Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Талапкерлердин деми жана деңгээли


2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) депутаттыкка талапкердин арасында 221 адамдын соттуулугу алынганын, 50 талапкер боюнча сот чечими чыга элек экенин билдирүүдө.

Депутат болууга умтулгандардын көпчүлүгү ишкерлер экендиги айтылууда. Азыркы парламенттин 89 депутаты кайрадан жарышка катышып жатат. Келерки Жогорку Кеңештин социалдык катмары, кесипкөйлүгү, жалпы сапаттык курамы жакшырабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов жана коомдук ишмер Дүйшөн Керимов катышты.

«Азаттык»: - Кыяс мырза, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 270тен ашык адамдын сот иштери менен байланышы болгону же болуп жатканы айтылат. Булар жалпы талапкерлердин 15% түзөт экен. Бул фактыны кандай кабыл алып, кантип бааласак болот?

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

Кыяс Молдокасымов: - Өткөндө «тизмеңди көрсөтчү, сенин кандай партия экендигинди айтып берем» деп жаздым эле. Тизме жарыялангандан кийин карасак, сот иштери менен байланышкан талапкерлер көп экендиги билинүүдө. Бул көрүнүш да парламенттин сапатына таасирин тийгизет. Бирок сот менен байланышкан иштердин ар бирин өзүнчө карап көрүш керек.

Биринчилери, бийлик менен келише албай, сын айтканы үчүн куугунтукка алынып, соттолуп, кайра акталып же соттуулугу жоюлгандар. Алардын арасында мамлекеттик кызматка татыктуулары да көп.

Экинчилери, чындап эле коррупциялык иштер үчүн күнөөлөнүп, бирок кандайдыр бир себептер менен соттуулугу жабылып, кыскарып калгандар. Партия лидерлери тизме түзүп жатканда ушул нерселерди эске алып, маани беришкен эмес. Алардын акчасына кызыгып тизмеге кошуп койгондой сезилет. Ушунун баары биздеги көп партиялык системанын деңгээлин, парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзамдардын чийкилигин, люстрация мыйзамын кабыл алуунун зарылдыгын көргөзүп турат. Мыйзамдык катуу талаптар коюлганда сот менен байланышы бар адамдар тизмеге кирбейт болчу.

«Азаттык»: - Дүйшөн мырза, алтынчы чакырылыштын 89 депутаты, дагы бир нече мурдагы жогорку кызматтагылар, мурдагы депутаттар кайрадан Жогорку Кеңешке келүүгө ниеттенүүдө. Алардын көпчүлүгү келсе «чимкирик» атка конгон парламентте сапаттык өзгөрүү болот деп айта алабызбы?

Дүйшөн Керимов.
Дүйшөн Керимов.

Дүйшөн Керимов: - Кыргызда «чимкирик» деген өтө уят сөз. Тилекке каршы, акыркы убакта өтө көп колдонулууда. Эгер бул сөздүн маанисине көңүл бурсак, мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңеш эң төмөнкү деңгээлдеги чакырылыш болгонун айтып турат.

Парламенттин башында сабатсыз, акылсыз жетекчилер отурушту. Кимдин ким экендигин баарыбыз күзгүдөй көрүп отурабыз. Эми ошолордун кайра келе жатышын кыргыздар «ашмалтай болду» деп айткан. Образдуу айтканда эрди-катын урушуп, талашып, «кетем, ажырашам» деп коюп, бетти сыйрып коюп, кайра эле жашай берген жагдайды да «ашмалтай» десек болот.

Биздин саясатта «шайкелең», «ойсоке» көрүнүш болуп атат. Аларда уят, намыс болгондо депутаттыкка умтулбайт болчу. Эми ошондой сынга кабылганына карабай, кыргыздар айтмакчы «атасына, уруусуна, жерине шек келтирип» жатканы уят көрүнүш. Мурункулардын «кайра келатканы» - коомдун бузулушу, майдаланып жатканы.

«Азаттык»: - Кыяс мырза, партиялардын бул жолку тизмелеринде «жумушсуз» деп катталган талапкерлерди көп учуратууга болот. «Өзүнө жумуш ордун түзө албагандар келип, элдин тагдырын кантип чечет?» деп нааразы болгондор көп. Парламент бош жүргөндөргө кызмат бере турган жерби?

Кыяс Молдокасымов: - Илгери көп кыргыздар бай-манаптын тукуму болгонун жашырышкан, баары кедей-кембагалдын тукумдары «болушкан». Азыркы «талапкер-жумушсуздардын» артында чоң-чоң акчалуу компаниялар турат. Алардын чоң бизнеси бар. Көмүскө экономика эмнеден башталат? Мына ушундай көрүнүштөрдөн башталат! «Депутат болгонго чейин жумушсуз жүргөм» деп өзүн актаганга жакшы. Акчасы жок, жумушу жоктор тизмеде 80-орунга чейин кире албайт. Бул коомчулукту алдоонун жеткен чеги.

"Арай көз чарай" берүүсүнүн 10-сентябрдагы чыгарылышындагы талкууну толугу менен аудиодон уксаңыз болот.

Парламентке кимдер келе жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:00 0:00
Түз линк

«Азаттык»: - Дүйшөн мырза, акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке мугалимдер, дарыгерлер, илимпоздор, окутуучулар, жазуучулар келбей калды деп кейип келебиз. Азыркы тизмелерде булар көрүнөбү, болсо алардын карааны калыңбы?

Дүйшөн Керимов: - Азыр интеллигенциянын зарылдыгы болбосо, аларды тизмеге ким кошот? «30 жылдан бери демократия куруп келатабыз» дейбиз. Тилекке каршы, кыргыз коомунда анархия болуп келатат. Мыйзам иштебеген жерди «анархия» деп коет. «Дүйнөбий коом курабыз» дейбиз, бирок тозокту гана сүйлөгөн сакалчандар басып кетти.

Мамлекетке мугалимдин, дарыгердин, окумуштуунун кереги жок жерде акча, байлык биринчи орунга чыгууда. Депутат жөө жүргөндөн уялган заманга жеттик. Соттуулугу жөнүндө кеп болду.

Дүйнөлүк тарыхта Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, Түштүк Африка өлкөсүнүн лидери Нелсон Мандела да мурда соттолгон инсандар болушкан. Бирок алар чоң саясатка келип, мамлекети үчүн чоң өзгөрүүлөрдү жасап, ак эмгек кылып, тарыхта калышты. Ошондуктан биз азыркы талапкерлерди «мурда соттолуптур» деп бир жактуу караганыбыз туура эмес. Ким, эмне үчүн соттолгонун так ажырата билишибиз керек.

XS
SM
MD
LG