Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Такталган тизме, аттанган партиялар


Кыргызстандын туусу.
Кыргызстандын туусу.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, шайлоого катышарын билдирген партиялар 20дан ашты.

Шайлоого аттанган партиялар

Ошентип, 20-августта депутаттыкка талапкерлердин тизмеси көрсөтүлүп бүттү. Эми партиялардын өкүлдөрү 25-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) талапкерлердин тизмесин каттоого бериши керек. БШК 10 күндүн ичинде документтердин мыйзамга шайкештигин текшерип чыгат.

Башында парламенттик шайлоого 44 партия катышкысы келерин билдирген. Анын ичинен «Мекенчил», «Ата Мекен», «Кыргызстандын Жашылдар партиясы», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Адам-Демократ», «Актив», «Ордо», «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Биримдик», «Ыйман Нуру», «Нур», «Мекен ынтымагы», «Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Реформа» жана башка, БШКнын маалыматы боюнча баш-аягы 22 жыйын өткөрүлдү.

Ал эми «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы», «Демократ», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Эмгек», «Бирик», «Таза коом», «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы», «Ар-Намыс», «Бийлик элге», «Кыргызстан элинин биримдиги» партияларынын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартса, кээ бирлери башка партиялар менен бирикти. Ошондой эле «Жаратман эл» көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондун ачкан жок. Мыйзам боюнча ал да шайлоого катыша албайт.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова азыркы жагдай жыйындарын өткөрүп талапкерлердин тизмесин берген партиялардын баары тең шайлоого катышат дегенди билдирбей турганын айтып, аны мындайча түшүндүрдү:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Саясий партиялар 24-августка чейин беш миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүшү керек. Мыйзам боюнча эгерде партия бул каражатты бербесе шайлоого катыша албайт. Партиялар өз тизмесинде гендердик квотаны, жаштардын квотасын сактабаса алар да шайлоого бара алышпайт. Андан тышкары добуш берүү күнүнө чейин башка партиялар менен биригип кеткен партиялар да өз каалоосу менен шайлоодон четтетилиши мүмкүн. Дагы бир маанилүү жагдай - шайлоо күнүнө беш күн калганга чейин кайсы бир партия мыйзамды бузса Боршайком аны шайлоодон четтетип коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр ал мөөнөт жок. Партия же анын талапкери шайлоо мыйзамдарын бузса БШК партияны шайлоо күнү да, шайлоодон кийин да жарыштан чыгарып коё алат».

Кыргызстанда бул жолу парламенттик шайлоо дүйнөнү коронавирус пандемиясы тооруп турган өзгөчө шартта өткөнү турат. Бул илдетке байланыштуу партиялардын отурумдары саналуу гана адамдардын катышуусунда журналисттерди катыштырбастан жабык өттү. Адатта буга чейинки шайлоолордо жалпыга маалымдоо каражаттары жыйынга чакырылып, башынан аягына чейин чагылдырылчу.

Бул жолу партиялар отурумдарынын жыйынтыгы тууралуу видео, фото материалдарды Интернетке жайгаштырышты. Кээ бирлери анын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Партиялардын позициясы

Алдыда болчу шайлоонун дагы бир өзгөчүлүгү Кыргызстандагы саясий кырдаалга жана партиялардын өзүнө байланыштуу. Белгиленген мөөнөттө жыйын өткөрүп, тизмесин бекиткен партиялардын ичинен 10дон ашыгы буга чейин бир да парламенттик шайлоого катышкан эмес. Ал эми мурдагы шайлоодо эң көп добуш алган партиялардын айрымдары бул жарышка катышуудан баш тартса, кээ бири чачырап кетти.

Жогорку Кеңештеги алты фракциянын ичинен төрт партия шайлоого баратат. Алар - «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика». 2015-жылы шайлоодо биринчи болуп келип 38 мандат алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экиге бөлүнүп, шайлоого катышпай калды. Атамбаевдин балдары болсо «Социал-демократтар» партиясы менен шайлоого аттанды. Парламентте 13 мандаты бар «Өнүгүү-Прогресс» шайлоого катышуудан баш тартты.

Жергиликтүү саясат талдоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо негизги атаандаштык он чакты партиянын ортосунда болорун божомолдоп жатышат. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, саясий эксперт Эмилбек Жороев алдыдагы шайлоо тууралуу ой бөлүштү:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Шайлоого 40тан ашык партиянын баары тең барбай турганы башынан эле белгилүү болчу да. Бул шайлоодо азыр Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болуп отургандар менен саясатка жаңы келгендердин ортосунда атаандаштык болгону калды. Же бийликке ыктаган партиялар менен бийликке сын көз караштагы оппозициячыл партиялардын атаандаштыгы десек да болот. Мындай шартта партияларга кыйын болот. Себеби, оппозициячыл да, бийликчил да бир топ партиялар бар. Ошондуктан эл арасында бийликти колдогондордун да, бийликке сын айткандардын да добушу бөлүнөт. Андыктан шайлоонун алдында бийликти сындагандардын жүйөсү, мындан ары саясаты кандай болот - так аныкталышы керек. Ал эми бийликчилдер кандай жетишкендиктер бар экенин далилдеп бериши зарыл».

«Мекенчил», «Чоң Казат», «Ордо», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Ыйман Нуру», «Мекен ынтымагы», «Социал-демократтар» жана «Реформа» партиялары быйыл биринчи жолу парламенттик шайлоого катышып жатышат.

Коомчулукта булардын ичинен «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Замандаш», «Кыргызстан» партиялары азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары сыпатталып жатат. Муну буга чейин бийликти колдоп келген депутаттар жана айрым мамлекеттик кызматкерлер ушул партиялардан аттанып жатканынан да байкаса болот.

БШКнын мурдагы төрагасы, талдоочу Акылбек Сариев Кыргызстандын соңку тарыхында саясатта өз ордун алган партиялардын азыркы абалына баа берди:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Алдыңкы партиялардын эки-үчөө чачырап кеткендиктен шайлоого катыша албайт. Айрым партияларда каражат тартыш болгондуктан депутаттардын көбү башка партияларга кирип кетишти. Бул партиялык курулуштун жоктугун көрсөттү. Буга чейин жаңы шайланган парламентке мурдагы депутаттардын 30-40% келет деп айтылып жүрчү. Жарымы да келген учурлар бар. Бирок азыр коронавирустан улам абал өзгөрчүдөй болуп турат. Анткени эл мурдагы саясатчыларды көргүсү келбей калыптыр».

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан» бийликке оппозициялык маанайдагы партиялар экенин жарыялашты. «Бүтүн Кыргызстандан» шайлоого бараткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Жогорку Кеңеш жана бийликтин саясаты тууралуу мындай деди:

«Парламент өкмөткө оппозициялык маанайда болуш керек. Ошондо акыйкат орнойт. Мени кейиткени - жылдан-жылга парламенттин курамы начарлап баратат. Саясатчылар элдин мүдөөсүн аткарбай, шайлоодо добуш сатып алып криминалдык партиялык система болуп калды. Мына ушуга каршы күрөшүш керек. Көп партиялар «биз бийликчилбиз, бийликти коргойбуз» деп айтып жатышат. «Алга Кыргызстан» партиясы Аскар Акаевди коргой алган эмес. «Ак Жол» Курманбек Бакиевди, КСДП Алмазбек Атамбаевди коргой алган жок. Таза шайлоо өтпөгөндүктөн Кыргызстанда эки революция болду. Кээ бир партиялар «биз президенттен бата алганбыз» деп айтып жүрүшөт. Эч ким бирөөгө бата бербейт. Эл гана болушу керек».

Депутаттардын «миграциясы»

Бул жолу Жогорку Кеңешке шайлоого бараткан партиялардын көбү өз катарын жаштар менен толуктады. «Ата Мекенди» депутат Жанарбек Акаев, «Республика» партиясын Мирлан Жээнчороев, «Замандашты» Жеңишбек Молдокматов, «Ыйман Нуру» партиясын Нуржигит Кадырбеков сыяктуу 30-40 жаштын тегерегиндеги саясатчылар баштап баратат.

Партиялар азырынча депутаттыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн алгачкы 10, 20 адамдын гана тизмелерин берип, толук тизмени жарыялабай турушат.

Алардын айрымдарына токтолуп, алдыңкы талапкерди гана санасак. «Республика» партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев, өкмөттүн Оштогу мурдагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, «Өнүгүү Прогресс» фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу, Назарали Арипов алдыңкы тизмеде баратат.

«Реформадан» Клара Сооронкулова, Мирбек Маматкасымов, Урмат Жаңыбаев, Манас Саматов, Эсен Рысбеков көрсөтүлдү.

«Бүтүн Кыргызстанды» анын лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Катарында «Ак шумкар» партиясынын негиздөөчүсү, экс-премьер-министр Темир Сариев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бар.

«Биримдик» партиясынын IV курултайында делегаттар тизмени добуш берүү аркылуу аныкташканы кабарланды. Партиянын «Фейсбуктагы» баракчасында курултайдын жүрүшүнөн тартылган сүрөттөр жарыяланганы менен талапкерлердин тизмеси жарыяланган эмес.

Сүрөттөн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү Төрөбай Зулпукаров, Марат Аманкулов, Аида Касымалиева, Евгения Строкова, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов турганын көрүүгө болот. Тизмени дал ушул Жамангулов баштап барат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы курултайда талапкерлердин тизмеси такталып, жаштарга басым жасалганын кабарлаганы менен тизмеге кимдер киргенин азырынча ачыкка чыгарган жок.

Партиянын «Фейсбуктагы» баракчасындагы сүрөттөрдөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жапаров, Гүлкан Молдобекова, Бактыбек Райымкулов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков, «Бирик» партиясынын жетекчиси Кылыч Исамамбетов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канатбек Аманкулов, эмгек сиңирген артист Бек Борбиев, ырчы, маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов жана башка бир нече таанымал адамдар жыйынга катышканын көрүүгө болот. Партияны Мирлан Бакиров жетектеп барат.

«Социал-демократтар» партиясы жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмеси аныкталганы кабарланды. Алардын катарында Сейитбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, депутат Ирина Карамушкина, Нурбек Касымбеков бар.

«Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоо алдындагы кезектеги жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Баштапкы он орунга депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Нурбек Алимбеков, Руслан Чойбеков, Дастанбек Жумабеков, Данияр Төлөнөв сыяктуу депутаттар чыкканын көрүүгө болот.

«Ата Мекен» партиясынын алдыңкы катарында депутаттар Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиева, ишкер Тилек Токтогазиев, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар.

«Бир Болду» мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектеп барат. Андан кийинки орунда Жоомарт Жолдошев, Фарходбек Алимжанов, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев турат.

Биз тизмеси тууралуу ачык маалымат тараткан жана жыйыны жөнүндө кабар берген партиялардын тизмелерин жаздык. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алар тууралуу мындай пикирин айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«"Жаштарды алып келебиз" деген болбогон эле ураанды айтып жатышат. Жаштарды бирөө саясаттан четтетип жаткан жери жок да. Болгону аларды колдонушууда. «Бийликти жаштарга бериш керек» деген система да жок. Ал бара-бара өзү ишке ашат. Эми ошол жаштарды карагыла. Жөнөкөй жаштар жок. Бирөөнүн баласы, дагы бирөөнүн кызы, жээни болуп эле саясатчылар жакындарын саясатка түртүп жатышат. Себеби, бизнесин коргоочу адам, саясий колдоо керек. «Элди жыргатабыз» деген ураандар айтыла берет. Бирок ал 30 жылдан бери ишке ашкан эмес».

Талапкерлердин арасынан VI чакырылыштын депутаттары көзгө илинет. Ушул тапта депутат болуп тургандар кийинки шайлоого «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Замандаш» партиялары менен баратат. КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн көбү «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына кошулду.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG