Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:12

Талапкердин талпынганы, дебаттын деңгээли


Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.
Коомдук телерадио корпорациясынын теледебат өтчү студиясы.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери ортолоп калган кезде мамлекеттик телеканалдарда депутаттыкка талапкерлердин дебаттары башталды.

Коомдук телерадио корпорациясындагы (КТРК) таймашка биринчилерден болуп жаш талапкерлер катышты. Бул дебат коомчулукта тескери реакция пайда кылып, сындын бутасында калды.

КТРКда 14-сентябрда «Реформа», «Кыргызстан», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Мекеним Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы» партияларынын жаш талапкерлери дебатка чыкты.

Эки сааттан ашык программа бүтүп-бүтө электе эле социалдык тармактарда аны сындаган билдирүүлөр жайнады. Көпчүлүк дебаттын форматына, журналисттер берген суроолорго, талапкерлер өздөрү көтөргөн маселелерге ичи чыккан жок. Дебат үч бөлүккө бөлүнүп, адегенде алып баруучулар суроо беришти. Андан соң шайлоочулардын соболу окулуп, кийин дебатка катышкандар бири-бирине суроо узатышты.

Анда негизинен «Экономиканы кантип жакшыртыш керек? Кыргызстандын тышкы саясаты кандай багытта болушу зарыл? Депутат болуп шайлансаңыз биринчи иш-аракетиңиз кайсы багытта болот? «Жаштар кайдыгер болуп калды» деген пикирлерге эмне себеп?» деген сыяктуу суроолор берилди.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова «партиялардын программасы ачылган жок» деп, буга дебатты уюштурган КТРКны күнөөлөдү:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Шайлоочу партиялардын үгүт баракчаларын, баннерлерин көргөнү жетишсиз. Алардын позициясын, идеясын, программасы кандай экенин дебаттардан байкашы керек. Эгерде дебаттарда ушул суроолорго жооп табылбаса, анын кереги жок. Дебат деген жөн эле суроо-жооп эмес да. КТРК болсо цензура кылып, мектеп программасындагы суроолорду берип дебаттын форматын бузду. Кыргызстандын элинин саны жана ушуга окшогон суроолор мага шайлоочу катары тандоомо пайдасы жок. Программага эксперттерди чакырып, алар да суроо берип дебаттардын сапатын арттырышы керек. Анан аялдар үчүн, жаштар үчүн деп да дебаттарды бөлүп салыптыр. Анын эмне кереги бар? Мен аялдарды же жаштарды шайлаган жокмун да. Партияны шайлаганы жатам».

КТРК: суроо биздики эмес

Кыргызстанда президенттик, парламенттик шайлоолордо дебаттар негизи мамлекеттик телеканалдарда, анын ичинде көбү КТРКда өтөт. Быйылкы шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 224 жалпыга маалымдоо каражаты катталган. Партиянын өкүлдөрү аларда дебатка чыгып жатышат.

«Азаттык» коммерциялык мекеме болбогондуктан Боршайкомдон каттоодон өткөн эмес. Ушундан улам БШК талапкерлер арасында дебат өткөрүүгө уруксат берген жок.

Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт өнөктүгү коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөр менен өтүүдө. Партиялар стадион толо эл чогулта албайт. Концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө да тыюу салынган. Ушундан улам дебаттарга коюлган талап күчөдү.

КТРКнын «Маалымат» бирикмесинин жана теледебаттардын жооптуу редактору Бактияр Тукеев быйыл дебаттарга көбүрөөк убакыт бөлүнгөнүн айтып, анын мазмунуна байланыштуу сынга жооп берди:

Бактияр Тукеев жана дебаттын алып баруучулары Амантур Шергазиев менен Аяна Дүйшекеева.
Бактияр Тукеев жана дебаттын алып баруучулары Амантур Шергазиев менен Аяна Дүйшекеева.

«Дебаттын форматын редакциянын жумушчу тобу иштеп чыккан. Биз шайлоодогу эрежелерди, сунуш-пикирлерди эске алып БШКнын жумушчу тобу менен да кеңешкенбиз. Бир талапкерге 20 мүнөт берилсе, анын жарымын эркин талкууга, бири-бирине суроо берүүгө бөлдүк. Ошондуктан теледебаттардын форматында эч кандай кемчилик жок. Суроолор болсо шайлоочулардан топтолду. Аларды КТРКнын социалдык тармактардагы баракчаларынан эки жума мурун чогултканбыз. Суроолорду иргеп алып дебаттарга колдонуп жатабыз. Бул дебатта КТРКнын атынан бир да суроо берилген жок».

Анын сөзү боюнча, эми партиянын лидерлеринин дебаттары 28-30-сентябрь күндөрү жана 2-октябрда өтөт. Ал аял талапкерлер менен лидерлердин таймашы жаш талапкерлердикинен айырмаланат деп эсептей турганын айтып жатат.

Талапкерлер сынга калды

Социалдык тармактардын колдонуучулары дебатка катышкан талапкер партиянын позициясын коргоо ыкмасын, көтөргөн маселелерин да жактырышкан жок. Алар «бул программа алардын саясатка быша элек экенин, мамлекеттин багытын аныктаган маселелерде пикири жоктугун билдирет» деп жазышууда.

«Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев муну партиялардын катачылыгынан көрөт.

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Партия саясий кадрларды да даярдаш керек, - деди ал. - Анын бирден-бир милдети ушул. Партиянын катарындагы жаштар партиянын ичиндеги праймериз, ички күрөш аркылуу алдыңкы катарга чыгышы керек. Кыргызстанда партияларда мындай шарт жок экенин дебатта көрдүк. Ушул эле программада жаштардын билими да төмөн экени билинди. Берилген суроолорго популисттик, жалпыланган жоопторду айтышты. Муну ар бир партиядагы маселе деп эсептейм. «Жаштар, жаштар» деп эле айтып жатабыз, бирок ушул дебаттан кийин «Эми Жогорку Кеңешке ушулар келеби?» деген суроо пайда болду».

14-сентябрда КТРКда жаш талапкерлердин дебаты бүткөндөн кийин көп өтпөй ЭлТР телеканалында «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Биримдиктен» депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров, «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого бараткан Ибрагим Жунусов дебатка чыгышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев алардын дебаты деле жаштардыкынан ашып түшпөгөнүн, мамлекеттик башкаруу, тышкы саясат, чек ара, экономика, айыл чарба маселелери чөп башылап эле талкууланганын билдирди. Ал шайлоо алдында талапкерлердин оозунан түшпөй калган коррупция темасы деле үстүртөн сөз болуп, аны менен күрөшүү, жемкорлор тууралуу ачык, курч пикирлер айтылбаганын сындады:

«Дебатка катышкандардын болгон деңгээли ошол да. Көз карашы, ой жүгүртүүсү кенен адамдардын дебатын көрсөң такыр башкача. Партиялар жок дегенде программаларын элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Кээ бир партиялардын программасы бир жарым эле барак. Белгилүү эле партиялар саламаттык сактоо, экономика, маданият жана башка тармактар боюнча программасын эки эле сүйлөмгө батырып коюптур. Программасын, аны кантип ишке ашыруунун жолун айтып бере алышпаса дебатка чыгыштын кажети жок».

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG