Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Шайлоо: Партиялар премьерликке кимди сүрөйт?


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Кыргызстанда шайлоодон кийин премьер-министрди жана өкмөт курамын парламентке өтүп келген партиялар аныктайт.

Партиялар жер-жерлерде, Интернет айдыңында үгүт иштерин кызуу жүргүзүп, кат-кат убадаларды бергени менен саналуу партиялардан башкасы премьер-министрлик кызмат жөнүндө ооз ача элек.

Мыйзамга ылайык, өкмөт башчыны жана өкмөттү 50 пайыздан көп добуш алган партия же коалициялык көпчүлүккө кирген партиялар сунуштап, курайт.

Саясат талдоочулар Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алган өлкө катары партиялардын шайлоо жарышында өкмөт башчы, өкмөт курамы үгүт өнөктүгүнүн негизи болушу керек эле дешет.

Экономист Азамат Аттокуров партиялар премьер-министр эле эмес, реформа жасоочу өкмөттөгү негизги кызматтарга аты белгилүү, кесипкөй талапкерлерди аныктап, элге жарыялашы керек болчу деген пикирде. Бул ириде партиянын өзүнө да упай алып келүүгө жардам бермек.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Партиялар «бизде премьер-министр бул болот» деп айтыш керек. Программаны берип, аны аткарууга бараткан өкмөт мүчөлөрү да белгилүү болушу зарыл. «Бул ИИМди башкарат» деген сыяктуу негизги орундар белгилүү болсо, эл да «булардын планы бар экен» дейт. Коалицияга ким менен биригет? Кимдер менен бирикпейт? Баарын ачык айтышы керек болчу. Партиянын беш жылдык убаданы аткаруучу программасы болушу керек», - деди Аттакуров.

Ал азыркы партиялар программасында өкмөт жөнүндө сөз кылбай жатканынын себептерин атады. Аттокуровдун пикиринде, Кыргызстанда партиялык түзүлүш калыптанбай жатат жана өкмөт башчы ким болору президенттен көз каранды.

Көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө шайлоодо партияны жетектеген лидер өкмөт башчы кызматына барат. Бирок Кыргызстанда алтынчы чакырылыштын учурундагы премьер-министрлердин бири да өз программасын шайлоодо эл сынына койгон эмес.

Мурдагы өкмөт башчылар Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов партиянын мүчөсү катары парламенттик шайлоого катышпаганы белгилүү. Аларды премьер-министрликке дайындоодо президенттик аппараттын таасири болгону айтылып келет.

Саясий серепчи Эмилбек Жороев мындай көрүнүштөр парламенттик башкаруунун өнүгүүсүнө бут тосуп келатканын айтты:

«Бул парламенттик башкарууну өнүктүрүүгө жолтоо болот. Шайлоо бүткөндөн кийин кадрдык башаламандык болот. Ушундан улам кайра-кайра өкмөт башчы алмашат. Тилекке каршы, бул система уланып келатат».

Кыргызстанда быйыл шайлоого расмий катталган «Ата Мекен» партиясын Жанарбек Акаев, «Бир Бол» партиясын Алмамбет Шыкмаматов, «Биримдик» партиясын Акылбек Жамангулов, «Кыргызстан» партиясын Канатбек Исаев, «Мекен Ынтымагы» партиясын Темирбек Асанбеков, «Мекенчил» партиясын Камчыбек Ташиев, «Мекеним Кыргызстан» партиясын Мирлан Бакиров, «Ордо» саясий партиясын Мирбек Мияров, «Республика» партиясын Мирлан Жээнчороев, «Социал-демократтар» партиясын Сеидбек Атамбаев, «Реформа» партиясын Клара Сооронкулова, «Чоң Казат» партиясын Максат Мамытканов, «Ыйман Нуру» партиясын Чыңгыз Макешов, «Замандаш» партиясын Жеңиш Молдокматов жетектеп баратат.

Саясатчы Феликс Кулов бул жолу партиялардын көпчүлүгү лидерликке жаштарды чыгарууга аракет кылып жатканын белгиледи. Ал талапкерлер арасынан өкмөт башчылыкка татыктуу кадрды көрө албай жатканынын себебин Кулов мындайча түшүндүрдү:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Биринчиден, тизме акча менен түзүлдү. Билими, тажрыйбасы жок ишкерлер болсо өкмөт башчы болуп ийгиликке жете албайт. Экинчиден, жаштар көп болду. Мекенчил жаштар. Бирок тажрыйба, билим да керек».

Жогорудагы эки серепчинин пикирине таянсак, бул жолку шайлоодон кийин деле премьер-министрликке сырттан келген адам дайындалышы мүмкүн. Мындай көрүнүштүн эмнеси жаман?

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын баамында, премьер-министр жана өкмөт курамы парламенттеги партиянын чыныгы мүчөлөрүнөн түзүлсө жоопкерчилик партияга жүктөлмөк. Азыркы система менен өкмөттүн кемчилиги үчүн бир да саясий партия шайлоочулар алдында жооптуу эмес.

«Азыр жаңы премьер-министр келди. Кайсы партиянын программасын аткарат? Баарыныкынбы? Парламенттик башкарууну куруп жаткандан кийин партиялар программасы менен айырмаланышы керек. Азыр алтынчы чакырылыштан сурайлы, Абылгазиевден баштап канча өкмөт башчы, кимдин программасын аткарды? Эч кимден сурай албайсың. Алар партиядан келген эмес. Азыр партиялар да программасын айтып жатат. Биз өкмөт башчы ким болорун сурайлы», - деди Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG