Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Мурдагы бажы кызматкери Кара-Сууга мэр болду


Кара-Суу шаарынын мэриясынын имараты.
Кара-Суу шаарынын мэриясынын имараты.

1-июлда Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды. Шаар мэрин шайлоого катышкан 30 депутаттын баары анын талапкерлигин колдогон.

Лолобаевдин мэрликке жалгыз талапкер болгону жана мурда Бажы кызматында эмгектенгени коомчулукта талкуу жаратты.

1-июль күнү Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоого шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у чогулуп, алардын баары жалгыз талапкер Адыл Лолобаевдин калаа башчысы болушун колдошту.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Кимсанов шайлоо мыйзам бузуусуз, санитардык эрежелерди сактоо менен өткөнүн айтты:

«25-мартта өтүшү керек болчу. COVID-19дун айынан бүгүнкүгө чейин жылып келди. Мыйзам бузуу болгон жок. 30 депутаттын бардыгы «макул» деген жерге белги коюп, мэр болуп шайланды. Бирден киргиздик. Медицина кызматкерлери да катышты».

Мэр болуп шайланган Адыл Лолобаевдин бул кызматка жападан жалгыз талапкер болгону социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Рустам Хатамов башка талапкер чыкпаганын мындайча түшүндүрдү:

«Биринчиден, бир жылдык мөөнөткө, кийинки сентябрь айына чейин шайланды. Анткени шаардык кеңештин депутаттарынын мөөнөтү да кийинки жылы сентябрь айында аяктайт. Ошондуктан башка кандидаттар бир жылга шайланууну менимче каалаган жок. Бул кишинин мандатын КСДП партиясынан көрсөттүк».

«Матраимовдордун кадрлар бөлүмү»

Адыл Лолобаев 1997-жылдан тартып Бажы кызматында ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчилик орундарда иштеген. Мындан улам аны «Матраимовдордун кадры» деп атагандар да бар.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

«Матраимовдордун кланына кызмат кылган адам экен. Бажы кызматында иштеп жатса, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда бардык түштүк аймагында жетекчи, жетекчинин орун басары кызматтарын аркалап атат. Анан эле Кара-Сууга мэрликке алып келишти. «"Матраимовдордун кадрлар бөлүмү" тарабынан дайындалып жатат десек туура болот», - деди Келдибаев.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда, анын ичинде Кара-Сууда таасирдүү адамдар болуп саналат.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөдөгү эң бардар адамдардын бири катары сыпатталып келет. Анын аты бир катар жергиликтүү жана эл аралык журналисттик иликтөөлөрдө аталып, декларациясында көрсөтпөгөн миллиондогон долларлык мүлкү ашкере болгон.

Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болсо, дагы бир иниси Тилек Матраимов - өлкөдөгү эң ири - Кара-Суу районунун акими.

Төлөгөн Келдибаев Адыл Лолобаевдин Кара-Сууда мэр болуп шайланышын саясий күчтөрдүн күздөгү парламенттик шайлоого даярдыгы катары да баалады.

Бирок Келдибаевдин пикирине жаңы шайланган мэр да, шаардык кеңештин төрагасы да кошулган жок.

Адыл Лолобаев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда анын мэр болуп дайындалышына Матраимовдорду аралаштыруунун кереги жок экенин айтты:

«Матраимовдор менден кийин келген. Мен ага чейин иштегем. Бишкектеги «Манас» бажы бекетинде, Жалал-Абадда Баткенде иштегем. Матраимов кийин жетекчи болду. Аны менен аз эле иштештим. Бажы десе эле Матраимовдорго жакын адам деген болбойт. Алар менен жердеш катары мамилебиз бар. Мени эл тааныйт, эл билет. Мен ишкермин. Акыркы үч жылда ишкердүүлүк менен алектенип жүрөм», — деди Лолобаев.

Ошондой эле ал мэр болуу максатын көздөбөгөнүн партиялаштары суранганынан макулдук бергенин, алдыда Кара-Суу шаарындагы турак жайдын жетишпестигин чечүүнү, инвесторлорду шаарга тартып келүүнү көздөп жатканын айтып өттү.

Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Алардын 23ү КСДП, бешөө «Мекеним Кыргызстандан», калган үчөө «Кыргызстан» партиясынан.

Кара-Суу шаары Ош облусундагы Кара-Суу районунда жайгашкан. Шаардын аянты 38,7 миң чарчы метр. Элинин саны 25 миңге чукул. 1960-жылдан бери шаар макамын алып жүрөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG