Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

«#RЕакция 3.0»: коом бийликтин чечимин күтүп турат


29-июнда болгон "#Reакция 3.0" митинги.
29-июнда болгон "#Reакция 3.0" митинги.

29-июнда Бишкекте «#RЕакция» деп аталган митинг үчүнчү жолу өттү. Бул жолкусунда миңден ашуун жаран Ак үйдүн алдына чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырган кайрылуу кабыл алынды.

«#RЕакциянын» уюштуруучуларынын айтымында, президент митингге чыккан элдин талабын угуп, реакция кылбаса, нааразылык акциясы дагы уланат.

Активист Улан Үсөйүн «#RЕакция» кыймылы башында турган алгачкы эки митингде модератордук милдетти аткарган. Ал бийлик алгачкы эки акция боюнча үн катпай кутулганын белгилеп, бул ыкма бийликти көпкө чейин коргой албастыгына токтолду.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

«Бийлик биздин талаптарга реакция кылат деген үмүт бар, ишеним жок. Себеби, азыркы учурда эл менен бийликтин ортосунда аябай чоң ажырым пайда болду. Коомчулук президенттин чечимин күтүп турат. Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койсо, ансыз да араң турган элдин ишенимин биротоло жоготот. Ал кишинин эркин демократиялуу мамлекет куруу боюнча айткан сөздөрү жокко чыгат. Ошол эле учурда элдин ойгонушун, бийлике талаптарды коюп жатканын эң чоң жетишкендик катары белгилегим келет. «#RЕакциянын» эң чоң ийгилиги ушул».

«#RЕакция» акциясы 2019-жылы башталып, 25-ноябрда Ала-Тоо аянтына чогулгандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюуну, реалдуу реформаны талап кылышкан.

Анда жүздөгөн адамдардын Ак үй алдына чыгышына журналисттердин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган иликтөөсү себеп болгон.

Митингдин катышуучулары футбол спортунда алгачкы жана акыркы эскертүү катарында кабылданган сары айып кагазын кыргыз бийлигине көрсөтүп тараган эле.

Жарандык активист Тилек Токтогазиев Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердигин, өлүмүн териштирген депутаттык комиссиянын соңку тыянагы – «реакциячылардын» талаптарынын көңүл сыртында калгандыгын көрсөттү деген ойдо.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

«Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын жарандык коомго болгон «түкүрүк» катары кабыл алсак болот. Анткени эл өкүлдөрү комиссия түзүп туруп Матраимовдор боюнча бир дагы сөз айткан жок. Тескерисинче, аталган үй-бүлөнү коргогонго өтүштү. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Финансы полициясынын өкүлү Матраимовдордун жеке жактоочусундай элес калтырды. Кыргызстанда көп нерсе ылдам өзгөрөт. Убакыт келгенде кландын кызыкчылыгын коргоп жаткандар мыйзам алдында жооп беришет».

18-декабрда «REакция 2.0» митинги өткөн. Жарандык коомдун, жаштардын экинчи жолу Ала-Тоо аянтына чыгышына Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медианын үстүнөн сотко кайрылышы себеп болгон. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн эле. Декабрь айындагы акцияда дагы бир нече талаптар коюлуп, сотторго кызыл кагаз көрсөтүлгөн.

Саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин бийлик кандай болгон күндө да жарандык коомдүн үнүн угуп, диалогго барышы зарыл деген пикирин ортого салды.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

«Азырынча бийликтин реакциясы билине элек. Жаштар коомдун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Алар менен ар кандай форматта жолугушса болот. Бийлик коюлган талаптарды коомчулук менен талкуулашы керек. Ал эми депутаттык комиссия деген нерсе мурдагыдай салмактуу болбой калган. Элди алаксыта турган ыкмалардын бири. Андай комиссиялар саясий баа бериш үчүн эле түзүлөт. Укутук талаада күч органдары иштеши керек эле. Журналисттер алардын колунан келбеген ишти жасап, документтерди ачыктап жатат. Ушундай окуялардан кийин жаштардын бийликке талап койгонго укугу бар».

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов жарандык активисттердин үнү көңүл сыртында калды деген ойдон алыс. Анын көз карашында өлкөдө реакциячылар талап кылган коррупцияга каршы күрөш кадимкидей эле жүрүп жатыптыр.

«Жарандык активисттердин үнүн өкмөт, бийлик укту. Сиздер деле көрүп жатсаңыздар керек, ири коррупциялык иштер менен алектенгендер соттолуп жатат. Алды кесилип да кетти. Мына жакында эле Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупциялык схема ачыкталды. Бул күрөш ушуну менен элек токтоп калган жок. Алдыда дагы уланат».

29-июнда жаштар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чогулушту. Алар бул мыйзам Кыргызстанда сөз эркиндигин ооздуктоодо бийликтин куралына айланышы ыктымалдыгын айтып, мамлекет башчыны бул мыйзамды колдобоого үндөдү. Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 25-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

Азырынча жогоку бийлик митингдин талаптары боюнча эч кандай позициясын билдире элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG