Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Оппозициялык саясатчы президентке талап койду


Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Бектур Асанов.
Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Бектур Асанов.

Саясатчы Бектур Асанов президентти «бандиттик-кландык коррупциялык топко» каршы чара көрүүгө чакырды.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык жана саясий кырдаал боюнча Бектур Асановдун кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда саясатчы «бийликтин мажүрөөлүгүнөн коронавирустан миңден ашуун адам каза болгонун» айтып, «бийлик өлкөнү башкарууга жөндөмсүз экенин далилдеди» деп билдирди.

Асанов учурдагы бийликтин саясатын кескин сындады. Ал туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда олигархиялык-бандиттик коррупциялык топ түзүлгөнүн, бул система кийинки эки президенттин тушунда гүлдөп, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги аны улантып жатканын айтты. Буга чейин алар көмүскөдө иш жүргүзсө, акыркы жылдары бардык кирешелүү тармактарды көзөмөлдөп, күч органдарына өздөрүнүн кишилерин кызматка орноштурганын белгиледи.

Асанов Кыргызстанда мындай кылмыштуу топтун башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов турарын кошумчалап, ага байланыштуу президентке суроо берди.

«Урматтуу мекендештер, биз учурдан пайдаланып мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, «кыргыз элинин ырыскысын жеп байыган олигархиялык-бандиттик коррупциялык топтун башчысы» экени айтылган «Райым миллионго» каршы тез аранын ичинде чара көрүүгө чакырабыз.

Биз Сооронбай Жээнбековдон парламенттик шайлоого чейин кыргыз элин же болбосо олигархиялык-бандиттик топту колдорун коомчулукка расмий түрдө ачык билдирүүсүн талап кылабыз!

Сиз ким мененсиз, урматтуу Сооронбай Шарипович? Урматтуу мекендештер, Кыргызстанды сактап калуу ар бирибиздин колубузда. Уурулук менен байыган көпөстөр кайра эле өлкө башына келип укум-тукуму менен тоноочулукту улантсак деп турушат. Ага жол бербейли».

Бектур Асановдун билдирүүсүнө президенттин аппараты азырынча жооп бере элек. Ал эми Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов саясатчы Асановдун билдирүүсүн «далилсиз ушак» катары баалады.

«Ар кимдин өз пикири жана көз караштары болот. Шайлоо алдында пайда болуп, кайрылуу кылып, кимдир бирөөлөргө айыптоо кылуу мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калбадыбы. Сөз эркиндиги, ой эркиндиги бар, бирок аны ашыра колдонуп, башкалардын кадыр-баркын далилсиз ушактар менен тебелөө одоно катачылык. Ал кишинин кайрылуусун чынында көргөн жокмун, бирок эмне тууралуу айтканын башкалардан уктум. 2010-жылдагы улуттук жаӊжалда, кандуу окуянын негизги уюштуруучулары менен колтукташып, сеператисттерди жандап жүргөн, андан кийин оор беренелер менен камалып чыккан адамдын кеңешине кимдин муктаждыгы бар? Өзгөлөргө сын айтуудан мурда, өзү тууралуу артка кылчайып койсо деп кеӊеш берээр элем».

Асановдун Интернетке жарыяланган билдирүүсү коронавирус пандемиясынан улам көмүскөдө калган Бажыдагы коррупциялык иштер жана Райымбек Матраимовдун айланасындагы талкууну жандантты. Асанов коомчулукта «Райым миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов парламенттик шайлоодо айрым партияларды каржылап, кылмыштуу ишин улантканы жатат деп эсептейт.

«Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаевдин пикиринде, саясатчынын сөзүндө чындык бар. Мындай топтор Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун таасир этүүгө аракет кылат.

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Биздин саясатты олигархтар, бандиттер жана кландар аныктап жатат. Алар таасирдүү болгондуктан президенттик, парламенттик же жергиликтүү шайлоо болобу ар бир шайлоого кийлигишет, - деди Айбек Теңизбаев. - Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгы алардын кызыкчылыгына туура келгендей болот. Ушундан улам парламенттин курамы начар. Президент аларга каршы эрктүү күрөш жүргүзүп жатканын көрбөй элебиз. Эл, жалпыга маалымдоо каражаттары коррупциялык иштер боюнча фактыларды бергенине карабастан жыйынтыгы кандай экенин көрүп турабыз».

Президенттин убадасы

Матраимовго байланыштуу мындай дооматтар байма-бай жаңырып турат. Бишкекте аны жоопкерчиликке тартуу боюнча миңдеген адам катышкан «#RЕакция» деген аталыштагы митингдер өттү.


Президент өткөргөн басма сөз жыйындарында да журналисттерди кызыктырган суроо Матраимовго тиешелүү. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Матраимовго байланыштуу суроого жооп берип жатып, «айтып койсо эле бирөөнү камоо туура эмес экенин, аны факты менен бекемдөө зарыл экенин» билдирген.

Ушул жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөп жатып, эч кимдин алдында карыздар эмес экенин кайталаган.

«Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында «тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен» деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушу мүмкүн. Бирок, президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок».


Ал эми Райымбек Матраимов коюлган дооматтар боюнча коомчулукка чыгып ачык жооп кайтарбайт, жалпыга маалымдоо каражаттарына да дээрлик маек бербейт. Анын агасы, депутат Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган сын-пикирдин баарын четке кагып, аны каралоо катары баалап жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев саясатчы Бектур Асановдун билдирүүсүн шайлоо алдындагы саясий оюн жана Матраимовду каралоо аракети катары баалады.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Баары тең өздөрүнүн коркоктук сезимдери менен Райымбек Матраимовду маанилүү фигура, саясатчы кылып коюшту. Ал кишини (ред: Райымбек Матраимов) депутаттык комиссия, бардык мамлекеттик органдар, «Азаттык» да иликтеп чыкты. Ал киши үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебесе, азыркы иштерге кандайча тиешеси бар мен түшүнбөйм».

Президенттин сөзү менен иши

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажыдагы коррупция тууралуу бир нече иликтөө жарыялаган. Аларда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экендиги айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Матраимов өзү, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген фактыларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштирүү жүргүзүп жатат.


Жарандык активист Азият Жекшеев кыргыз бажысындагы тутумдашкан коррупцияны ашкере кылган журналисттик иликтөөлөр жана коомчулуктун талабына карабастан тиешелүү адамдарга азыркыга чейин чара көрүлбөгөнүн сындады. Ал мындан кийин да жыйынтык болоруна көзү жетпей турат.

«Эл өлкөдө болуп жаткан окуяларды, ким кайсы жерден кантип уурдап жатканын көрүп турат. Аны журналисттер иликтеп чыгарып жатат. Бул маселени социалдык тармактын колдонуучулары күнүгө көтөрүп, көчөдө элдин сүйлөшкөнү деле ушул болуп калды. Ушунун баарын көрүп туруп жыйынтык чыгарбаган киши кайсы бир саясатчынын кайрылуусунан кийин кандайдыр бир иш жасарына көзүм жетпейт. Кимдир бирөөнүн алдында милдеттенмеси болбосо бул ишти эмне үчүн аягына чыгарбайт деген суроо жаралат. Ошондуктан көз каранды болгон иштер бар да. Ушундан улам иш эки жылдан бери ордунан жылбай турат. Тескерисинче, Райымбек Матраимов саясий упай топтоп, шайлоого кызуу даярданып саясий талаага ачык эле чыгып алды».

Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын өлкөдө эң коррупцияланышкан мамлекеттик орган деп эсептешет. Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө ылайык, сурамжылоого катышкан адамдар Бажы кызматына эң төмөн - 15,4 балл берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG