер болгон чагымчылдардын жоопко тартылышын талап кылуу менен чектелишти. Бирок облустук милициянын маалыматында «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Илхом Маннанов жергиликтүү башка партиянын талапкерин сындаганы айтылган.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов «Фейсбукка» «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын жазган. Бул окуя эки партиянын тиреши катары кабыл алынган.

Шайлоо өнөктүгү башталарда ага катышып жаткан саясий партиялар «Өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюшкан. Анда партиялар алдыдагы шайлоону калыс жана таза өткөрүш үчүн чогуу иштөөнү макулдашкан. Айрым серепчилер меморандум кагаз жүзүндө гана калганын белгилеп, бийликке умтулууга келгенде меморандумдун шарттары унутулганын айтышууда.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG