Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Шайлоодо курсактын кулу болбойлу...


Иллюстрациялык сүрөт.

«Күз айына белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу керек, андан көрө бар күчүбүздү таажы вирусуна каршы жумшайлы» дешет бир катар таанымал саясатчылар.

«Жок, азыркы депутаттар жана өкмөт менен кала берсек, абалыбыз ого бетер оорлошот» дегендер да бар. Ушул талаштын тегерегинде чогуу акыл калчап көрөлү, урматтуу окурман.

«Шайлоо» деген эмне?

Эсил кайран Дооронбек Садырбаев элибиздин саясий аӊ-сезиминин төмөндүгүнө катуу кейип, «бизде орустун «выборун» туюндурган сөзүбүз да жок, кыргыздын «шайлоосу» хан көтөрүүгө эле туура келет» деп чыккан. Ошондо анын пикирин Өмүрбек Текебаев да жактап, «шайлоонун» ордуна «тандоо» терминин колдонуш керек экенин айткан.

Чындыгында «шайлоо» – бул Текебаев сунуштаган «тандоонун» стилистикалык синоними. Уңгу маӊызы боюнча бул сөз эзелтен бери өзгөчө маанилүү ишке (көбүнчө жоокердик, элчилик милдетти аткарууга, кыйла сейрек учурларда саясий бийликти жүзөгө ашырууга) даяр (шай) турган, ылайыктуу (шайкеш) адамды тандап алып дайындоо дегенди билдирип келген.

Журт башына күн түшкөндө кыргыздар бөтөн элдер менен тил табышуу, чиеленишкен талашты чечүү максатында эӊ акылдуу, чечен, кайраттуу кишини элчи кылып шайлашкан. Курултайларга орто оокаттуулар эле эмес, кедейлер да шайланган учурлар кездешкен. Капилет өлүмгө дуушар болгон Алымбек датканын ордун басканга эӊ ылайыктуу, шай талапкер катары аял башы менен Курманжан алдыга суурулуп чыкканы да бекеринен эмес.

Кечүүдө көлүк алмаштырбайт...

Эми «таажы илдетинин айласын таппай отурганда шайлоону коё туралы» деген сунушту карап көрөлү.

Ырас, оор жоготууларга учурап жатабыз – жаздан бери не деген чыгаан инсандар арабыздан кетти! Экономикабыз начарлады – бюджеттин чоӊоюп бараткан жыртыгын пандемияга каршы туруш үчүн берилген гумжардам менен жамаганга жеттик. Мурунку жылдарда Орусиядан миллиондорду жиберип келген мигранттарыбыздын кыйласы бул жакка келип алды. Базарлар толук жабылбаса да, соода агымы мурункунун жарымына чендебей калды. Үй-бүлө багуунун булагы болгон жумуштардын көп түрлөрү такыр эле токтоду. Айлык акы алып иштегендердин көбү эми жумушка бара албайт. Салык жетиштүү чогултулбаса, пенсиялар, жөлөкпулдар кандай төлөнөт?

«Ушундай шартта шайлоо өткөрүүнүн кереги жок, ага жумшалуучу каражатты пандемияга каршы күрөшүүгө сарптаган оӊ» дешет бир катар замандаштар.

...бирок эң чоң кечүү алдыда болсочу?

Пандемия дагы канчага созулары белгисиз. Бул арасат мезгилди ар кайсы саясий күчтөр, топтор өздөрү үчүн ыңгайлуу болот деп күткөнсүйт.

Депутаттардын басымдуу көпчүлүгү кайра шайланбай каларын сезгендиктен, жок дегенде дагы бир-эки жыл мандатты колдон чыгарбай турууну ойлойт.

Шайлоодон кийин саясий жагдай кескин өзгөрсө, өкмөттүн курамы дээрлик толугу менен алмашат, ошондуктан аткаруу бийлигиндегилердин да кыйласы «балта көтөргөнчө дөңгөч эс алат» дегенди жакташы мүмкүн.

Оппозициялык маанайдагылар кырдаал канчалык оорлошсо, бийликтин кадыры ошончолук төмөндөп, коомдогу нааразылык курчуй берет да, президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө жол ачылат деп алаканын ушалап турат.

Бирок үчүнчү төңкөрүштү кимдер жасайт? Бийликке ушундай жол менен жеткиси келгендер бирдиктүү, иш билги, таза команда түзө алабы же кайра эле ууруну каракчы урган талоончулуктун жаңы толкуну башталабы? «Эӊ башкысы - азыркы бийликти кетириш керек» дегендер эртең кызмат талашып, менчик талашып, ич ара ыркырашып калбайбы?

Жаман айтпай жакшы жок, пандемиянын экинчи толкуну башталбаса деле, мамлекеттин абалы улам барган сайын татаалдашып, өтө опурталдуу жагдай быйыл күздө эмес, кышта же жазда, андан кийинчерээк түзүлүп калсачы? Ошондо азыркы «элита» парламент менен түзүмү олчойгон (громоздкий), ыкчам иштегенге жөндөмсүз өкмөттүн колунан эмне келерин элестетеличи.

Сапаты жакшы, баасы базар наркынан кымбат эмес буюмдарды сатып алыш үчүн уюштурула турган тендер жол-жобосун биздикилер тескерисинче бюджетти тоноо ыкмасына айлантып алган. Соттор жана прокуратура мыйзам үстөмдүгүн бекемдеш үчүн иштеп жатабы? Аты парламенттик, бирок заты арасат – жоопкерчилиги начар башкаруу тутуму (бири-бирин кайталап калган президенттин аппараты жана өкмөт) менен канчалык алыс бара алабыз?

Белди бекем бууйлубу?

Көпчүлүккө түшүнүктүү болушу үчүн сөздүн түз маанисин эске алалы. Белин бекем бууган киши жамбаштап жата албайт, тамакты керегинен ашыкча жей албайт – тартылган куру кысып калат. Демек, ченин сактаган адамдын мээси ашказанга көз каранды болбой, сергегирээк иштейт. Соргоктук кылбаган адам ооруга да көп алдырбайт – иммунитети чыңдалат. Белин бекем бууган киши кайраттуу болот, сергек ойлонот.

Тескерисинче, курсагы тарс жарылып кетчүдөй болуп челкейген киши ныксырап, пас кумардын, напсинин кулу болот. Текст окуса уйкусу келет; эки ооз кебин да ойлонуп айтпай, эмне деп салганын өзү да билбей калат, көбүнчө. Пассивдүү (ыкшоо) пенденин башын саясий шылуундар ар кандай кооз, дүңгүрөк сөздөр менен опоңой эле айлантып алышат.

Ашказандын кулдары такыр эле ойлонбойт, кара курсактын буйругу менен эле кыймылдайт. Мындайлар сөздүн кооздугуна да карабайт – миң сомго эле добушун сатып ийет.

Кызыгы, азыркы кысталыш турмуш өзү белди бекем бууганга түртүп жатат. Карызга батырган, убакытты уурдап, ден соолукту начарлаткан аш-тойдон башыбыз чыкпай калды эле, муну токтотту. Ырас, парламенттеги «элитанын» жосундарына ыкшый күлүп, миллиондорду уурдаган мителерди жактагандар азыр деле көп. Бирок улут тагдырын устаранын мизине койгон азыркы кырдаал кимдин ким экенин алаканга салгандай даана көрсөтүп турат.

Эл ойгоно баштадыбы? Балким, күзгө чейин жакшыраак билип, тазараак шайлоого жарым-жартылай болсо да даярданып каларбыз?

Татыктууларды шайлаш үчүн чындап намыска келбейлиби?

Жолдош Турдубаев

(Автордун пикири «Азатттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG