Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

БШК партия үчүн ачылган эсептен шек санады


Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясына анонимдүү тараптардан акча келип жатканын айтып, күч органдарына кайрылды.

БШК күмөн санаган эсептер

Шайлоо фондуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаеванын маалыматына караганда, буга аталган партияны колдоо боюнча «Элсом» электрондук капчыкта жана дагы бир банкта ачылган эсеп себеп болду.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

«“Элсом” жана «Сбербанкта» «Бүтүн Кыргызстан» партиясына жардам берүү үчүн эсептер ачылыптыр. Биз партиянын өкүлүнөн бул эсептер партиянын шайлоо фондуна тиешеси бар-жогун сурадык, - деди Журабаева. - Ал бул тууралуу маалыматы жок экенин, тактап берерин айткан. Шайлоо фондуна анонимдүү түрдө акча салууга болбойт. «Элсомдо» акчаны ким которгону, каяктан которгону билинбейт да».

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКдагы өкүлү Мыктарбек Алымкулов ачылган эсептерге байланыштуу шайлоо комиссиясына түшүндүрмө берилгенин кабарлады.

Партиянын финансылык маселелер боюнча өкүлү Мирлан Полотов сөз болуп жаткан «Элсом» менен «Сбербанктагы» эсепти партия ачпаганын айтууда.

«Ачылган эсептердин партияга эч кандай тиешеси жок. Партияны колдогон активисттер партиянын логотибин коюп эсеп ачышыптыр. Алар «партияны колдойбуз, акча чогултабыз» деп жатышса кантип тыя аласың? Эсепти карасак, 13 миң сомдон ашык каражат түшүптүр. Биз эсепти ачкан кыздар, балдарды тааныбайбыз деле».

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу ал эсептерди ким, качан, кандай максатта ачканын териштирип берүү үчүн күч органдарына кайрылды. Бул маселе парламенттик шайлоо алдында партиялардын шайлоо фонду, анын булагы жана каражатты пайдалануу тартиби тууралуу көйгөйлөрдү козгоду.

Шайлоо фондуна ким акча сала алат?

Мыйзам боюнча шайлоого катышканы жаткан ар бир партия шайлоо фондун ачат. БШК банктарды талдап чыгып, айыл-аймактарда эң көп филиалдары бар, элге жеткиликтүү деген негиз менен «РСК Банк» жана «Айыл Банк» банктарын тандап алган. Партиялар ушул эки банктан эсеп ачып, ага шайлоо иштери үчүн каражат салат. Боршайком эсепке кимден, качан, канча акча түштү, ал эмнеге коротулду утур-утур маалымат берип турат.

Шайлоо фондуна каражат төрт булактан чогултулат. Алар: талапкерлер өздөрү бир которгондо 1,5 млн. сомдон ашпаган акчаны эсепке сала алат. Саясий партиянын өзүнүн каражаты болушу мүмкүн. Ал 100 млн. сомдон көп болбошу керек. Андан тышкары жеке тараптар 200 миң сомдон, юридикалык жактар 300 миң сомдон ашык эмес акчаны шайлоо фондуна сала алат. Партиянын шайлоо фонду жалпысынан 300 млн. сомдон көп болбошу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Кимдер шайлоо фондуна салым кошо албайт?» деген суроого мындайча жооп берди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Шайлоо фондуна акча которгон юридикалык тараптардын мамлекетке социалдык жана салыктан карызы болбошу керек. Ал эми жеке жактар анонимдүү түрдө акча которо албайт. Каражат берген адамдын аты-жөнү, жашаган жери, паспорттогу маалыматтары толук болушу керек. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар менен юридикалык тараптар, негиздөөчүлөрү чет өлкөлүк адам болгон уюмдар жана диний уюмдар саясий партиялардын шайлоо алдындагы фондуна акча которууга акысы жок».

«Кара кассалар» колдонулат

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген дээрлик бардык партиялар БШК аныктаган мамлекеттик эки банктан эсептерин ачышты. Айрымдары акча которуп аны коротконго да жетишти. Боршайкомдун 30-июлга карата берген маалыматы боюнча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондуна 3 млн. 35 миң сом түшүп, партия анын 586 миң сомго жакынын жарнама такталары жана башка иштер үчүн коротту.

«Социал-демократтар» партиясынын эсебине 103 миң сом салынып, 67 миң сомго жакыны сарпталды. «Бир Болдун» капчыгына 676 миң сом түшүп, 663 миң сому коротулду. «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» 200 сому бар. Партиялар үгүт иштерина даярдык көргөнү менен азырынча үгүт иштерди жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат. Үгүт иши расмий 4-сентябрда башталат.

Партиялардын ар бир чыгымы шайлоо фондунан гана каржыланып, ал элге ачык болушу керек. Бирок шайлоолордо «кара кассалар» колдонулуп келгени айтылып эле жүрөт.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков мындай ыкма бул шайлоодо да колдонуларын четке какпайт.

«Тартип боюнча партиянын шайлоо фондуна акча которулуп, ар бир баскан кадамдарынан тарта бардыгы ошол эсептен каржыланышы керек. Анткени биз ал фондго канча акча түштү, канчасы сарпталды каражаттын эсебин ошондон алабыз. Мисалы, Орусиядан бирөө бир чемодан акча алып келип шайлоого жумшап коюшу мүмкүн да. Бирок эсебинде мурдагы эле акча турат. Аны далилдеш кыйын. Абдан жакшы кийлигишсе, шайлоо фондунан тышкары коротулган каражатты таап койсо болот. Бирок Кыргызстанда мындай окуя боло элек».

Фандрайзинг өзүн актайбы?

Кыргызстанда 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң кымбат шайлоо катары айтылып келет. Бул жолу да андан кем эмес каражат сарпталарын саясат талдоочулар алдын ала эле божомолдоп жатышат.

Партиялардын арасында элден каржылык колдоо сурагандар да бар. Алардын бири - «Реформа» партиясы. Анын лидери Клара Сооронкулова бирок акча чогултууда БШК менен түшүнбөстүк бар экенин билдирди.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Мыйзамда «жеке тараптардан каражат жыйнаса болот» деп жазылып турат. Акча топтош үчүн партиянын максаты, анын мүчөлөрү тууралуу айтып беришибиз керек. Биз партия жөнүндө жарыя кылсак, Борбордук шайлоо комиссиясы «силер мыйзамсыз үгүт иштерин кылып жатасыңар» деп айыптоодо. Буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековадан «фандрайзинг кылганы жатабыз, кулактандыруу беребиз. Бул үгүт болуп эсептелеби?» деп сурасам жооп бере алган жок».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев партиялардын элден акча чогултушуна каршы. Ал кайсы гана шайлоо болбосун ал чоң суммадагы каражатты талап кыларын, Кыргызстанда акчасы жок бирок идеясы жакшы партияларды эл чөнтөгүнөн каржылоого даяр эмес экенин айтууда.

«Шайлоого катышабыз деп жаткан 44 партиянын бери дегенде 30унда акча жок. Алардын башка партиялар менен соодалашсак, акчасы бар партиялар менен бириксек деген максаты бар. Шайлоодо негизинен партияларга акчаны байлар берет. Алардын көбү Жогорку Кеңешке өтө турчу партияларга 500-600 миң доллар берип алдыңкы тизме менен парламентке келип алууну ойлошот. Бирок шайлоого барыш үчүн үч нерсе керек – акча, экинчи адамдын имиджи, эл арасында кадыр-баркы жана үчүнчү электораты болуш керек. Ушул үч нерсе болсо шайлоого барса болот. Кээ бирөөнүн акчасы бар бирок эл арасында кадыр-баркы да, электораты да жок».

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирди. Партиялар шайлоого ат салышуу үчүн 5 млн. сом күрөөгө коюш керек. Бул акча да шайлоо фондунан алынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG