Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Кара-Сууда айыл өкмөт башчыларына иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир катар айыл өкмөт башчыларына кылмыш иши козголду.

Иш козголуп, өзү кызматтан убактылуу четтетилген Папан айыл өкмөт башчысынын иши сотко өттү. “Бойко” деген каймана ат менен белгилүү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов алдамчылыкка байланыштуу айыпталып, камакка алынды.

Учурда Кара-Суу районунун Папан жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызматтарынан убактылуу четтетилген. Сарай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине карата да экономикалык мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Элинин саны эң көп болгон Кара-Суу районун бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, элде “Раим миллион” деп таанылган Раимбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов башкарат. Аким өзү башкарган айыл өкмөттөрдүн үчөөнө карата удаасы менен кылмыш иши козголгону тууралуу толук кабардар боло элек экен.

Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

- Сарай айыл өкмөтүнө козголгон жок. Папан менен Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына козголду. Азыр алар кызматынан убактылуу четтетилген. Азыр алардын ордуна орун басарлары иштеп жатышат, - деди ал.

Ош облустук прокуратурасы да Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Папан айыл өкмөт башчыларына карата жер мыйзамдарын бузганы үчүн кылмыш иши козголгонун ырастады.

Облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Баймырза Маатов Сарай айыл өкмөтүндөгү экономикалык багыттагы мыйзам бузуу фактысына байланыштуу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине карата да кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

- Папан жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына карата жер мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кызмыш иши козголгон. Ал эми Сарай айыл өкмөтү боюнча аларга экономикалык багыттагы мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Азырынча кайсы бир жооптуу кызматкердин атын атоо эрте.

Чындыгында эле Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы, “Бойко” деген каймана ат менен белгилүү Алмаз Абдукаримов өзүнө тагылган айып боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок ал саламаттыгы начарлаганынан улам Оштогу жүрөк ооруларын дарылоочу жеке менчик бейтапканага которулган. Учурда аны сакчылар ооруканада кайтарып жатышат.

Төлөйкөн айыл өкмөт башчысынын ишин тергеп жаткан Ош облустук экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгы "жетекчилер окууда жүрөт" деген жүйө менен иштин чоо-жайы тууралуу маалымат беришкен жок. Абдукаримов өзү болсо бир нече күндөн кийин толук маалымат берээрин айтып, азырынча өзүнө коюлуп аткан айыптар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин ушул эле Кара-Суу районунун тургундары Ош облустук администрация имаратынын алдына митингге чыгышып, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловду жер сатууга байланыштуу айыпташкан эле. Ал боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Кара-Суу райондук администрациясы Эрматбек Исмаиловду айыл өкмөт башчылык кызматтан убактылуу четтеткен. Нааразы тургундардын жактоочусу Айсалкын Карабаева Исмаиловдун иши азыр сотто экенин айтууда.

- Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловго кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөрүлдү, - деди ал.

Жактоочу Исмаиловго карата экономикалык дагы бир кылмыш иши ачылып жатканын кошумчалады.

Кара-Суу району.
Кара-Суу району.

Ал арада ушул эле Кара-Суу районунун эң бай деген Сарай айыл өкмөтүнө байланыштуу да кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери болуп атканы маалым болду. Ишти ИИМдин өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча Ош аймактык башкармалыгы иликтеп жатат.

Мындан бир нече күн мурун ушул эле Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бир тууган агасынын үйүнөн автомат баш болгон бир нече ок атуучу куралдар огу менен табылган эле. Мунарбек Сайпидинов өзү да 2013-жылы Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоо учурунда атаандаш талапкердин өкүлүн тапанча менен атып, аты чыккан болчу. Ал окуя боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган. Кийинчерек Мунарбек Раимбеков фамилиясын Сайпидинов деп өзгөртүп, ошол эле райондун Савай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG