Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Партиялардын бедели жана деңгээли


Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоонун алдында үкөктөрдү текшерүү учуру.

Кыргызстанда саясий партиялар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат. Партияларда идеологиялык көз караш, позиция качан калыптанат?

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди. Эми алардын арасынан шайлоо мыйзамдарына ылайык, иргелип отуруп, талаптарга жооп берген партиялар гана катталып, партиялык тизмелерин бекитишет.

Саясат талдоочулар парламент төртүнчү ирет партиялык система менен куралып жатканына карабай партиялык курулушу начар жана саясий-идеологиялык багыттары так аныкталбаган саясий партиялар шайлоого аттанып жатканын белгилешүүдө.

Алар учурдагы саясий партиялар саясий же бизнес клубдардын деңгээлинде гана калыптанып, аларда түпкүлүктүү партиялык кызыкчылыктардан мурда олигархиялык топтордун каалоосу үстөмдүк кыларын айтып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календарлык план боюнча алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын баштапкы документтерин кабыл алуу аяктады.

Ага ылайык, буга чейин Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн Кыргызстандагы 44 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз бергени белгилүү.

Алардын арасында бир нече ирет парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын көпчүлүк добуштарына ээ болгон "Ата Мекен", "Республика", КСДП, "Бир Бол", "Ар-намыс", "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан" жана Кыргызстан коммунисттери партиялары менен катар буга чейин жергиликтүү шайлоолорго катышып, жеңип чыккан "Замандаш", "Улуу Кыргызстан", "Мекеним - Кыргызстан" сыяктуу партиялар бар.

Ошондой эле жаңыдан чыга баштаган "Биримдик", "Бирик", "Социал-демократтар", "Чоң Казат" сыяктуу партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирген.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов эми бул саясий партиялар шайлоого катталуу үчүн дагы бир катар эрежелерден өтүүгө тийиш экенин билдирди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

"Саясий партиялар өздөрүнүн партиялык курултайларын өткөрүп, талапкерлердин партиялык тизмелерин бекитишет. Шайлоо күрөөлөрүн коюшат. Анан мыйзам талап кылган калган документтерин тапшырышат. Тизмедеги талапкерлердин документтерин даярдап, өткөрүшөт. Бул иш-чаралардын бардыгы шайлоого 40 күн калганга чейин аяктайт. Шайлоого 45 күн калганга чейин партиялар талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы кажет. Ал тизме күн аралыгында каралып чыгып, аны каттоо же каттоодон баш тартуу тууралуу чечимдер кабыл алынат. Ошондон кийин гана шайлоого отуз күн калганда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат".

Бирок саясат таануучулардын баамында, парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар кайсы бир саясий багытты кармана турганын жарыялап, аталыштарын көргөзгөнү менен, иш жүзүндө партиялардын классикалык үлгүсү боюнча саясий идеологиялык багыттарын коомчулукка тааныта алган жок.

Анткени, алардын айтымында, көпчүлүк партиялар шайлоо алдында гана жанданып, баш көтөрө калганы болбосо, буга чейин өзүнүн партиялык программасын жана платформасын сунуштап, электорат менен иштеген учурлары байкалган эмес.

Партиялар адатта кайсы бир топтордун кызыкчылыгында гана куралып, алардын лидерлеринин жеке беделине гана негизделгени көрсөтүлгөн. Саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун айтымында, азыркы саясий партиялардын дээрлик көпчүлүгү партиялык курулуштун классикалык үлгүсүнө туура келбейт.

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясий партиялардын аброю жана деңгээли өскөн жок. Эмне үчүн? Саясий илимдин классификациясы боюнча 30 жылдан бери партияларды "оңчул", "солчул" жана "борборчул" деген идеологиялык багыты боюнча бөлүштүрө албайбыз. Оңчулдарга коомдун кандай катмары кирип жатканын жана алар кимдердин кызыкчылыгын ачык колдоп келе жатканын айырмалоо кыйын болуп калды.

Солчулдар болсо социалисттер менен социал-демократтар эмес, оңчул багыттагы ишкерлер аларга кирип калганын ажыратуу татаал. Бардыгы аралашып кеткен. Ошондуктан, партиялык курулуш калыптанган эмес.

Партиялык кызыкчылыктарды коргоо аркылуу саясий күрөш жүргүзүү деген болгон жок. Болгону оңчулуна да, солчулуна да, борборчулуна да бардык топтор кирип алып, өз ара келишип иш алып барып жаткандай элес калтырат. Андыктан парламентте саясий атаандаштык дээрлик жокко эсе.

Бири-бири менен идеологиялык жактан атаандашып, ар бири өз электоратынын кызыкчылыгын талашып, кызыл чеке болгон парламенттеги партияларды мен ушул кезге чейин көрө элекмин. Ошондуктан аларга ишеним жок. Партияларда конкреттүү план-программа жана шайлоо платформалары да иштелип чыккан эмес. Партиялардын койгон максаттарын шайлоочулар турсун, өздөрү билбейт".

Кыргызстанда партиялык курулуштун өнүкпөй жатышын башка бир саясат талдоочулар партиялык кызыкчылык калыптанбай, бул саясий институттун капчыктуу топтордун "бизнес-клубуна" айланып калган өнөкөт көрүнүшү менен салыштырышат.

Алар депутаттык мандат алууну көздөгөн финансылык-өндүрүштүк, соода-коммерциялык жана спорттук-криминалдык бейформал топтор шайлоо астында өз ара бириге калып, партиялардын атын жамынуу менен жеке кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды өткөрүп келе жатканын белгилешет.

Саясат талдоочу Шайырбек Маматокторов шайлоодо бириге калган партияларды "аралашма топтор" деп атады.

"Азыр өз ара тил табыша калып, түзүлө калган жаңы саясий партиялар эле эмес, 90-жылдардан бери түптөлүп келе жаткан партиялар деле шайлоонун алдында капчыктуу байларды, олигархтарды, спортчуларды, криминалдардын өкүлдөрүн тизмеге киргизе коймойду адатка айлантып алышкан. Ал эми партиянын саясий идеологиясы анын өзөгүн жана келечегин аныкташы керек болчу. Бирок андай болбоду.

Ошондуктан партиялар жарыялаган анча-мынча платформалар кагаз бетинде гана калып, негизинен алардын тизмесине кирген олигархтардын кызыкчылыгы парламентте корголуп жатканына күбө болуудабыз. Бул жерде акчалуу байлар, дос-тамырлар, куда-сөөктөр өз ара келише коюшуп, бир партиянын астына биригип, шайлоого аттанып, ал жактан эч кандай саясий идеологиясы, программасы жок эле добуштарды сатып алуу менен шайлоодон утуп келип, парламентте өз монополиясын орнотуп, өздөрүнүн каалоосун мамлекетке таңуулап келе жатышат. Ошонун натыйжасында элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган парламенттин сапаты ылдый түшүп, аябай аксап калды. Ошол эле жулунган олигархиялык топтор шайлоого кайрадан аттанышууда".

Партиялык тизмеге саясий-идеологиялык көз карашы аркылуу эмес, партиялык капчыкка кошкон салымына жараша депутаттык мандатка ээ болгондор тууралуу да көп сөз болгон. Ошондуктан талдоочулар солчул социалисттер менен социал-демократтарга капиталисттик же либералдык көз караштагы оңчулдар аралашып кеткен учурларды мисал келтиришти.

Партиялык тизмедеги талапкерлердин саясий көз караштарынын ар түрдүүлүгү заманбап көрүнүш дегендер да жок эмес. "Ата Мекен" социалисттик партиясы аркылуу депутат болгон ишкер Эмил Токтошев буларга токтолду.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

"Мага 2015-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясынан анын тизмеси аркылуу депутаттыкка талапкер болууга сунуш түшкөн. Мен эгерде депутат болуп калсам, экономиканы өнүктүрүүгө зарыл болгон мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга өз салымымды кошом деген ниетте баргам. Парламентке барганда салык жана бажы тармагы боюнча бир топ мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга салым коштум. Өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууда депутат бир эле социалисттик көз караштагы багытта эмес, ар тараптуу салым кошот. Коомго пайда келтире турган ар кандай мыйзамдарды иштеп чыгуу - депутаттын эрки.

Ал эми социалисттик партиядан депутат болуп келгенден кийин парламентте сөзсүз эле социалисттик көз карашты карманган багыттагы "мыйзамдарды гана жазышың керек" деген туура эмес. Албетте, биздин фракция социалдык муктаждыгы бар жарандардын кызыкчылыгын коргой турган анча-мынча мыйзамдарды кабыл алууга себепчи болдук. Бирок ал мыйзамдар кагаз жүзүндө калып кетти. Биз милдетибизди толук аткара алган жокпуз. Анткени мыйзамдын аткарылышын өкмөт көзөмөлдөйт экен".

Ошол эле кезде эксперттер парламенттин буга чейинки чакырылыштарында улутчул-мекенчил багыттагы саясий партиялардын тизмесине космополит-либералдар кирип калган учурлар да болгонун байкашкан.

Саясат талдоочулар мунун баарын партиялык курулушту алсыратып, парламентте коомдук кызыкчылыктарды коргоодо чаржайыттыкты жарата турган көрүнүш катары мүнөздөп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (38)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG