Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын «эң коррупциялашкан» мекеме деп эсептешет


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын жарымына карата элдин ишениминин деңгээли боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын "эң коррупциялашкан мекеме" деп эсептей турганы белгилүү болду.

Андан кийинки орунду Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат ээлеген. Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Соттук-медициналык экспертиза кызматы да көпчүлүктүн пикиринде коррупциялашкан мекемелердин катарын толуктаган.

"Коррупция азыраак" деген органдарга жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары кошулган.

Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосуна катышкандар мамлекеттик органдардагы коррупцияны -100дөн +100гө чейинки балл менен баалашкан. Бажы кызматына эң төмөн - 15,4 балл берилген.

Бажы кызматына карата коррупцияга байланыштуу сын буга чейин да айтылып келген.

Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпы 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG