Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Добуш сатуунун доорону башталды


Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Шайлоого катыша турган партиялар №2 форманын негизинде добуш сатып ала баштаганы айтылууда.

«Азаттыкка» кайрылган адамдардын маалыматына таянсак, бир добуш үчүн 3000 сомго чейин сунушталып жатыптыр. Саясатчылар бул көрүнүш шайлоонун жыйынтыгына шек жаратып, чоң талашка себеп болушу мүмкүн деп эсептешет.

«Добушумду 2000 сомго баалашты»

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну Жибектин добушун эки миң сомго баалап кетишти. Анын айтымында, 24-августта парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын биринин өкүлү ар бир үйдү кыдырып, добуш сатып алууга аракет кылган. Алар макул болгон кишиге дароо 1000 сом карматып, каражаттын калган бөлүгүн шайлоодон кийин бере турганын убадалашкан.

«Мен биринчи барып мектептеги шайлоо тилкесине катталышым керек экен. Кайсы мектеп, кандай жол менен барып катталам - сураган жокмун. Мен: «Акчаны алгандан кийин шайлоого сөзсүз барыш керекпи?» деп сурадым. Добуш сатууга үндөгөн аял: «Шайлоого барбай койсоңуз, анда мага айып салышат», - деп жооп берди. Алар биздин көчөдөгү ар бир үйгө кирип чыгышты».

Кара-Балта шаарында да ушундай көрүнүш байкалууда. Жергиликтүү тургун Мирбек Суранчиев бир добуштун баасы 3000 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтып жатат. Ал партия өкүлдөрү добушун сатууга макул болгон адамды №2 формасынын негизинде шайлоо тилкесине каттатып, добуш берүү күнү өзүлөрү машине менен ташый турганын кошумчалады:

«Бир райондун элин экинчи районго каттатып жатышат. Азыр салмактуу деген партиялар ар бир районго өз акимин, айыл өкмөтүн, милиция башчысын дайындап алышыптыр. Алар мыйзам бузулган учурларды көрмөксөнгө салып жатышат. Элдин баары эле №2 формасы менен ар кайсы жерге каттала баштады. Кара-Балтада алгач 500 сом, шайлоодон кийин 2500 сом бере турганын айтып жатышат. Менин байкашымча, добушун сатуудан баш тартып койгон адамдар чанда кездешет».

Новопокровка айылынын тургуну Жибек жана Кара-Балтада жашаган Мирбек Суранчиев акча сунуш кылгандар бийликке жакын деген эки партиянын өкүлү экенин ырасташты.

Ал арада «Кактус Медиа» порталы Бишкектеги №47 жана №77 мектепке кичи автобустар менен адамдар ташылып жатканын жазып чыкты. Окуяны тасмага түшүргөн жарандар мындай көрүнүш соңку үч-төрт күндөн бери байкалып жатканын журналисттерге айтып беришкен.

Суроо жараткан №2 формасы

Жарандык активисттер добуш сатып алуу №2 формасы документи менен ишке ашып жатканын айтып жүрүшөт.

Коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жылып кеткен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө да №2 формасы боюнча маселе жаралган. Анда шайлоо өтө турган Токмок, Ош баштаган бир нече шаарга башка райондордун тургундары катталган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов №2 формасы менен дарегин өзгөртүп, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүү ар бир адамдын укугу экенин айтты:

«Мурда шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн башка бирөө эле алып келип №2 формасын толтурганга уруксат бар болчу. Азыр ар бир жаран өзү кайрылышы керек. Анын колунун издери алынып, жүзүнүн параметри идентификациядан өткөндөн кийин гана шайлоочунун дареги алмашылат. БШКнын системасына №2 формасын кимдер, качан толтуруп жатканы боюнча маалымат келип турат».

№2 формасы 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонуна баштаган. Демилгенин авторлору ички миграцияны эске алуу менен ушундай жолго барганын билдиришкен эле. Андан бери №2 формасы менен канча киши добуш бергенин БШК ачыкка чыгарган жок. Мекеме андай статистика жүргүзүлбөй турганын билдирүү менен чектелди.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов шайлоо аттанган ар бир партия өз тизмесиндеги талапкерлерге райондорду бөлүп берерин айтып жатат. Кимиси өз аймагынан көп добуш алса, анда ал талапкерде мандатка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бабакуловдун баамында, ар бир талапкер жакындарынын же добушун саткан адамдардын өзү жоопту болгон аймактан шайлоого катышуусун каалайт.

«Ар бир шайлоо тилкелеринде партиянын ишенимдүү өкүлдөрү бар, - деди активист. - Алар добушун саткан адамдарды массалык түрдө каттап коюшат. Бул ыкманы көбүнчө бийликтин партиялары колдонушат. Мындай көрүнүшкө буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоодо күбө болгонбуз. Азыркы кезде талапкерлердин көпчүлүгү жашап жаткан үйүнө тиешелүү документтери жок жаңы конуштун тургундары менен эсептешип жатышат. Алар ар бир добушка 5000 сомго чейин берип жатышыптыр».

БШК шайлоо мыйзамдарына жана Жазык кодексине киргизилген жаңы ченемдер добуш сатып алууну азайта турганын билдирген. Ага ылайык добуш сатып алган адамдар 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн жазасы 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу болушу мүмкүн.

Саясатчы Бектур Асанов ушу тапта массалык түрдө добуш сатып алуу башталганын, топтолгон далилдердин негизинде бийликке жакын деген үч партияны шайлоодон четтетип койсо болорун айтты:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Президент шайлоону таза өткөрүп бере турганын айтып жатат. Бирок добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу азыр эле башталды. Бул көрүнүш улана берсе, анда саясатчылар, демократиялык прогресивдүү күчтөр жана эл шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшу мүмкүн. Беларустагыдай окуя кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Андыктан президент жеке кызыкчылыктарды эмес, мамлекеттин келечегин ойлошу зарыл».

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта «Биринчи радиодогу» маегинде алдыдагы парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын айтып, өзү бир да саясий партияга жан тартпай турганын билдирген:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок. Ага тарых, эл күбө. Буга 1995-жылдан бери саясатта жүрүп, мен да күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, чогуу иштегенге даярмын. Кандай партия келбесин - элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек».

Кыргыз парламентине депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. 22-августтагы расмий маалыматка караганда, 20дан ашуун партия жыйын өткөрүп, тийиштүү документтерди БШКга берди. Жогорку Кеңешке ат салышарын алгач 44 партия билдирип, кээ бирлери түрдүү себептерден улам жарыштан чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG