Линктер

бейшемби, 17-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:03

Тилек Матраимов: жыйындан кишилерди кууп чыккан жокмун


Тилек Матраимов.

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов «Клооп» маалымат агенттиги жарыялаган видеотасма боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал тасмадагы маалыматтар туура эмес экенин айтып, райондун тургундары катышкан жыйын тынч эле өткөнүн айтты.

«Тигини тартып, муну тартып туруп эле бириктирип коюптур. Мен ордумдан туруп «силер суроо бергиле, биз жооп беребиз» деп эле сүйлөп жаткам. Жер боюнча адис чыгып, жерди кантип алып сатышканын айтканда эл чычалап кетти. Кээ бири ичип да алган окшойт. Мен кишилерди жыйындан кууп чыккан жокмун. Чогулушту жакшы эле өткөрүп, мага 25 суроо түштү», - деди Матраимов.

«Клооп» бүгүн бир мүнөттүк видеону жарыялаган. Анда Кара-Суу районунун тургундары райондун акими Тилек Матраимов менен болгон жолугушууда милиция кызматкерлери тарабынан күч менен сыртка чыгарылганы айтылат.

Тасмада күч кызматкерлери эки кишини жыйын өтүп жаткан имараттан чыгарганын көрүүгө болот. Ошондой эле Матраимов залдагыларга: «Мага суроо бергиле. Жомок айтыштын кереги жок!» деп айтып жатканы тартылган. Тасмада жолугушуу суроо жооп менен өтүшү керек экендиги, сын айткандардан микрофонду алып коюшканы жазылган.

Тилек Матраимов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы. (BTo/YI)

Пикирлерди көрүңүз (60)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG