Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

КСДП фракциясына жаңы депутат кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы жаңы депутат менен толукталды. Пневмониядан улам дүйнөдөн мезгилсиз кайткан депутат, экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун ордуна тизмеде кезеги жеткен Сталбек Молдалиев депутаттык мандат алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-июлдагы жыйынында Молдалиевге депутаттык мандатын тапшырды.

Сталбек Молдалиев бизнес чөйрөсүндө таанымал ишкер.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДПнын жана анын парламенттеги фракциясынын мурдагы жетекчиси, депутат Чыныбай Турсунбеков өпкөсүнөн кагынып (пневмония) 7-июлда каза болгон.

КСДП 2015-жылкы парламенттик шайлоодо көп добуш алып, Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын лидери болуп турган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда камакта.

Мурдагы жана азыркы президенттердин ортосунда тиреш башталган кезде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы түзүлүп, аны жетектеген Сагынбек Абдрахманов кийинчерээк КСДПны өз атынан каттоодон өткөргөн.

13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдрахманов жетектеген КСДПнын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Буга ушул эле күнү аталган партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптан да арыз келгени себеп болгон.

Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов Бишкектин административдик сотуна арыз жазган. Ишти караган сот 20-июлда БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирген. Бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG