Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

ИИМ "тизмегейтти" иликтей баштады


12-октябрь, 2017-жыл.
12-октябрь, 2017-жыл.

Ички иштер министрлиги "президент Сооронбай Жээнбековдун былтыркы шайлоо штабынын чыгымдары" деп жарыяланган тизмени иликтөөгө киришти.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) текшерүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "шайлоо чыгымдары боюнча жарыяланган тизмеге байланыштуу шайлоо штабынын башкы эсепчисинин өмүрүнө коркунуч туулду" деген маалыматынан башталганын билдирди.

ИИМ ал тизме жарыялангандан төрт күн мурун шайлоо штабынын башкы эсепчиси Нуржан Сатыгул кызы, кийинчерээк анын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгулов өлкөдөн чыгып кеткени аныкталганын билдирди.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев текшерүү ачык-айкын жүрөрүнө ишеним артты:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Азыркы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен иштешип калдым. Бул адам алдамчылыктан жана көз боёмочулуктан алыс жигиттердин бири. Эгерде ал бул ишти иликтөөгө киришсе, демек аягына чыгарат деген ишеним бар. Бул иштин жыйынтыгы сөзсүз болот. Бул кырдаалды курчутуу үчүн атайылап чыгарылган маалымат экени көрүнүп турат. Анын ичиндеги айрым маалыматтар "тазаланып", кээ бирлери ойдон чыгарылып, кошумчаланган болушу да мүмкүн. Себеби бул маалыматты коомчулукка жарыялоодон мурда анын артында тургандар коомдук пикир түзүүнү көздөшкөн. Мындай саясий максаттар жөн эле коюлган эмес. Бул абдан терең ойлонуп даярдалган иш.

Айрым адистер милиция "тизмегейт" чатагын толук иликтеп чыгып, бул чуулгандуу иш боюнча жооптуу адамдарды сурап, кылмыш ишин козгошуна жана калыс жыйынтык чыгарына ишенишпейт. Алардын бири - Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Бул чуулгандуу маалымат текшерилиши керек болчу, - деди ал. - Анткени коомчулукка бул маалымат чыгып кетти. Бул жерде шайлоо мыйзамдарын бузууга байланышкан кылмыш тууралуу сөз болуп жатат. Шайлоо штабынын "көмүскө капчыгы" тууралуу тизме ачыкка чыгып кетти. Демек бул жерде эч кандай мөөр же коюлган колдор болушу мүмкүн эмес. Ошол үчүн бул көмүскө "кара касса" деп аталат. Аны текшерип, иликтөөгө толук укуктук негиздер бар. Коомчулукта чоң күмөн ойлор пайда болду. Бирок мен бул текшерүүдөн кандайдыр жыйынтык чыгат дегенден алысмын. Текшерүү формалдуу түрдө гана жүрүп, "тизмеде чыккан маалыматтар аныкталган жок" деп эле жаап коюшса керек.

ИИМ шайлоо штабынын тизмесинде көрсөтүлгөн жана аларга бөлүнгөн акчаны алган адамдар суралып жатканы тууралуу маалымат берген жок. Материалдар текшериле турганын айтуу менен чектелген мекеме бул маселе тууралуу кандайдыр маалыматы бар адамдарды тергөө менен кызматташууга чакырды.

Буга чейин шайлоо штабында эксперт болуп иштегенин танган Алексей Василивецкий кийин Интернетте өзүнүн видео кайрылуусун жарыялап, анда ал тизмеде көрсөтүлгөн 170 миң доллар гонорарды алганын ырастаган. Ошондой эле ал өмүрүнө коркунуч туулганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялаган эле. Шайлоо штабынын эсепчиси Нуржан Сатыгул кызынын өлкөдөн чыгып кеткени жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу да коркунучта экени тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында “Апрель” телеканалындагы маеги учурда билдирген болчу.

Саясат талдоочу Эдил Байсалов шайлоо чыгымдарынын тизмесин жарыялоо жана ага байланыштуу үч адамдын өлкөдөн качканы боюнча мындай пикирде:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Фарид Ниязов өзү шайлоо штабынын башчысы болгон. Ал эми биздин билишибизче "шопур" кайсы акчаны каякка бөлүп, каякка чыгымдап, жумшаганды өзү башкарып турган экен. Булар өздөрү "шайлоо чыгымдарынын тизмеси" деген нерсени чыгарып алып, кайра кимди коркутуп жатышат? Бул ишти иликтөө зарылдыгы пайда боло турган болсо деле, аны кылмыш катары табууга негиз жок. Анткени шайлоого кеткен чыгымдарды белгилеп, чектеген тиешелүү чектөө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле алып салынган. Эми өздөрү кайра "шайлоодо ашыкча акча коротулган" деген негизде коркута башташты.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов шайлоонун каржы маселесине эч кандай тиешеси болбогонун айтып, бул боюнча комментарий берген.

Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы шайлоо штабынын чыгымдары деген тизмени жарыялаган болчу. Ал эгерде бул маалыматтар ырастала турган болсо, анда ал учурдагы президентке импичмент жарыялоого негиз болорун айткан. Адвокат бул тизмедеги келип түшкөн жана бөлүнгөн акча каражаттары 23 миллион долларга чукул экени жана анын кайда коротулганы күмөндүү экенин жазып чыккан.

"Тизмегейт": алгандар жана тангандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG