Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Үгүт маалында чыккан мушташ: алты киши ооруканада


Мушташ тартылган тасмадан алынган сүрөт.
Мушташ тартылган тасмадан алынган сүрөт.

Араванда шайлоо үгүтү маалында чыккан жаңжалда жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Бул тууралуу райондук оорукананын дарыгери Мамадияр Мамажан уулу "Азаттыкка" билдирди.

Жабыркагандардын арасында "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шүкүрулло Файзуллаевдин эки иниси, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар.

Окуянын чоо-жайы

Ош облустук милициясы уруш «Мекеним Кыргызстандын» талапкери жергиликтүү башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаганда чыкканын билдирди. Көп узабай эле «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары окуя тууралуу билдирүү таратышты.

Араван районуна караштуу Юсупова атындагы айыл өкмөтүндөгү Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов 100гө чукул тургунга үгүт жүргүзүп жаткан учурда мушташ чыкты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев: «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери ошол жердик талапкерди жамандап сүйлөй баштаганда жердештери, туугандары туура эмес кабыл алып, анын айынан жаңжал чыгып кеткени бизге белгилүү» - деди окуя тууралуу.

Аширбаевдин айктаны боюнча, жекшембинин кечинде 10го жакын жаран кармалып сурак берип, беш машине ар кандай чыгымга учураган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери Араван РИИБи тарабынан жүргүзүлүп жатат.

21-сентябрда Араванда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, дагы бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартыларын билдирди.

Министрлик шайлоо үгүтү учурунда чагымчыл аракет жасагандарга, уруш чыгаргандарга, коомдук тартипти бузгандарга кескин чаралар көрүлөрүн эскертти.

Араванда эки партиянын тарапкерлери мушташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Окуянын видеосу Интернетке чыгаар замат кызуу талкууга айланып, ар кыл пикирлер жазылды. Соцтармактардын айрым колдонуучулары дароо эле «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тарапташтары мушташканын жазып ийишти.

Көп узабай “Мекеним Кыргызстан” партиясы расмий билдирүү таратып, болгон окуяны «чагым» деп сыпаттады.

«Күтүүсүздөн чагымчылдар кирип келип агитаторлорду ур-токмокко алып, жолугушууну үзгүлтүккө учуратышты. Натыйжада партиянын бир нече кишиси жабыркап, ооруканага жеткирилди. Алардын бирөөнүн абалы оор, Ош облустук ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңжалдан тартылган тасмада чогулгандарга «Биримдик» саясий партиясынын эн белгиси түшүрүлгөн топ балдардын бастырып келгени көрүнөт. Мындан улам коомчулукта бул уруш эки партиянын эрегиши катары кабыл алынды.

Ал арада «Биримдик» саясий партиясы да элди “чагымчылдыкка чакыргандар, ага катышкандар дагы мыйзам чегинде жазаланышы керек” деп билдирүү таратты.

Партиянын расмий өкүлү расмий өкүлү Адилет Султаналиев "Азаттык" радиосуна алардын партиясы "шайлоонун таза жана акыйкат, укук бузууларысыз өтүшүн кубаттарын" айтты. "Чагымчылдыкка жол бергендер мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек" - деди "Биримдиктин" расмий өкүлү.

21-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле маалыматта "Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи" деп айтылат. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын да берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да Аравандагы жаңжал боюнча үн катып, үгүт маалында чыккан жаңжалды териштирүүгө аралашпай турганын маалымдады. Мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуяны милиция иликтей баштагандыктан, БШК кийлигишпей турганын билдирди:

"Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдары бузулганын аныктаса, ошол бүтүмдүн негизинде карап чыгышыбыз мүмкүн".

Эки партиянын тиреши

Эки партиянын тең билдирүүлөрү жалпыланып жазылганы менен облустук милициянын маалыматында «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Илхом Маннанов жергиликтүү башка партиянын талапкерин сындаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен талапкерлердин тизмесинен белгилүү болгондой, “Биримдик” партиясынан депутатыкка Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шүкүрулло Файзуллаев өз талапкерлигин койгон. Ал тизмеде 74-орунда турат. Файзулаев бул айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоого үндөп, БШКдан эскертүү алган.

Ал эми Илхом Маннанов катардагы участкалык милициядан Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан депутат болгон.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов «Фейсбукка» «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын жазган. Бул окуя эки партиянын тиреши катары кабыл алынган.

Ошондой эле Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы кызуу талкууланган.

8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкүрулло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Алар "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна "өзүбүз келдик" деп жооп беришкен.

Бул жыйынга район акими Курбанбек Айтибаев да келген.

«Биримдик» партиясынын тизмесинде Өмүрбек Бакиров 30-орунда, Жалолиддин Нурбаев 69-орунда, Шүкүрулло Файзуллаев 74-орунда турат.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG