Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Парламентке умтулган партиялар 35ке жетти


2017-жылдагы президенттик шайлоо учуру.

7-июлдагы маалымат боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 35 партия кайрылып, күзүндө боло турган парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген. 

Күзүндө боло турган шайлоого катышууну каалаган партиялар 8-июлга чейин маалымдама жиберүүгө тийиш. Ошондой эле 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин БШКга жөнөтүп жана партиянын жыйынын өткөрүшү керек. Пандемия шартына байланыштуу жыйынды онлайн форматында ишке ашырса болору да айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого катышууга белсенип турган партиялар боюнча буларды айтты:

«БШКга алгачкылардан болуп «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары кайрылган. Ошого байланыштуу эки саясий партиянын гана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо боюнча чечим кабыл алдык. Дагы 19 партия шайлоого катыша турганын кечээ, 6-июлда билдирди. Бүгүн да арыз менен келгендер болуп жатат. Биз бир-эки күндүн ичинде карап, саясий партиялардын документтерин Юстиция министрлиги менен салыштырып чыгышыбыз керек. Андан кийин гана каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алабыз».

БШК берген маалыматка караганда, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. Добуш берүүчүлөрдүн саны 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 624 миң 240 адамга көбөйгөн. Ал эми www.tizme.gov.kg сайтына шайлоочулардын баштапкы тизмеси 16-июлда жарыяланат. 26-июлдан 20-сентябрга чейинки убакта ар бир шайлоочу өзүн тизмеден тактап, добуш берүүчү ордун алмаштырууга да укуктуу.

2017-жылдагы президенттик жарышка шайлоочулардын 56% гана катышкан. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул ирет коронавирус пандемиясынан улам добуш берүүгө келген шайлоочулардын санына байланыштуу кыйынчылык жаралышы күтүлүп жатканын айтты:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Мейли, үгүт иштерин аралыктан, онлайн өткөрдүк дейли. Шайлоо өтө турган 4-октябрда абал турукташып калат деп ким кепилдик берет? Эч ким бере албаса керек. Шайлоо тилкелери коронавирустун очогуна айланса кандай болот? Андыктан добуш берүү укугу бар адамдардын 50% көбү шайлоого катышпай коюшу толук мүмкүн. Негизи шайлоонун жыйынтыгы менен коомдун көпчүлүк бөлүгүнүн позициясы билиниши керек. Бизде болсо шайлоочулардын келүү босогосу жок. Канча адам катышпасын, шайлоо өттү деп эсептеле берет».

Ал арада БШК шайлоонун камын көрүп 21 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыялады. Бул каражатка шайлоого тиешелүү баннер, керектүү жабдыктарды аймактык шайлоо комиссияларына жана тилкелерге жеткирүү пландалып жатат. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев азыркыдай кырдаалда шайлоонун чыгымдарын элге түшүндүрүш кыйын болорун эске салды:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Шайлоого 800 млн. сомдун тегерегиндеги каражат бөлүнгөнү айтылган. Алгачкы тендер жарыяланганда нааразы пикир көп болду. Себеби мындай жаңылыктар кыйналып жаткан элге жаман угулат. Адамдын ден соолугу менен саясаттын маселеси катары кабыл алынат. Болбосо ал каражаттар буга чейин эле бюджетке бекитилген. Бирок аны элге түшүндүрүш өтө кыйын».

Мыйзам боюнча өзгөчө абал режими өкүм сүрүп турганда гана шайлоо өткөрүлбөйт. Бирок айрымдар коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу керектигин сунуштап жатышат.

Бирок жарандык активист Улан Үсөйүн шайлоону өз убагында өткөрүүнү демократиянын негизги белгиси катары сыпаттады:

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

«Шайлоо өз убагында өтпөсө бийликти диктатуралык башкарууга өткөрүп берүүгө шарт түзүп берген болобуз. Азыркы маалда кырдаалга карата эмоция менен ар кандай сөздөрдү, сунуштарды айтып жатабыз. Бирок демократиялык өлкөдө бийлик өз убагында, шайлоо жолу менен өткөрүлүп бериши керек. Пандемия маалында эл көп нерсени түшүндү деген үмүтүм бар. Бул шайлоодо Жогорку Кеңеш алсыз, саясий эрки жок депутаттардан курала турган болсо, анда 2023-жылдары Кыргызстан диктатуралык өлкөгө айланат. Шайлоо формалдуу эле нерсе болуп калышы мүмкүн. Кошуна өлкөлөрдөгү азыркы абал ушундай».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалган. Буга чейин 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле. 2010-жылы парламенттик шайлоого 29, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG