Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

Жаңыланган «Бир Бол» жаңы чырга кабылды


"Бир Болдун" шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү маалында тартылган сүрөт. 2016-жыл.
"Бир Болдун" шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү маалында тартылган сүрөт. 2016-жыл.

«Бир Бол» партиясынын штабында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин кызы иштеп жатканы талашка түшүп, айрымдар саясий уюмду качкын саясатчынын жакындары каржылап жатабы деп күмөн санап жатышат.

Парламенттик шайлоо алдында саясий кеңешинин курамын өзгөрткөнүн, жалаң жаңы жүздөр менен барарын жарыялаган «Бир Бол» партиясынын айланасында талкуу жаралды. Буга социалдык тармактарда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбектин партиянын штабында маанилүү кызматты ээлеп, каржылоого катышып жатканы боюнча маалымат себеп болду.

«Бир Бол» партиясы Сымбат Маратбек тууралуу 3-августта расмий билдирүү таратып, анын күзүндө өтчү парламенттик шайлоого талапкер катары катышпай турганын жарыялады.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов Сымбат чынында эле мурдагы президенттин инисинин кызы экенин ырастады:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Бизде штабда иштеп жатат. Эч кандай талапкер эмес же чечүүчү ролду ойнобойт. Ал партиянын катарындагы билимдүү, сырттан окуп келген, коомдо өз ордун тапкан жүздөгөн-миңдеген жаштардын катарын толуктайт. Мына ушул нерсени ар түрдүү каршылаштарбы же башка адамдарбы, иши кылып тескери өңүттө берип, «кара пиар» жүргүзүп жатат. Ар бирибизде бала бар. Балдары ата-энеси үчүн жооп бербеши керек. Анын үстүнө ал Германияда элчи болуп жүргөн Марат Бакиевдин кызы экен. Ал 2010-жылдары мектепте окучу экен, ошол учурдагы системага же мыйзам бузууга эч кандай тиешеси болгон эмес деп ойлойбуз».

Талкууга түшкөн Сымбат Маратбек жөнүндө Интернетте маалымат дээрлик жокко эсе. Анын социалдык түйүндөрдө баракчасы болгону менен өзү тууралуу маалымат жарыялабайт.

«Бир Бол» партиясы Сымбат Маратбек тууралуу «Германиядагы Лейпциг университетин аяктаган. Эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. Москвада Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунда эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн. Көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ошондой эле изилдөөлөр менен алектенет. Беш тилде эркин сүйлөйт» деген маалымат таратты.

Сымбат Маратбек. Сүрөт социалдык тармактагы баракчасынан алынды.
Сымбат Маратбек. Сүрөт социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Ошондой эле акыркы жылдары эл аралык долбоорлор аркылуу Улуу Британиядагы, АКШдагы окууларга катышкан. Айрым маалыматтар боюнча Кошмо Штаттарга «Бир Бол» партиясынын атынан барган.

Сымбат Маратбектин атасы Марат Бакиев - Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Ал агасы өлкөнү башкарып турган жылдары Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеген.

Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылы 24-март окуяларынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Мындан сырткары Бакиевдин уулдары да ар кыл кылмыштарга байланыштуу айыпталып кесилген.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн кесилген Бакиевдердин бири да түрмөдө жазасын өтөгөн эмес. Өлкөнүн прокуратурасы аларды экстрадициялоо боюнча аракеттер уланып жатканын айтканы менен андан эч кандай майнап чыга элек.

Дал ушундай шартта Бакиевдердин үй-бүлө мүчөсүнүн саясий жараяндан улам аты аталышы абдан көп суроолорду жаратты.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу системасын орнотуп, нааразылыкка чыккан 90го жакын адамдын өлүмү үчүн күнөөлүү деп табылган мурдагы президенттин жакындарынын саясатка аралашууга моралдык укугу барбы деген суроо талкууланып жатат. Мындан тышкары күзүндө өтчү шайлоодо «Бир Бол» партиясын каржылоого Бакиевдер аралашпайбы деген да собол ташташты.

Ал ортодо аталган партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун 2010-жылга чейин бийликчил «Ак жол» партиясынын депутаты болгонун эстегендер чыкты.

Саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев коомчулукта коюлуп жаткан суроолордун жүйөсү бар деп эсептейт. Анын пикиринде, жаңыландык деп жарышка түшкөн саясий партия эч кандай күмөн ойлорго негиз бербеши керек.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Азыр «Бакиевдер каржылашы мүмкүн» деп айтып жатышпайбы. Ал кызда каржылагандай акча барбы деген суроо турат. Маселе ошондо. Ошондуктан элде «демек, Бакиевдер элден уурдап четке чыгарган акчадан ушул кыз аркылуу каржылап, өз таасирин орноткон атат» деген ой жаралат. Экинчиден, партия кайсы бир кызыкчылыгы жок болсо мындай артынан сөз ээрчиген үй-бүлөлөрдү кошпой эле коёлу дебейт беле? «Цезардын аялы ар кандай шек саноодон жогору турушу керек» дегендей, жарышка түшчү партия ар кандай шектүү иштерден алыс болушу керек эле. Албетте, мыйзам боюнча ал кыздын укугун тебелегенге эч кимдин акысы жок, бирок маселенин моралдык жагы бар. Ошондуктан шайлоонун алдында бардык эле нерсе мыйзамга гана барып такалбастан, эл үчүн моралдык да көп жагдайлар маанилүү».

Ал эми «Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ширин Айтматова бул окуяда көп жагдай «Бир Бол» партиясынын Сымбат Маратбекке карата пландарына көз каранды экенин белгиледи:

«Мен ал кызды тааныбайм. Иш тажрыйбасы, көз карашы кандай экенин, буга чейин бийликте болгон туугандарынын саясатын колдойбу, алардын саясатка кайтып келишин каалайбы же жокпу, дегеле максаты кандай билбейт экенмин. Ал партия үчүн эле жалданма жумушчубу же кыргыз саясатынан абдан чоң уят болуп кеткен туугандарын актоону каалайбы - бул да маанилүү. Мен ал кыздын электоралдык жараяндарга катышуусуна бейтарап көз караштамын жана анын абийири бар деп ишенгим келет. Ал эми партияны ушул кыз алып алды же ал кыз кайсы бир үй-бүлөдөн экен деп айыптоо туура эмес деп эсептейм».

Ошол эле кезде бир катар эксперттер «Бир Бол» партиясы үчүн кыргыз саясатында эски ысымдар менен байланыштуу окуянын болушу анча жакшы көрүнүш эмес экенин белгилешет. Анткени бул партия өткөн жумада эле саясий кеңеши толугу менен жаңыланганын, мурда-кийин саясатта болбогон жаңы адамдар менен толукталганын жарыялаган. Алардын арасында өлкөдөгү ар кыл маселелерге так жарандык позициясын билдирип келген Руслан Акматбек, Айжан Чыныбаева, Жоомарт Жолдошев сыяктуу бир нече адам киргени белгилүү болгон. Эми акыркы окуяга «Бир Бол» партиясына жаңыдан мүчө болгон айрым жарандык активисттер менен ишкерлер кандай карайт деген суроо кызыгуу туудурууда.

Жарандык активист Руслан Акматбек акыркы жагдай партияда талкууланганын жана Сымбат Маратбек менен кызматташуу улантыла берерин айтты:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Ал адамдын түздөн-түз саясий процесске аралашуусу жөнүндө сөз жок. Ал аппаратта технократ катары эле кеңседеги иштер менен алектенет экен. Бирок бул адамдын моралдык жоопкерчилиги барбы деген маселе абдан маанилүү. Эгер ага келе турган болсок, Бакиев менен чогуу иштеп, жакын мамиледе болгондор деле азыркы чейин өлкөнүн жетекчилери болуп турушпайбы. Өзү кеткен менен командасы калбадыбы. Ушул нерсеге көңүл буруш керек».

Кыргызстанда 29 жылдык эгемен тарыхында бийлик эки ирет күч менен алмашылды. Алгач 2005-жылы бийликтен кулатылган Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Орусияда жашай тургандыгы айтылып келет. Акаевдин кызы Бермет Акаева атасы бийликтен кеткен соң парламенттин ишине аралашууга аракет кылып, бирок мандаттан ажыратылган.

Ал эми 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бийликтен кеткен Курманбек Бакиевдин балдары, бир туугандары да чет өлкөгө чыгып кеткен. Алар Беларуста, Британияда, Орусияда, Казакстанда жашап жатканы айтылып келет. Алардын өлкө ичиндеги саясатка ачык киришүү аракети байкалбаса да, четте иштеп жүргөн мигранттар арасында Бакиевдин атынан ар түркүн иш-чаралар уюштурулганы маалымат каражаттарында чагылдырылган болчу.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президенттер өлкөгө келсе укуктук баа берилерин билдирүүдө.

Ал эми бийликти тынч жол менен өткөрүп берип, кийин бир нече айып менен түрмөгө камалган төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары саясатка аралашып жүрөт. Атамбаевдин уулдары түзгөн «Социал-демократтар» аттуу партия күзүндө өтчү шайлоого катышарын жарыялады.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Жарандык активист Адил Турдукулов шайлоого катышууга мыйзам тыюу салбаган Сымбат Маратбектин саясатка аралашуусуна тыюу салууну аша чабуу деп эсептейт. Бирок активист шайлоо алдында партиялардын тизмелерине, ишмердигине коомдук көзөмөлдүн болуп, талкуулардын болушун оң көрүнүш катары сыпаттады:

«Расмий түрдө шайлоо өнөктүгү баштала электе эле коомчулук тарабынан партиялардын ишмердигине кызыгып, анын катарында кимдер бар экенин териштирүү жакшы көрүнүш. Бул партияларды да тизгиндеп, талапкер катары таза, билимдүү адамдарды алып келүүгө шарт түзөт деп ойлойм».

Укук коргоочу Эржан Сулайман эч ким ата-эненин же туугандардын жоругу үчүн жооп бербеши керек экенин айтат. Ал азыркы саясатчыларга бул окуя сабак болуп, урпактардын жашоосуна кедерги тийгизбеш үчүн калыс иштеши зарылдыгын белгилейт.

Укук коргоочу Эржан Сулайман менен маек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Буга чейин 44 саясий партия шайлоого катышкысы келерин билдирген.

Үгүт өнөктүгү расмий түрдө 3-сентябрда башталат. Бирок ага чейин партиялардын арасында бири-бирине карата компроматтарды чыгарып, ар кыл формадагы атаандаштыктын аракеттери байкалууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG