Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

«Чоңдорду» тизмеге кошкон партиялар


Кыргызстандагы шайлоолордон бир көрүнүш. Архивдик сүрөт. Иллюстрация.
Кыргызстандагы шайлоолордон бир көрүнүш. Архивдик сүрөт. Иллюстрация.

Саясий партиялардын алдыңкы тизмесинде бир катар мамлекеттик жетекчилер парламенттик шайлоого аттанды.

Алардын арасында министрлер, элчилер, милиция башчылары, кызмат жана штаб жетекчилери жарышка түшкөнү кабарланды. Муну айрымдар административдик ресурсту колдонуу катары баалашса, башкалары алардын жарыштан кийин кайра кызматта калуу максаты менен байланыштырууда.

Министр, элчи жана жетекчи талапкерлер

Сөзүбүз алгач «Биримдик» партиясынан башталсын. Бул партия жаңы эле алгачкы он алты адамдын тизмесин жарыялады. Бирок анын курултайында жарыяланган сүрөттөргө ылайык алдыңкы катарга бир нече депутат киргени байкалат.

«Биримдик» партиясынын курултайы. Алдыңкы катарда Улукбек Кочкоров жана Акылбек Жамангулов. 19-август, 2020-жыл.
«Биримдик» партиясынын курултайы. Алдыңкы катарда Улукбек Кочкоров жана Акылбек Жамангулов. 19-август, 2020-жыл.

Алардын ичинде эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду жана «Альфа Телеком» («Мегаком») мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду көрүүгө болот. Улукбек Кочкоров «Фейсбук» баракчасына «Биримдик» партиясы менен баратканын жазды.

«Биримдик» партиясынын алдыңкы тизмесинде баратканын «Альфа Телекомдун» («МегаКом») башчысы Акылбек Жамангулов «Азаттыкка» ырастап, ишин убактылуу тапшырганын билдирди. Расмий кабарлангандай, мекемени анын орун басары, экс-министр Абдылда Суранчиев башкарып турмакчы.

«Биз негизи мамлекеттик кызматкер болуп саналбайбыз. Бирок мамлекетке караштуу акционердик коомдо иштегенден кийин мыйзам талабына ылайык жумуштан убактылуу четтеп турушубуз керек. Ошого байланыштуу бүгүнтөн тартып иштен убактылуу четтедим, ал боюнча чечим чыкты. Менин орун басарым «Мегаком» компаниясынын жетекчисинин милдетин аткарып турат. Компанияда жумуш буга чейин кандай жүрсө, ошондой эле ыргакта улана берет. Шайлоонун жыйынтыгына карап, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине ылайык же кызматтан кетүү боюнча, же депутаттыкка баруу боюнча чечим кабыл алам», - деди Акылбек Жамангулов.

«Биримдиктин» катарында Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев, Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев жана Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев да бара турганы сөз болду. Аталган мекемелердин басма сөз кызматтары бул маалыматтарды ырастаган жок.

Сыягы мунун чын-төгүнүн расмий тизме жарыялангандан кийин гана биле алчудайбыз. Эскерте кетчү жагдай - мыйзам боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери шайлоого барса, убактылуу четтебей, кызматтан биротоло кетиши керек болот.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канатбек Аманкулов, ырчы, Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов баратат. Алардын кайсы орундарда экени азырынча белгисиз жана тизме жарыялангандан кийин белгилүү болчудай.

Булардын ичинен Ибрагим Жунусов өз чечими тууралуу түшүндүрмө берип, эгер Жогорку Кеңешке өтсө элчилик кызматты тапшырарын айтты:

Ибрагим Жунусов.
Ибрагим Жунусов.

«Мыйзамга ылайык, менде кызматты убактылуу тапшырып турганга укугум бар экен. Ошондуктан министрге арыз жазып, иштен четтеп турдум. Мен элчилик кызматка өткөндөн бери, акыркы он жылча убакыт саясатта болгон жокмун. Ушул убакытта социалдык тармактарда менин дарегиме карата, анын ичинде Каркыра жөнүндө, энергетика боюнча сөздөрүмө байланыштуу пикирлерди окуп калам. Ошонун ичинде сындагандар да бар. «Эмнеге парламентке келбейсиң?» деген да ойлорду окуп калам. Анан мага үч-төрт партиядан сунуш түшкөн эле, мен «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадым. Элчилик кызмат - жакшы кызмат, бирок мен күч барда саясатка аралашайын, колумдан келишинче элге кызмат кылайын деген ойдо баратам».

«Кыргызстан» партиясы менен «Учкун» мамлекеттик ишканасынын башчысы Дайыр Кенекеев жана Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмаз Сабырбеков аттанганы жарыяланды. Ушул эле партия менен айыл чарба министри Эркинбек Чодуев да барары кабарланган, ал өзү муну «Азаттыкка» төгүндөдү.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Мелис Турганбаев «Замандаш» партиясынан шайлоого баратат.

«Ыйман Нуру» партиясынын курултайында партияны маданият, маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков шайлоого баштап барары белгилүү болду.

«Мамкызматтардын ресурсун пайдалануу аракети»

Арийне, мурдараак «Биримдик» партиясынын Оштогу бөлүмүндө Ош мэриясынын кызматкерлери, шаардык муниципалдык мекемелердин жетекчилери жүргөнү эки жолу ачыкка чыккан. Биринчисинде, жазда жылып кеткен шаардык шайлоонун алдында, экинчиси аз күн мурда, ушул парламенттик шайлоого байланыштуу партиянын кеңсесинде жүрүшкөнүн жергиликтүү журналисттер видеого тартып чыгарышкан.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого барышына мыйзам жол бере турганын, бирок алардын баары кызматынан убактылуу четтеши керек экенин эске салды:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Негизи «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда «талапкердин статусу» деген берене бар. Ошол беренеге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген кызматкер жыйында талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдетин токтото турушу керек. Иш берүүчүнүн жетекчисине арыз менен кайрылышы керек жана ал чечим чыгышы керек. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланганга чейин анын эмгек акысы сакталган абалда туруп турууга укуктуу».

Ошол эле кезде мамкызматтардын жетекчилеринин кайсы бир партиялар менен шайлоого баратканы коомчулукта түрдүүчө бааланууда. Айрымдар муну алар шайлоодон кийин кызматта калгысы келип жатканы менен байланыштырышат. Алардын пикиринде, партиялар мында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин добушун алып, аларды иштетүүнү көздөшөт.

Активист Афтандил Жоробеков сөз болуп жаткан саясатчылар менен партиялардын алака-катышын алардын өз ара кызыкчылыгы менен чечмеледи:

Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

«Биринчиден, «биздин каармандар» ошол мамлекеттик кызматтарда туруп атын чыгарышты, ошону пайдаланып элге пиар кылышты, анан кайра ошол аброюн колдонуп, шайлоого баратышат. Ошол эле «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов компаниянын атынан кийинки убакта бир топ иш-чараларды уюштуруп, ар кимге жардам берип, Ошто Сулайман-Тоого суу чыгарып жүргөн. Башкача айтканда, ал кызматта туруп пиар жасаган экен. Экинчиден, бул элчи, министр жана башка кызматтардын жетекчилери эртең шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзүлсө, кызматтан шыпырылып каларын түшүнүп жатышат. Ошондуктан бир партияны кучактап же депутат болуп, же кайра ошол кызматын сактап калууну көздөп жатышат. Ал эми партиялар аларды эмнеге кошту? Анткени министрликтерде, кызматтарда же кайсы бир органдарда аймактык бөлүмдөр бар, чоң жамааттар бар. Алар же ошол жамаатын шайлоого тымызын иштетишет же көптөп добуш бердиртет. Мындай практика мурдагы шайлоолордо көп эле колдонулуп келген».

Башка мамкызматкерлер, айталы «Республика» партиясынан бараткан талапкерлер Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматын, Максат Дамир уулу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору кызматын тапшырып берген.

Партиялардын узун тизмеси жарыялангандан кийин шайлоого бараткан башка да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аты-жөнү ачыкка чыгышы мүмкүн.

Шайлоого партиялар чачыранды болуп баратат
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:43 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG