Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Жогорку сот "Азаттыктын" өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды


"Азаттык" радиосунун эн белгиси

Жогорку сот “Азаттык” радиосунун кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин өтүнүчүн четке каккан чечимдерди күчүндө калтырды. Бул иш 25-июнда каралганын Алагушев билдирди:

"Жогорку сот Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун аныктамаларын күчүндө калтырды. Эки инстанция тең ишти Ленин райондук сотунун кароосуна өткөрүп берүү өтүнүчүн четке каккан болчу".

Алагушев быйыл 29-январда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага жана журналистке койгон доосу каралып жатканда бул ишти Ленин же Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранган. Ишти караган Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова бул өтүнүчтү четке каккан. Жактоочу кийин шаардык сотко арызданып, ал инстанция да райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандыктан Жогорку сотко кайрылган.

Ага чейин судья Ибраимова Матраимовдор арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка койгондуктан, жактоочу аны калыстык кыла албайт деп эсептерин билдирген жана ишти башка сотко өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары каршы болушкан.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG