Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Шайлоо алдындагы оппозициянын салмагы


Депутаттык төш белги жана кызматтык күбөлүк.

Саясий партиялар 20-августтан кечикпей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек.

Алгачкылардан болуп «Бир Бол», «Мекенчил», «Ата Мекен», «Ордо» партиялары делегаттарын чогултту. Өмүрбек Текебаев 30 жылдан бери алгачкы жолу шайлоого катышуудан баш тартып, «Ата Мекенди» депутат Жанарбек Акаев баштай турганын айтты.

Бул партиянын мүчөлөрү өзүлөрүн оппозиция катары көрсөтүп, жыйындын жүрүшүндө бийликтин дарегине сын айтышты. Алардын катарынан мурдагы бийликтин партиясы болуп эсептелип, көпчүлүк коалициянын башында турган КСДПнын депутаттары Элвира Сурабалдиеваны, Рыскелди Момбековду жана Абдывахап Нурбаевди көрүүгө болот.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алтынбек Сулайманов түптөгөн «Бир Бол» партиясы да бийликке оппозиция болорун жарыялады.

«Биз бүгүнкү бийликке оппозиция болобуз. Анткени күчтүү оппозиция - жоопкерчиликтүү өкмөт, жоопкерчиликтүү бийлик. Күчтүү оппозиция - күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги», - деди «Бир Бол» партиясынын тизмесин баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов.

Өзүн оппозиция катары жарыялаган бул партия 2015-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен 12 мандатка ээ болгон. «Бир Бол» азыркы учурда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн төрт фракциянын бири.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев азыркы Жогорку Кеңештин курамындагы алты фракциянын биринин да оппозиция болууга укугу жок деп эсептейт.

«Биздин саясатчылар үчүн «оппозиция болобуз» деп жибермей адатка айланып калды, - деди ал. - Оппозиция болгон адам шайлоо алдында эле кыйкырып чыкпай, бүгүнкү биз нааразы болуп жаткан маселелерди чечүүнүн жолдорун сунуш кылышы керек. Парламенттеги депутаттардын мөөнөтү бүтө элек. Бүгүн чыгып алып «саясий оппозициябыз» деп жатышат. Беш жылдан бери парламентте жүрүп эмнеге оппозиция болгон жоксуң? Тескерисинче, азыркы саясий системаны түптөгөн, чечим кабыл алган адамдарга, өкмөткө кол көтөрүп жүрүшкөн да. Бийликтин камчысын чаап жүрүшкөнү калппы? Азыр эл нааразы болуп жаткан маселелердин жаралышына сенин да салымың чоң».

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Ата Мекендин» тизмеси менен депутат болуп, быйылкы шайлоого «Бир Болду» баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов партиянын дарегине айтылып жаткан сынга макул эмес.

«Биз жыйында Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын позициясы тууралуу айткан жокпуз, - деди саясатчы. - Ал жерде жаңы команданын багыты жөнүндө сөз болду. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште күнүн санап отурган «бир болчулардын» 95% жаңы командада жок».

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышын түзгөн алты фракциянын ичинен «Өнүгүү-Прогресс» гана парламенттик шайлоого аттанган жок. Бирок фракция курамындагы депутат Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп жатат.

Бул жолку шайлоодо бийликти жандай турган партиялардын дайын-дареги ачык айтылбай келатат. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков 4-октябрда өтө турган жарыш алдында бийликти жандачу партиялардын позициясы расмий ачык айтылбай жатканын мындай түшүндүрдү:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Партиянын лидерлери, саясатчылар тамырчы болот. Алар элдин оюн, пикирин байкап турат. Кандай позиция шайлоочуларга жагып турганын жакшы билишет. Пандемия маалында бийликтин чабалдыгы көрүнүп калды. Эл бийликтен иренжий баштады. Муну байкаган айрым партиялар «биз бийликчил эмеспиз» деген түшүнүк жаратканга аракет кылып жатат. Иш жүзүндө болсо талапкерлердин тизмесин бийлик менен макулдашып жатышат. Аларга шайлоо убагында бийлик жардам берери турган иш. Ошол эле учурда эл кимдин ким экенин түшүнүп турат».

Шайлоого чукул ажырашып, бириккендер да байкалууда. Алгачкылардан болуп 5-июнда «Ата Мекен» бир нече саясий күчтүн башын кошуп «Жаңы дем» деп аталган альянс кураган. «Мекеним Кыргызстандын» катарына «Табылга», «Бирик» партиялары кошулган.

Ошондой эле «Бир Бол» партиясы менен «Демократ» партиялары, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ак шумкар» партиялары да шайлоого чогуу барары жарыяланган.

Жаш саясатчы Улан Үсөйүн саясий партияларды жеке кызыкчылыктар эле бириктирип жатканын айтты:

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

«Салмактуу саясатчылар кайсы бир партиянын катарына барып кошулса, сүйүнүп жаткандар көп. Бирок бул көрүнүш ал саясатчынын позициясы, карманган багыты жоктугунан кабар берет да. Алардын тандеми көпкө узабай турганын буга чейинки практика көрсөткөн. Партиялар саясий институт катары калыптанса өзгөрүүлөр болмок. Тилекке каршы андай көрүнүш байкалбай эле. Бул биригүүлөрдүн арты туман, келечеги көрүнбөй турат».

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ат салышууга алгач 44 партия белсенген болсо, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG