Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Жээнбеков: Парламент мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитет


Кыргызстандагы шайлоо. 23-июль, 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоо. 23-июль, 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өз учурунда, 4-октябрдан кечиктирилбей өтөрүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Президент кыйынчылыкка карабай алдыга кадам таштоо – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири деди:

“Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолөзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Мен буга тийиштүү жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады. Шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү”.

Мамлекет башчы 1-радиого маек куруп жатып, «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын БШКдагы, парламенттеги өкүлдөрүнө жана бул партиялардын күйөрмандарына кайрылып, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырбоого чакырды.

“Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес”.

Президент Жээнбеков шайлоого аз калганын белгилеп, кыска аралыкта аны алмаштыруунун зарылчылыгы жок деген пикирин айтты. Ал өкмөткө тескерисинче бул оор кырдаалда жардамдашып чогуу иштөө зарыл экенин айтып, күзүндө шайланып келген парламент жаңы өкмөттү курай турганын билдирди.

Бүгүн, 18-июлда “Реформа” саясий партиясы президентке, Жогорку Кеңешке кайрылып, иштей албай жаткан өкмөттүн ордуна антикризистик өкмөт куроого чакырган. Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрүнөн өз эрктери менен кызматтан кетүүлөрүн талап кылган. Саясий партия коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн оор абал, оорунун жайылышынан улам күн сайын жүзгө жакын адамдын көз жуумп жатышына президент баштаган бийлик – Жогорку Кеңеш, өкмөттүн кайдыгерлиги жана шалаакылыгы негизги себеп экенин билдирген.

Кыргызстанда 18-июлга карта коронавирус жана ал козгогош пневмония илдетин жуктургандардын саны 25 миңден ашты. Оорудан жалпы 858 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG