Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Шайлоодогу көрүнгөн жана көмүскө каражаттар


Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жума сайын саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшкөнү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий сайтына илинген маалыматка таянсак, 14-августка карата 41 саясий партия БШК белгилеген эки банк мекемеси – «РСК Банк» менен «Айыл Банктан» атайын эсеп ачып, шайлоо фондуларын түзгөн.

БШК партиялардын каражатына байланыштуу сандарды жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырууга тийиш. Бирок эки жумадан бери жаңылай элек.

Партияларга каражатты кимдер которууда?

Башка саясий партияларга салыштырмалуу «Кыргызстандын» шайлоо фондунда каражат көп. Бул партиянын эсебинде 37 млн. сом турат. Анын 36 млн. 400 миң сомун Шамшидин уулу Разак аттуу жаран которгон.

Бай партиялардын катарында «Мекеним Кыргызстан» да бар. Алардын шайлоо фондунда 7 млн. 735 миң сом турат. Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров 30-июлда «Мекеним Кыргызстандын» эсебине 35 миң сом салган. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда партияга акчалай жардам берген Мирлан Амантуров 21-августта кызматтан кетти. Ал өзү акча которгон партия менен шайлоого бара турганын ачыкка чыгарды:

«Бухгалтерия ката кетирип, акча менин атымдан которулуп калыптыр. Каражатты кайра мага кайтарып беришкен. Бул ишке прокуратура юридикалык баа берип, «моралдык жагын ойлобойт белеңиз» дегендей кылды. Бирок мыйзам бузулган жок. Акча которсом аны өз атымдан котордум. Конституциялык укугум бар. Мен эч кимге үгүт кылган жокмун. Акча да өзүмдүн акчам».

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катыша турган «Бир Болдун» да капчыгы жука эмес. Анын шайлоо фондунда 12 млн. 775 миң 170 сом бар. Партиянын тизмесине илинген Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, мурдагы эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев баштаган алты адам 1 млн. 500 миң сомдон чыгарган. «Бир Болду» күзүндөгү шайлоого баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов буларды айтты:

«Ар бир шайлоодо жарнама, 5 млн. сом күрөө, жер-жерлердеги үгүт иштерине акча коройт. Ошондуктан баарыбыз жапа тырмак акча чогулттук. Ар ким өз капчыгына карап каражат бөлдү».

Ал эми «Биримдик» партиясынын эсебинде жети млн. 200 миң сом турат. Башкалардан айырмаланып «Биримдиктин» шайлоо фондуна 37 адам 200 миң сомдон которгон. Алардын бири да «Биримдик» саясий партиясы жарыялаган алдыңкы 16 талапкердин тизмесинен көрүнбөйт. Партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Жеке тараптар 200 миң сомго чейин которсо болот. Бизге акча бергендер - партияны колдогон, партиянын идеясын жактырган адамдар».

«Республика» партиясынын шайлоо фондундагы 1 млн. 400 миң сомду да жети адам 200 миңден чыгарып чогулткан. Жанарбек Акаев баштаган «атамекенчилердин» эсебинде 3 млн. 849 миң 750 сом турат. «Бүтүн Кыргызстандын» капчыгында 250 500 сом бар болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев талапкерлер салмактуу деген партиялардын тизмесине илиниш үчүн 300-500 миң долларга чейин берерин айтып жатат. Мыйзам боюнча ар бир талапкер партиянын шайлоо фондуна 1 млн. 500 миң сом гана которо алат. Бекешев партиянын демөөрчүлөрү мыйзамды оңой эле айланып өтөрүн кошумчалады:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Партиянын алгачкы ондугуна кирген талапкер каражатты ар кандай жол менен адалдаштырат. Жеке же юридикалык жактын атынан салат, тууганынын жана таанышынын атынан да акча которуп коёт. Бирок аларды эч ким текшере албайт. Бир гана учурда - партияга акча которгон адам мамлекеттик кызматта иштесе же ишкерлик менен алектенсе, анда анын бирдиктүү салык декларациясын караса болот».

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын бири «Реформа» өз эсебиндеги 2 млн. 94 миң 25 сомду фандрайзинг жолу менен чогултту. Партиянын өкүлдөрү бул сумманы 5 миллионго жеткирип шайлоо күрөөсүнө төгүүнү пландап жатышат. БШК жарыялаган 14-августтагы маалымат боюнча, «Реформа» партиясына 99 адам акча которгон, алардын кээ бири 300 сом бергенин көрүүгө болот.

Ал эми «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» фондунда 200 сом бар. Аны партиянын төрагасы Эркин Булекбаев которгон.

Каражаттын көпчүлүгү көмүскөдө айланат

БШК партиялардын шайлоо фондуна каражаттардын туура түшүшүн жана чыгымдалышын көзөмөлдөйт. Партияларга диний уюмдар, мамлекеттик жана чет өлкөлүк мекеме-ишканалар, чет өлкөлүк жарандар акча которо албайт. Чогулган акча партиянын шайлоо маалындагы чыгымдарына гана сарпталышы керек. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов партиянын шайлоо фондуна кимдер салым кошо аларын тизмектеди:

«Мыйзамдын талабына ылайык, партиялардын шайлоо фондуна талапкерлер бир млн. 500 миң сомго чейин акча которо алат. Мындан тышкары саясий партия өз каражатынан 100 млн. сомду шайлоо фондуна салса болот. Физикалык тараптар 200 миң, юридикалык тараптар 300 миң сомдон ашпаган өлчөмдөгү акчаны партияларга чегере алат. Саясий партиянын жалпы шайлоо фонду 300 млн. сомдон ашпашы керек».

БШКнын мурдагы төрагасы, талдоочу Акылбек Сариев партиялар расмий көрсөткөн акча шайлоого корой турган каражаттын бир эле чети экенин айтууда. Анын пикиринде, парламентти көздөп турган партиянын баары өз ишин көмүскөдө жүргүзөт.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Акчасы жок партиялар шайлоо фондунда көрсөтүлгөн каражаттар менен эле чектелет, - деди ал. - Бирок алардын үгүт иштери кыска, жетишсиз болуп калат. Добуш сатып ала турган партиялардын бюджети өзүнчө кетет. Андай көмүскөдөгү каражаттар эч жерде айтылбайт. Капчыктуу талапкерлер көп добуш алуу максатында акчаны болушунча коротот. Бензин, тамак-аш, шайлоого чуркаган балдардын айлыгы, добуш сатып алуу эле миллиондорду чапчыйт. БШКга шайлоого тиешелүү баннер, үгүт материалдарына корой турган акчаны гана көрсөтүп жатышат. Бул көрүнүштөрдү тыйыш үчүн мыйзамдар жетиштүү. Маселе анын аткарылышында».

БШКнын маалыматына караганда, 20-августка чейин 23 саясий партия жыйын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.

Шайлоого катышарын жарыялап расмий түрдө 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 10 партия шайлоого катышпай турганын БШКга оозеки, ал эми тогуз партия жазуу түрүндө маалымдаган. Бир партия шайлоо өнөктүгүнө катышар-катышпасын билдирген жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG