Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Темир Сариев «Ата Мекенден» алыстады


«Жаңы демге» бириккен саясатчылар. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын 5-июну.
«Жаңы демге» бириккен саясатчылар. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын 5-июну.

«Ак Шумкар» партиясы парламенттик шайлоо алдында «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыгып жатат. Аталган бирикме мындан эки ай мурун, 5-июнда «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде пайда болгон.  

Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол коюшкан.

Сариев альянстан эмнеге чыгып кетти?

Азыркы убакта Темир Сариев жана Өмүрбек Текебаев комментарий берүүдөн карманып турушат. «Жаңы дем» саясий альянсы менен шайлоого аттанып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Темир Сариевдин бул кадамын түшүнбөй турганын айтып жатат. Ал «Ак Шумкардын» лидеринин эки айдан кийин «Жаңы демден» чыгып кетишин мындайча жоромолдоду:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Сариевдин «Ата Мекенден» кетиши мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Сураштырсам Темир Сариев «биз чоң коалиция түзсөк болмок, андай болбой калды» дегендей кылыптыр. Менин жеке пикиримде, Сариевдин көз карашын өзгөрткөнгө башка нерсе себеп болду. Бийлик же болбосо чет мамлекеттин адамдары суранып коюшу мүмкүн. Кандайдыр бир күчтөр калыс тарапта болуп турууга чакырды же биздин бийлик «Ата Мекендин» күч алып кетишинен коркуп, ушундай кадамга барышын өтүндү. Темир Сариев - Кыргызстандагы салмактуу саясатчылардын бири. Анын көз карашын өзгөрткөнгө өзгөчө бир адамдардын сунушу гана себеп болушу мүмкүн. Ал оңой менен өз кадырын курмандыкка чалбайт эле. Сариев бул жерден утулуш менен чыкты».

Шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында барарын билдирген альянс бийликке оппозиция экенин жарыялаган. Анын курамындагы саясатчылар бийликтин кадамдарына баа берип, кээ бир учурда сындап жүрүшөт. Темир Сариев да коронавируска байланыштуу кырдаал күчөгөн учурда президентке кайрылып, «Сооронбай Жээнбеков чукул чечимдерди кабыл алышы керек» деген эле.

«Ак Шумкар» партиясы акыркы жолу 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан. Анда 29 партиянын ичинен 7-орунду алган болчу. Темир Сариев 2015-жылкы шайлоого «Ак Шумкарды» даярдаган эмес. Себеби ал учурда премьер-министр болуп иштеп жаткан.

Бул жолу да Темир Сариев жетектеген «Ак Шумкар» 4-октябрда өтө турган шайлоого катышарын билдирген 44 партиянын катарында жок. Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өткөн эмес. Демек, Сариев шайлоого катыша турган болсо башка партиянын курамына кошулушу керек болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков шайлоо алдындагы «ажырашуу» боюнча мындай деди:

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Темир Сариев менен бүгүн эле телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал жигит «шайлоого барбайм» дегендей кылып жатат. Ошол эле учурда кыргыз саясатын ичинен билген адамдардын айтымында, бийлик Темир Сариевге Бишкек шаарынын мэрлигин же Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагалыгын сунуш кылышы мүмкүн. Темир Сариевдин кетиши «Ата Мекен» партиясын бир топ алсыратат. Алар Кыргызстандын түндүгүндөгү бир топ добушун жоготту деген ойдомун».

Ал арада Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарына кошулушу мүмкүн экени айтыла баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Айданбек Акматов билдирди.

«Саясатта кызыкчылыктар гана бар»

Азыркы Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүгү күзүндөгү шайлоого башка партиялар менен аттанып жатканы белгилүү боло баштады. Жарандык активисттер ар бир бийликтин партиясы менен мандатка ээ болуп жаткан депутаттардын ысымдарын атап киришти.

Алардын бири Афтандил Жоробеков кыргыз саясатындагы бул көрүнүшкө таң калыштын кереги жок деген пикирде.

«Ишкер же чайкоочу кайсы тармак пайдалуу болсо, ошол жерден оокатын кылат, - деди ал. - Ошол эле логиканы кыргыз саясатында колдонгондор толуп жатат. Күч, бийлик болгон тарап менен иштеше беришет. Ошол эле «Ак жолдун» депутаттары Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин өз алдынча партия түзүштү. Бир тобу бийликтин этегин кармап кетишти. Алар Бакиевге деле оппозиция болгон эмес, Атамбаевге деле сөз сүйлөй алышкан жок. Азыркы абалы деле ошол. Мындай адамдар бийликке да ыңгайлуу. Себеби аларды оңой көзөмөлдөсө болот».

Мыйзам боюнча 20-августка чейин партиялар жыйындарын өткөрүп, 25-августка чейин талапкердин тизмесин БШКга бериши керек.

Кыргызстандагы партиялардын көпчүлүгү шайлоо алдында эле түзүлүп, пиардын жана каражаттын жардамы менен күчтөнүп жатканы сынга алынып жүрөт. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков саясатчыларды идеология эмес, жеке кызыкчылыктар бириктирип жатат деген ойдо.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Бизде классикалык партиялар жок, - деди ал. - Убагында «Ата Мекен», КСДП, «Ар-Намыс» классикалык партия катары калыптанып келе жатат деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок. Алар болсо өз мүчөлөрүн сыртта калтырып, акчасы бар адамдарды алдыга чыгарып жатып партияны туруктуу түрдө кармай албай калышты. Добуш алуу максатында көз карашы туура келбеген күчтөр менен биригүүгө барып жатышат. Саясаттын мыйзамы ушундай болуп жатат. Бизде Жогорку Кеңешке келүүнүн эки эле жолу болуп турат - акчанын күчү менен жана бийликтин партиясынын курамы менен».

БШКга кат жиберип, күзүндөгү парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген партиялардын арасынан «Ата Мекен», «Республика», «Кыргызстан», «Бир Бол» партияларын жана Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин бөлүнгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) да көрүүгө болот. Бир гана «Өнүгүү-Прогресс» БШКга кайрылган жок. Бирок «Өнүгүү-Прогресстин» кээ бир депутаттары башка партиялар менен шайлоого бара турганы белгилүү болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG