Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Шайлоо-2020: акчаны көзөмөлдөө амалы


Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

БШК саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттарды көзөмөлдөөнүн алкагында сырттан кыргыз жарандарынан которула турган акча улуттук валютада гана кабыл алынышы керек деген ченемди киргизди.

Муну шайлоого катышып жаткан айрым саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоочулардын өз демилгеси менен саясий партияларга жардам иретинде каражат топтоого каршы көрүлгөн чара катары кабыл алышты.

Партия өкүлдөрү ошол эле кезде банк аркылуу которууга эмес, миллион долларлап накталай добуш сатып алууга багытталган каражаттарды аныктоо жана чара көрүү боюнча эч кандай иш жүрбөй жатканын сынга алышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) болсо бул жолу массалык түрдө добуш сатып алуу фактыларын аныктоо бир топ күчөтүлгөнүн жарыялады.

БШК саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылаш үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча мыйзам талаптары тууралуу түшүндүрмөсүн жарыялады. Анда мекеме «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоо фонддоруна түшчү каражаттар улуттук валютада гана кабыл алына турганы көрсөтүлгөн. Бирок чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары саясий партияларга каржылык колдоо көрсөтө алары белгиленген.

Чемодандагы акчага чектөө жокпу?

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Айданбек Акмат уулу муну БШК шайлоого миллиондогон акчаны накталай алып келип, добуш сатып алууга камынган партияларды көзөмөлдөбөй, чет жердеги мигранттардын каржылык колдоосуна таянган партияларды аңдып калган жагдай катары чечмеледи:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

«Кыргызстандын укук коргоо органдары тууралуу элибизде «тоок уурдаган камалат, миллиондорду уурдаган сайрандап жүрөт» деген сөз бар. Азыр БШК да бул түшүндүрмөсү аркылуу карапайым калк 100, 200 сомдон болсо да топтоп, өзү каалаган партиясын каржылык жактан колдоого алайын десе, катуу көзөмөлдөп, «лупа менен карайбыз» деп жатат. Ал эми ошол эле кезде миллиондорду чемодандап ташыган партиялардын шайлоо фонддорунан сырткары келип жаткан каражатын текшерүү, алардын добуштарды сатып алышынын алдын алуу боюнча эч кандай чара көрбөй эле турушат. Алар качан эле добуштарды сатып ала башташкан. Тизмелерди мурда эле түзүп, өздөрүнө караштуу адамдарды топтой баштаганы жашыруун эмес. Өздөрүнө ыктаган адамдарды тиешелүү жерлерге алып барып, эбак эле каттоого койдурушкан. Эгерде БШК чын эле калыс шайлоо өткөргүсү келсе, ошолордун бетин ачпайбы?»

Мыйзамга ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которула тургандыгы түшүндүрмөдө көрсөтүлгөн. «Трансперенси интернешнл» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Алтынбек Шаршенбаев шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялар жана алардын лидерлери коррупциялык жол менен табылган каражаттарын шайлоого чыгымдап, бийлигин сактап калууга жандалбас кылган өнөкөт бар экенин айтты.

Ал декларациядагы чыгашасы тапкан кирешесинен ашыкча көрсөтүлгөн мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин жана саясатчылардын шайлоого кетирген чыгымдары кылдат иликтениши зарыл деп эсептейт.

«Коррупциялашкан аткаминерлер менен саясатчылардын ошол көмүскө келген каражаты шайлоого абдан катуу таасир тийгизет, - деди ал. - Саясий партиялар шайлоо убагындагы чыгымдары тууралуу отчёт беришет. Бирок ошол чыгымдарынын көрсөтүлгөнү канчалык так? Каякка канча каражат жумашаганын тактоо мүмкүнбү? Кайсы партияларга үгүт иштери жүрүп жатканда эфирден канчадан убакыт берилип, гезиттердин же сайттардын беттеринен канчалык орун берилгени так аныкталышы керек. Себеби, кайсы партия кайсы акчасын кандай чыгымдаганы белгилүү болбосо партиялар ортосундагы бирдей шартта тең тайлашууга мүмкүнчүлүк болбойт. Көмүскө жолдор менен табылган акча каражаттары шайлоого аралашканда саясий партиялардын ортосунда калыс жана чыныгы саясий күрөш болушу кыйын».

«Жаза күчөтүлдү»

Мыйзамга ылайык, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фонддору БШКнын уруксаты менен партия жана депутаттыкка талапкер тарабынан ачылат. Анын үгүт жана уюштуруу иштерине кеткен чыгымдары ошол фонддон гана каржыланышы керек.

Бирок адатта саясий партиялардын айрымдары шайлоо фондунун эсебиндеги каражаттан сырткары талапкерлерден же башка демөөрчүлөрдөн накталай акча чогултуп, аны добуш сатып алууга жумшаган учурлары боюнча маселе көтөрүлүп келген. Мындай каражатты көзөмөлдөө бир топ татаал экенин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да моюнга алып келишет.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо мыйзамдарына жана Жазык кодексине киргизилген жаңы ченемдер бул өнөкөттү ооздуктоого мүмкүнчүлүк берет деген ишенимде.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Добуштарды сатып алууну токтотуш үчүн бир эле добуш сатып алган эле атайын адамдар эмес, депутаттыкка талапкерлердин өздөрү, алардын жакындары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулган болсо, анда бул аракеттер 5-категориядагы жоопкерчилик менен каралат. Анда 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн жазасы 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу болушу мүмкүн. Бул эми мыйзамдын талабы. Бул үчүн баарыбыз күрөш жүргүзүп, иш алып барууга тийишпиз. БШКнын жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын карамагында атайын уюштурулган жумушчу топ иш алып барат», - деди ал.

БШК быйылкы парламенттик шайлоо үчүн «Айыл Банк» менен «РСК Банк» шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачыш үчүн банктык мекемелер катары аныкталганын белгилеген.

Партиялар каражаттарды башка валютада топтоого укугу жоктугу, анонимдүү акча алууга тыюу салынары мыйзамдардын негизинде чечмеленген. Коммерциялык сырды сактоо шартына карабай, акча которгон кишинин аты-жөнүн анын өзүнүн макулдугун алуу менен БШКнын расмий сайтында жарыялоого мыйзам жол берет. Чет жактан башка валютада акча которгондордун каражаты алмаштырылган соң гана партиянын эсебине улуттук валютада салынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG