Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Мандатты самаган аткаминерлер


Шумкарбек Адилбек уулу, Мелис Турганбаев, Канат Аманкулов жана Аида Исмаилова
Шумкарбек Адилбек уулу, Мелис Турганбаев, Канат Аманкулов жана Аида Исмаилова

24-августта аткаруу бийлигиндеги төрт жогорку кызмат адамынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу кызматтан кетти.

Алардын парламенттик шайлоого бара турганы айтылып жатат.

Мелис Турганбаев «Замандаш» партиясынын катарында болсо, Канат Аманкуловду «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинен көрүүгө болот.

Аида Исмаилова менен Шумкарбек Адилбек уулу кайсыл партия менен шайлоого аттанып жатканы азырынча белгисиз.

Исмаилова: Өлкөнү өнүктүрүү максатында шайлоого аттандым

Исмаилова, Аманкулов, Турганбаев жана Адилбек уулу өкмөттөгү жооптуу ишин таштаган биринчи адамдар эмес.

Буга чейин Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясынан шайлоого баруу үчүн кызматынан кеткен.

Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн түзүлгөнүнө эки айдан ашты. 16-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн курамын бекитип жатып, алардын шайлоого барар-барбасына кызыккан.

Эл өкүлү Мирлан Жээнчороев узаткан суроого Боронов мындай деп жооп берген:

«Өкмөт мүчөлөрүнүн баарынан атайын жыйында шайлоого барар-барбасын сураганбыз. Эч кимиси унчуккан эмес. Азыркы курамдагы министрлердин эч кимиси шайлоого барбайт, аягына чейин иштейт».

Кубатбек Боронов ишендиргендей, анда бул өкмөттүн курамы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы шайланып, жаңы коалиция түзүлгөнгө чейин иштеп бермек. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок.

Өзгөчө вице-премьер-министр Аида Исмаилованын коронавирус пандемиясы токтой электе өз арызы менен кызматтан кеткени сынга алына баштады. Анткени ушул жылдын 2-апрелинде аткаруу бийлигине келген Исмаилова өкмөттүн социалдык маселелерин тескеп жаткан. Анын вирус менен күрөшүүдө милдеттери көп болчу.

Аида Исмаилова өзүнүн кызматтан кетишин мындай деп түшүндүрдү:

«Кыргызстандын өнүгүшүнө жана өсүшүнө салым кошуу максатында Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катышуу чечимин кабыл алдым. Мен мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинен жетиштүү тажрыйба топтодум, ошондой эле алардын ар бири кандай иштей турганын жакшы билем. Топтогон потенциалымды жана билимимди колдонуу менен, өкмөттүн социалдык тармагын күчтөндүрүү үчүн кандай реформа жасаш керектигин да билем».

Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматта беш айга чукул иштеди. Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт.
Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматта беш айга чукул иштеди. Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт.

Аида Исмаилова 2015-жылы «Республика – Ата Журттун» курамы менен депутат болуп келген. Бул жолкусунда кайсы партиянын катарында парламенттик шайлоого аттанганын ачык айткан жок.

«Гепатитке жол жок» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургазы Батырбеков Аида Исмаилова баштаган ишин ара жолго таштап кеткенин билдирүүдө.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, гепатит илдети менен ооругандарга дары-дармек келбей калган. Бул ишти Аида Исмаилова көзөмөлүнө алып, маселени жакын арада чечип бере турганына ишендирген.

Нургазы Батырбеков Исмаилова менен акыркы жолу 17-августта эле жолукканын айтты:

«Аида Исмаилова 24-августта биз менен жолугуп, Дары-дармек менен камсыздоо департаментине тапшырма бере турганын айткан. Мындан тышкары Финансы министрлиги менен каражат маселесин да чечe турганын кошумчалаган. Биз Исмаилованын аркасынан үч ай жүрдүк. Анан эле шайлоого бара турганын угуп калдык. Бул боюнча бизге эч нерсе айткан эмес».

Аида Исмаилова кызматтан кетишин түшүндүргөн билдирүүсүндө вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган төрт ай ичинде бир катар жетишкендиктер болгонун белгилеген.

Жолдо калган жоопкерчилик

Өкмөттөн парламенттин шайлоого аттангандардын катары 24-августта кызматтан кеткен төрт аткаминер менен эле токтоп калбайт.

Саясий партиялардын алдыңкы тизмеси менен шайлоого аттангандар арасында министрлер, элчилер жана күч түзүмдөрүнүн башчылары да бар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев Исмаилованын иштен кетиши мамлекеттик кызматтын баркы жоктугунан кабар берерин айтты:

Бакыт Рыспаев
Бакыт Рыспаев

«Көп саясатчыларга мамлекеттик башкаруу оюн болуп калды, - деди Рыспаев. – Өлкөнү эч ким ойлогон жок. Эптеп эле өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу. Шайлоого аз убакыт калганын билип туруп эмнеге кызматка барат? Булар жаңы парламент келсе өкмөт кайра түзүлөрүн, кызмат орду сакталбай каларын түшүнүп турушат. Анын үстүнө аткаруу бийлиги туруктуу эмес. Ага салыштырмалуу депутат болуп шайланып алсаң беш жыл эч ким мандатыңа тийбейт. Өкмөттөн Жогорку Кеңешке качуунун себеби да ушул».

Буга чейин 16-июнда коронавируска байланыштуу кырдаал күч алган учурда ошол учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да кызматтан кеткен. Ал мындай чечимди радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кабыл алганын билдирген.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигине юридикалык баа берүү абзел деген ойду карманып турат.

«30 жылдан бери ушундай көрүнүш болуп жатат. Бийликтин негизги катасы эмнеде? Алар кылган ишине жооп бербеген мамлекеттик органдарды түзүп алышкан. Биз ар бир кызматкердин ишине юридикалык баа бере турган мыйзам кабыл алуу керек. Антпесе аткаруу бийлигинде иштеп, колунан эч нерсе келбей калса, Жогорку Кеңешке аттанган учур каттала берет».

Кыргыз парламентине депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Башында 44 партия Жогорку Кеңешке катышарын билдирген. Азыр ат салыша турган 17 партия калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG